Суперстан: Aza79mat - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Aza79mat Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Aza79mat фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
7 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Адабият жана поэзия (7 билдирүүлөр)
Катталган:
03 Январь 17
Кароолор:
6 030
Соңку аракети
Пользователь офлайн 20 Авг 2017 00:33
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
45 жашта
Туулган күнү:
Декабрь 18, 1979
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Апрелде окко учкан досума кат

    Жазылган күн: 11 Апр 2017

    Жол четинде өскөн гүлдү үзбөсөк,
    Жыгылганды колдон тартып түздөсөк.
    Чатак куубай, улуу-кичүү сыйлашып,
    Чырдан качып, ынтымакты издесек.

    Адашканды салган болсок оң жолго,
    Акча тапсак чачпай жүрсөк оң-солго.
    Ар бир ишти закүн менен бүтүрсөк,
    Пара бербей, бара берип чоңдорго.

    Оозу менен орок орбой бет келди,
    Чоңдор билсе шыр маселе чечкенди.
    Саясаттын сормосунан суурулуп,
    Койчу койду, дыйкан билсе кетменди.

    Көчө таптап, чылым чегип түтөтпөй,
    Кары-жашың боло бербей пикеткөй.
    Жалган менен ушак кууган өнөрсүз,
    Жаңы муун өсүп чыкса китепкөй.

    Таштанды жок, таза болсо көчөбүз,
    Талашпастан ынак болсок экөөбүз.
    Тилде эмес, дилде сүйсөк өлкөнү,
    Ана шондо өнүгөбүз, өсөбүз.

    АЗАМАТ ТОКОРОВ
  2. Темасы: Апрелде окко учкан досума кат

    Жазылган күн: 10 Апр 2017

    Ал менин эле эмес, баарыбыздын досубуз. Бул ырда мен айылдан шаарга барган, кыйынчылык турмуш көрүп, турмуштун оор запкысын тартып жүргөндө "апрель революциясы" болуп калып, ал жерге жакшы тилек, асыл үмүт менен барып окко учкан айылдык карапайым кыргыздын образын бергени аракет кылдым.
  3. Темасы: Апрелде окко учкан досума кат

    Жазылган күн: 9 Апр 2017

    Рахмат!
  4. Темасы: Ырларымда бирде ыйлап, бирде күлөм

    Жазылган күн: 8 Апр 2017

    АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
    Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
    окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
    Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
    "Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"

    Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
    Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
    Баса, сага эсим барда айтайын,
    Бакиевден башка азыр ажобуз.

    Свет кымбат, бензин баасы асманда,
    Азыр бийлик элге жаман кастан да.
    "Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
    Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.

    Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
    Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
    Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
    Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.

    Ошол эле сын айтканды камамай,
    Ошол эле журналистти сабамай.
    Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
    Ошол эле коррупция, таламай.

    Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
    Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
    Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
    Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп

    Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
    Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
    Кремлдин көзүн карап калганбыз,
    Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

    Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
    Жататтырсың түшүналбай сен деле?
    Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
    Апрелде өлдүң эле сен неге?

    Алмашпаган өзүң көргөн система,
    Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

    Азамат Токоров
    7-апрель. 2017-жыл. Москва.

Достору

  • Фотография
    azalove  
  • Фотография
    Angel92  
  • Фотография
    asi_93a  

Комментарийлер

Aza79mat ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 13:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: