matilla
-
Кайын журттун канткенде тилин табам?
17 Фев 2017
Кыскасы байдын кызына үйлөнгөм, аялым мени сүйүп тийген, аялым атасы бай болсо да жөнөкөй, көптөнгөн каршылыка карабай үйлөнгөнбүз бирок, азыркыга чейин мени кайын атам менен кайын энем кечирбей келет, баш кошконубузга алты жыл болсо да. Теңибиз эмессинер деп сөздөру эле ошол. Мен канча аракет кылбайын тил табышууга, майнап чыга элек . эмне деген гана какшыктарды, сөздөрдү угуп келем алардан, бирок чыдап жүрөм аялым, уул кыздарым үчүн. Мен ойлогом убакыт менен баары ордуна түшөт деп, бирок ал ойдон кайта баштадым. Аялыма да кыйын болду ортодо, ата энесинин сөздөрү үчүн дайым кечирип өзүн менин алдымда күнөөкөр сезип. мен сенде күнөо жөк десем да сурай берет. Акыркы мезгилдери өзүм да тажап кеттим алардын мамилесинен. Той топур маарекелеринде тик туруп кызмат кылам, башка бажаларымды кызмат кылдырбайт, менден кичүулөрүн да, баарын мага жасатат. башым катты.

Супер-Инфо
super.kg
видео



25 Дек 2020 11:14

Мобилдүү версия
matilla