Aza79mat
- Кыймылы жок
- 7 (0 )
- Адабият жана поэзия (7 )
- 03 Январь 17
- 6 392
20 Авг 2017 00:33
- Момун
- 46
- 18, 1979
- Жынысы:
-
-
Апрелде окко учкан досума кат
8 Апр 2017
АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге
окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
"Өзгөрбөптүр. .. Өлдүм эле эмнеге?"
Ооба, досум, ба-а-ягыдыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.
Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
"Камбар-Ата- 2" калган курулбай,
Байлап кеткен "Бакиевдер" качканда.
Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар "Ак жол" менен бир өскөн.
Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.
Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн "Кудайлаган" каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде "Апрелдик Баатыр" көп
Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган "Багыт" дагы, "Добуш" да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.
Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?
Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.
Азамат Токоров
714EE914-8AE5-48F9-BFE8-9F30DEA5EAAD_mw800.jpg (76,15kb)
: 2949F30DEA5EAAD_mw800.jpg]
7-апрель. 2017-жыл. Москва.

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
Aza79mat