azigulbu70
-
Өмүрүмдөгү эң трагедиялуу сүйүүм.
6 Янв 2017
Экөөнү тең сүйүп калып, кайсынысы эң трагедиялуу экенин билбей аткан го -
Мени сүйгөн инсан
3 Янв 2017
Бир байке менен көптөн бери тааныш болчумун. Ватсаптан ал-акыбалды сурап жазып калчу, мен да жазчумун. Ошентип күндө ден соолук сурашмай адат болуп калды. Бир жолу бирдигим жок сайтка кирбей калсам чалат:не жоксун, күто берип чарчадым, сарсанаа кылбай айтып койбойсуңбу деп. Өзүмчө кудуңдап сүйүнүп алгам, анткени, жактырып калган элем. Арадан көп убакыт өттү, жакшы көрөөрүмдү билдирген жокмун, намысым жол бербеди да. Анда-санда айтып калчу: жок дегенде 5жыл кеч төрөлүп калсам сени менен сүйлөшмөкмүн- деп. Өзү үйлөнө элек болчу. Бир күнү жоголуп кетти, сайттан чыкпаган жаны ал жакта да жок, чалган жокмун кирип калаар деген ой менен. 1күн оттү, 2,3 күн өттү. 4-күнү чалдым, кайда жүрөсүз сарысанаа кылып десем балдар менен шашлыкта деп койду. Кийин өзү айтты, көрсө мени сынамакка кирбей жүрүптүр, ошондон баштап мамилебиз жакшы болуп кетти. Ал окууңду бүткүчө күтөйүн деди, эсептесем 30га чыгып кетет экен, болбойт үйлөнө бериңиз деп коюп эле мурдагыдай сүйлөшүп жүрө бериптирмин. 5 6 ай өткөндөн кийин мен сени күтүп жүрөм 1жарым жыл чыдасам ала качып кетем дейт. Окуурумду айтып кечирим сурадым да мындан кийин сүйлөшпөй коюшубуз керек экенин айттым. Андан кийин үйлондү деп уктум. Бактылуу бол менин махабатым, сенден артык сүйүптүрмүн өзүңдү, азыр сага окшош адамды издей берем
azigulbu70

Супер-Инфо
super.kg
видео



27 Окт 2019 11:13
Мобилдүү версия
azigulbu70