os_ai Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 23 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (22 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Январь 17
- Кароолор:
- 6 852
- Соңку аракети
21 Сен 2020 23:29
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Март 7
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жылдар жылга алмашып...
Жазылган күн: 3 Янв 2019
Ошол эле куну кечинде,кечээки номер менен Нурдин чалды. Бул ирет озумду кармап,токтоо жооп бергенге аракет кылдым:
-Салам,Айдай! Кандайсын?
-Жакшы рахмат,озунуз?
-Жакшы. Ден-соолугун жакшыбы?
-Шугур...
-Жанаа жоголгон журогунду,кайрып берейин деп
-Аа,мен журогумду сизге бердим беле?
-... а мен бербесен да,алып алдым!
-да,ну...
Андан кийин кадимки эле таанышуулар- суроо,жооп... Суроо берет,жооп берем,тилим буулуп калгандай,ага арналган суроо жок. Бир аздан кийин бейпил тун тилеп,очурду.
Мени ошол убактарда Бека кызыктырып баштаган. Анда эмне,экообуз кадимкидей жакын тааныштардай болуп баштаганбыз. Ал менен баары кызыктуу сезилчу. Анын жан дуйносу дайыма тынчтыкта окум сургондой сезилчу,ал менен мен шаарга болгон "ботондукту" оной женип кетчуумун. 2,3 кундун биринде,мындайча айтканда шаардын ар кычыгын "изилдейбиз, коробуз". Бека менен коп создор болгон учун,кундолукко баса белгилеп,диалог деле коп жазбаптырмын. Бирок,ар дайым 1-курсту эстегенде,Бека дайыма коз алдыма тартылат,ошол жагымдуу кудкусу жана сейрек кездешуучу, жылдыздуу "уячасы" менен. -
Темасы: Жылдар жылга алмашып...
Жазылган күн: 3 Янв 2019
Бир нерсени кутсон,ал ошончолук кечигет же жузого ашпай калат... Же менде эле ушундайбы?! Тойдогу "принцтен" толук бир неделя дайын болгон жок. 6-куну айылга кетип,воскресенье кайра шаарга келип калчуумун. Шаарга келип,тамактанып, сабак караганы отурсам,телефонго чакыруу келип калды,белгисиз номер экен. Конулум жайдары болсо керек эле...
-Алло
-Алло,Айдай сенсинби?
-Аа,жоок сиз номерден адашып калдыныз! -дедим да,очуруп койдум. Бул маанайым жакшы болгондогу, "кылыктарымын" бири болчу. Тойдогу баланы унутуп калыптырмын. Телефонду койгондо гана,мээме "кылт" дей тушту,ошол болсочу?! "Сенин мээн иштебейт озу",-деп суйлонуп атып,кайра чалып жиберейин деп,карманып калдым. Же ал кайра озу билип чалган жок(. Сабак карап жатып,улам улам телефонду карай берип,тажап кеттим да,сабактарымы салыштырып, жатып алдым.
Эрте менен дайымкы корунуш,подъезден чыга бергенде,кошуналардын унаалары ар бир домдо тизилип калат эмеспи. Мен да адаттагыдай маани бербей,кетип бара жаткам. Бир маалда,алдынан отуп бара жаткан машина сигнал берип жиберсе,селт дей бир чочудум да,жиним мурдумун учуна келе тушту. Тойдогу баланын аты-Нурдин болчу. Сигнал берген ошол экен. Жай гана жайдары,жузундо кулкусу менен:
-Кандайсын Айдай?
-..сопсоонунмун! Сен эмне жиндисинби, жүрогум тушуп калды! Ой,чакырсан деле укмакмын!
-Кечирип койчу,карасам шашылып бара жатасын,мен да шашылып кетип,сигнал берип ийип...
-Ии,ооба,кечигип жатам,жакшы калыныз!(сенсиреп суйлоп алып,сиз деп суйлоп койгонума,кулкум келсе да,озумду урушуп бараттым).
Бека менен кобунчо бир отуруп калдык.Кобунчо сабактарды суйлойбуз.Байкасам, ал мыкты окуйт экен,сабактан тушунбой калган жерлерди ал тушундуруп коет. -
Темасы: Жылдар жылга алмашып...
Жазылган күн: 3 Янв 2019
"Бугун кундогудой, эрте туруп,сабакка жонодум. Эжеме(атакемдин синдиси) 2-кыз болуп алдым да,кайдан озум билип эрте турмак элем. Эжем ойготот,мен даяр болгуча кызына кошуп,мага да чай даярдайт,кыйраткансып, башымы жерге салган бойдон жейм да сабакка жономой. Негизи,эрте менен тамактанбай журуп уйронуп калсам керек,эжем "же эле же" деп конуп бара жаткандаймын. Эжем абдан жакшы адам",-дептирмин.
Жаны чойродо,баары эле жалгыз,томсоруп журушту каалабаса керек,андыктан дос табышка аракет кылат эмеспизби. Кыздар,балдар бири бирибизге соз айтышып,кененирээк суйлошконго аракет кылуудабыз. Менин ушул убакка чейин бир да,"эркек бала" досум жок болгон учун,"досум болсо" деген каалоом жок эмес болчу. Коктон издегеним жерден табылдыбы,айтоор, группалашым менен дос болдум. Албетте,баары тез эмес. Алгач,сабактан чыгып бир аз шаар аралай жоо бастык,(мен да,ал да шаарды жакшы билчу эмеспиз). Менин жападан жалгыз бала досум-Бека болду... Эжемдин кызы 1-класс,а мен 1-курс. Сабактан чыгып,кээде синдимди мектептен алганы барчуумун. Анын аты-Сезимай. Ал да,мен да ага тез эле конуп,бир тууган эже-синдидей болуп кеттик. Бека менен биринчи сейилдоодо, Сезимайды мектептен алганы бардык. Сезимай шаарда оскон,анча мынча нерсеге тез эле акылы жетип,андап биле алган кыз болчу. Биз барганда бизге жугуруп келе калып,"сиз жездем болосузбу?" дей койбоспу). Эми эле тааныштырайын деп соз камдап келе жаткам,созум оозуман тушуп туруп калдым. Бека,тамашакой болчу. Жообу:"ооба, мен жезден болом,сени кыз кылып алып кетип калсак кандай дейсин?",- деди. Сезимайдын ою менен болуп,паркка барып,ойноп чыктык. Ал атрокциондорго тушот,а биз коруучубуз. Уйго кайтаарда,биз озубуз жетип алабыз деп,маршрут менен кетип калдык(кеч кирип бара жаткан). А уйго келгенде,эжеме Сезимка баарын,токпой, чачпай айтып берип,эжем да Бека менен тааныш болуп калды). Ватсаптан Бека менен жазышабыз,эртеси сабактан корушобуз. -
Темасы: Жылдар жылга алмашып...
Жазылган күн: 3 Янв 2019
Мен ошол алгачкы тойдо сени менен таанышкам. Анча мынча нерсени корбогонумобу, сени бир топ жашка улуу окшойт деп ойлогонмун. Боюн узун,жоон билек,"жигиттин кара тоорусу-кыздардын журок оорусу"-болчуусун оюмда.Бир машинада кетсек да,таанышканыбыз эле болбосо,дээрлик мага,досума(дайыма загска 2 кыздан,болунуп чыкчуубуз) маани деле бербедин,сурабадын, каада тутуп. Ошондо бизге да жакпай кеттин корунот,досум экообуз окшошуп алып,ширин уйкугу кеттик. Качан гана ресторанга келгенде,боюбузду туздой,сыр бербей,кирип кеттик. Той жакшы уланып жатты,баары жайдары,кезек вальс бийине келди. Андайда кыздар отурганга шашылышат го демейде,мен да бурулуп бара жатсам,колумдан бироо кармап калды. Ал сен элен. Дене боюмду майда калтырак баса баштады. Вальстын сыйкыр кучун мен ошондо байкагам. Сени менен бийлеп жатып,журогундун кагышына чейин сезилип кеткени(же ошентип туюлганбы),дем алганын,озгочо "Дима Билан" менен таанышкам. Айрыкча,мен жыпар жыттарга жакынмын. Кайсы бир духини,кимдир бироодон жыттап калсам,ошол мезгил,ошол адам эсиме тартыла тушот. Колум колунда туруп,эн алгачкы жакындыктын издерин сездим... Бизди бир эле бий жакындаштырып салат деп ким ойлоптур,дээрлик тойдун бийлери экообуздуку болду. Той бутуп,досум экообузду уйлорубузго жеткирип коймой болдун. Табиятыман тартынчаакмын, а конгон адамга кылган мамилем ал эми башка маселе болчу. Биринчи кезекте досумду жеткирдик,анан менин уйумо келип токтодук. Рахмат айта тушуп бара жатсам,токтото номерими сурадын,мен да кутуп тургандай сразу айта салып басып кеттим. Коштоштумбу жокпу аны деле эстей албайм.Бир билгеним,мен суйунуч,толкундоолор, башкача сезимдер менен уйго кирип бара жаттым,ошондо эле сени жактырып калсам керек эле,так айта албайм... -
Темасы: Жылдар жылга алмашып...
Жазылган күн: 3 Янв 2019
Саргайган жалбыракка окшоттум озумду.Жок,жоок менде Аллахка шугур,баары жакшы. Тек гана,барга канат,жокко сабыр-бактылуулуктун бир сыры эмеспи.Мен ошол "шугур,сабыр" деген бакыттын бир бутагын ар дайым суйчуумун... Ошол нерсени сага келгенде да колдондум,туура эмес убакытта керегинен ашыкча колдонуп алган окшобоймбу корсо...
Эрке остум. Адамдын катачылыгы, мунозу озуно билинбейт дешет. Ошол сынары,эрке чонойгонумду азыр гана сезип отурам. Картайып деле калган жокмун,бирок "кундолук" деген нерсе,балкытып баарын айтып турбайбы?! Жаш балача кылык жооруктарыма аргасыз жузумо жылмаю тартылат) Анан эмесечи,бир уй-булонун жалгыз эрке кызы,кокурок кучугу,эне суту оозунан кете элек,мен-А... . Жаныдан мектепти бутуп,студенттик мезгилге бут шилтеген кез. Эрке болгонум,ушудан билиниз,мени жалгыз эч ким озубуздун эле районубузга же базарга,бир иш менен жиберишпептир, деги жол кире канча турушун да билчу эмесмин. Ушундай кызды шаарга жиберип жаткан ата-энем,шарт эле мени шаардагы тууганынкына жайгаштырып коюшту да,конулдору тынчый,айылга жоношту.
Сентябрь айы озунчо эле майрам-кайда караба студент жаштар. Универдеги жашоо-озунчо дуйно. Группа,жаны адамдар,жаны таанышуулар. Ошол менен бирге кээ бир адамдарда,чон жашоого аттануулар. Тагыраагы,уй було куруу. Классыбызда жакшынакай, он келбеттуу,узун бойлуу,озуно тыкан кыз боло турган. Чынын айтсам,кыз болуп туруп,ага суктанчуумун, бир нерсе болуп,карама- каршы отуруп калсак,козумду андан ала албай калчуумун тим эле)) Коздуу мончок жерде калбайт дегендей," менин татынашкам" эрте эле "менчиктелип" калыныптыр. Тойго жонодук. Биринчи жолку той болчу,кеми менен 1 айча даярдандык корунот,кыздардын кадимки эле "проблеммасы" ,ким эмне кийет,кайсы салонго барат,деги койчу,кимге эле тааныш болбосун). Той куну да келди,менде толкундоолор озгочо. Менин тойум болгондо эмне болмок экем деп,ойлонгонум азыр да эсимде)).
Комментарийлер
os_ai ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?