R_u_S
- Кыймылы жок
- 140 (0,04 )
- Спорт (52 )
- 09 Январь 17
- 18 161
24 Май 2025 00:40
- Карапайым
- 28
- 1, 1998
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Ордолуу Ош шаары
-
Табышмактуу өмүр.
18 Апр 2017
Карлыгач, Аселдин жалгыз кызы, куйөөсү өлгөндө курсакта калган, кичинекейинен эле. Кызынын табышмактуу дуйнө менен байланышканын эне билген жок. Кызыгы беш жашка чыккандан кийин байкала баштады. Тиричилик менен алпурушуп журуп ойноп журген кызын унутуп калган экен. Издеп, ары жугуруп, бери жугуруп таппай, кайра уйуна кирсе, кызы башына жоолук салынып алган экен. Асел, суйунгөнунөн кызын кучактап, ыйлап ийди. Эч нерсе дагы сураган жок, өпкулөгөн боюнча, отуруп калды. Жалгыз бойчулуктун жугун көтөруп, өзү дагы кыйналып жургөн, жалгыз агасы дагы өлуп калган. Балдары менен байкеснннн аялы өз оокаттары менен алек. Эжеси Данагул менен синдиси Гулнара дагы өз - езүнчө, уй -булөсу менен. Асел өзү отузга жаңы чыгып, болуп - толуп турганы менен, сөз салган жигиттерге кылчайып карабады, куйөөсун катуу суйгөн эле. Кызын жетелеп алып, мектепте пол жууйт. Кечинде уйунө келгенде, өзү менен өзү сүйлөшүп, ойлуу телмирет: "Аске, мени менен тубөлүк бирге болом дегениң кана, кызыбызды жалгыз өстүрүп жатам. Какенибиз али жаш, турмуштун ысык -суугун, ачуу -таттуусун тушунө элек. Сенин ордуна башка бирөөнун болушун каалабайм. Какенди, кагып - силкип коёбу деп корком,”- деп куйөөсүнүн сурөтүн колуна алып карап отуруп, ыйлап жатканда, жеңеси Айжан келип калды.
- Сен, дагы эле эринди эстеп отурасьщбы?
- Эмне кылам анан, сиз акемди унутуп койдуңузбу?
-Унутмак кайда, бирок жашоо етуп жатпайбы, инилерин чоңойду алардын келечегин ойлонуш керек. А сен болсо али жашсын, бир Асанбекти ойлонуп журө берет белең, жаңы жашоо улантышың керек

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
R_u_S