KgAltynai
- Кыймылы жок
- 8 (0 )
- Мен кыргызмын! (4 )
- 13 Октябрь 16
- 8 959
15 Мар 2020 11:21
- Момун
- 27
- 8, 1998
- Кызыгуусу:
- Стол теннисин ойноо,бош убактымда жакын курбуларым менен маектешем
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Кыргызстан
-
Түз эфирде Асел Кадырбекова!
24 Май 2017
Саламатсызбы Асель эже. Сиз Оштонмун дедиңиз ал жакта келиндер эшик шыпырышат эмеспи? Нурлан акебизге Токтогулга келин болуп келсеңиз эшик шыпырууну унутасызбы же күнүгө шыпырмайды адат кыласызбы? Анан дагы Асель эже уй сааганды билесизби? Анткени Токтогулда өзүбүз уй саап сүт ичебиз -
Акыркы жолу качан жана эмнеге күлдүңүз?!
25 Фев 2017
Сюрприз кыргыз киносун көрүп отуруп Эмильдин: отуруп кетемби же туруп кетет бекем? деген сөзүнө аябай күлдүм, көп күлдүм ушуга,каткырайын дедим жанымдагылардан уялып ичимден эзилдим... -
Мен кыргызмын! Сенчи?
10 Фев 2017
Туура бардык нерсе болот, баары Аллахтын буйругу менен,эч ким тана албайт, бирок мен кырсыктын келип чыгыш себебин талкуулайын деген оюм жок, ошол кырсыктан жабыркагандарга жалпы элден чогулган каражат алардын колуна жардам болуп түз тийеби ошону ойлонуп жатам урматтуу always-here! -
Мен кыргызмын! Сенчи?
10 Фев 2017
Төшөктө кантип тынч уктап жатасың кыргыз элим, силердин ичиңер ачышпай жатабы, ичиңер өрттөнүп кыйналган жоксуңарбы? А мен кыйналып ичим өрттөнүп күйүп жатам,ушул жылдын 16-январь күнү болуп өткөн авикырсыктан жабыркагандарга эмне үчүн толук кандуу жардам берилбей жатат,жалаң кыргыз эмес, мен адаммын деген жүрөгү таза инсандар жардам көрсөтүшүүдө, кырсыктан бери 2 жумадан өтүп калды, ар жума сайын жабыркагандарга чогулган акча мынча миллион сомду түздү,анчаны түздү деп кабарлап жатышат, ким көзөмөлдөп жатат ошол каражатты,эмне үчүн алигиче ошол чогулган каражатты жабырлануучуларга адилеттик менен бөлүштүрүп бербей жатышат?! Ал акчаны мамлекет бюджетинен бөлүп жардам берейин деген жери жок го,жүрөгү кыргыз деп соккон патриот, адамдык сапаттары бийик,тарбия көргөн кыргыз эли чогултуп жатат го?! Акыркы маалыматтарга караганда 74млн 379 миң сом каражат элден чогулуптур, муну өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзү маалымдап жатат. Бир үй-бүлөдө 5 эмес 1 адамды жоготконубузда кандай өксүп аза тартабыз,ал эми бул кырсыктан жабыркагандардын акыбалы кандай болду экен? Элибиз жардам кылып жатат, бизге кайдигер карабай каражат топтоп жатышат деп кандай гана үмүттөр менен отурушат азыркы убакта,көздөрүнөн балдарынын элеси кетпей кан жутуп, Эй кыргызым, бул иш аягына чыгабы? Жабыркагандарга чогулган акча адилеттүүлүк менен колдоруна тийип жардамы тийеби? Аягы кандай бүтөрү ар бириңерди кызыктырабы? Анткени,алардын ордунда биз да болуп калышыбыз мүмкүн эле. Ар бир адамдын башына кыйынчылык түшкөндө ар бирибиз инсандык милдетибизди аткарышыбыз керек. -
Мен кыргызмын! Сенчи?
10 Фев 2017
Мен улутумду сыйлайм, сыйлаганга укугум бар.
KgAltynai

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
KgAltynai