Суперстан: Diaza - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Diaza Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Diaza фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
21 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (6 билдирүүлөр)
Катталган:
23 Январь 17
Кароолор:
9 059
Соңку аракети
Пользователь офлайн 17 Июн 2019 06:47
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
37 жашта
Туулган күнү:
Январь 5, 1988
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Жыландын сүйүүсү

    Жазылган күн: 6 Янв 2019

    Просмотр сообщения bema_bema (04 Январь 2019 - 19:38) жазган:

    6
    Жыландын сүйүүсү
    (жомок-повесть)

    Жолдон ал шылдырап аккан суу көрдү. Ошонун агымын тиктеп, бир далай жерге чейин жээкте тең жарышып “агып”, элеп-желеп болуп барды. Буралган бетеге, түркүн-түстүү жыты буруксуп, кызыл-тазыл болгон гүлдөрдү көрдү. Чегиртке, көгөөн, көпөлөктөргө таң калды. Өзүнүн эле үстүндө канаттарын дирилдетип учкан чымчыктарды карап, алардын кубулжуган кооз үндөрүнө айран-таң калды. А бирок алар жанагы экөөнө караганда кичинекей болчу. Аларга окшоп, оркойгон тырмактарын көрсөтүшкөн жок.
    Бир убакта дыбырап жамгыр жаады. Адегенде түшүнбөй калып, бирок мунун да бир башкача жагымдуулугун сезди. Бул эмне деген ажайып дүйнө экенине акылы жетпей, Аксарынын башы айланып турду. Зумурат менен Дүрайымдын эмнеге эле жер үстүн сагынып, жете албай арман кылып өксүп, өкүнө беришерин боолгоду. Бирок ал мындай керемет дүйнө бар экенин элестеткен да эмес. Ал үчүн өзүнүн эки жагында чиренген аскалар тирелип, дайыма көлөкө, үп болуп, ным тартып турчу “ааламынан” өткөн жыргал жашоо жоктой сезилчү.
    Эсине өзүнүн үңкүрү түшүп кетти эле, дене боюн кандайдыр бир башкача, мурда болуп көрбөгөндой жаңы, чоочун сезим бийлеп, дирилдетип өттү. Бул – сагыныч болчу. Ал өзүнүн мекенине, бир туугандарына, ата-энесине кусаланып кетти. Артына кылчайып карап алды. Анын денесиндеги майда титирек сызылып келип, көмөкөйүнө тыгылып, туруп калгандай болду да, бир убакта анан: “Тс-с-с!” - этип, кудум үшкүрүккө окшоп сыртка чыгып кетти.
    Эми ал жанагыдай шайдооттонбой, бирок Зумураттын айтканы боюнча күйгөн айылдан чыгып, илмеңдеп жогоруну карай баратты.
    Ал айылды таап келген кезде күн уясына батып кеткен убак болчу.
    Зумураттын айтып берүүсү менен көз алдында тартылып калган сүрөт боюнча издеген үйүн шыдыр эле тапты.
    Эненин эшигинин алдын, жепирейген ылай тамдын үстүнөн бери тикенек-чөп басып кетиптир.
    Аксары башын серейтип, үйдүн ачык турган эшигине жакын келип, ичкери карады. Кыбыр эткен жан жоктой. Босогону бойлой кирип, эки жакты тыңшады эми. Төр тараптан балага окшоп кыңылдаган үн угулду.
    Күүгүм кирип калгандыктан, үйдүн ичи караңгы болчу.
    Бурчта салынган төшөктө бирөө жатат.
    Аксары жакын жылып келди.
    Эриндери кеберсип, көздөрү чүңүрөйгөн, ушунчалык арыктагандан эки бетинин сөөгү оркоюп, жоолугунун алдынан аппак чачтары жаагын, бетин жарым жартылай жаап, бирок ошону жыйнаганга да алы келбей, кудум Зумурат түспөлдүү кемпир жаткан.
    Эне жанына ким бирөөнүн келгенин баамдагандай, кыңылдаганын токтотуп, тыңшап калды.
    Башын Аксары тарапка бурду.
    Аксары селейип катты.
    Эненин ички дүйнөсүндө үмүт учкундары жана түшүп, ошол үмүт анын жандүйнөсүн жарык кылып, нурдап жибергендей, жандана түштү.
    Караңгыны тен экиге жарган ак жарыкты боолгоду.
    - Ким? – эриндерин араң кыбыратып, үн катты кемпир. – Ким?
    Аксары канчалык: “Мен... Бул – мен, сизден кабар алганы келдим. Балаңыз тирүү. Ал атайын сизге жиберди мени”, - деп айткысы келип, ошого тилинин кыскалыгына өкүнүп, жаткан жеринде тегеренип-тегеренип кетти.
    Эне ансайын селейди.
    Башын көтөрүүгө аракет кылып, жууркандын сыртында жаткан колун бала-жыланды карай жылдырып, манжаларын кыбыратты.
    Ал жанына келген тирүү жанды ким болсо да кармап, жакындан сезгиси келди.
    Эртеден-кечке эненин акыбалын сурап, алды-башын жумшактап, аркасы бышып кетпесин деп ары-бери оодарып жаткырып, оозуна анча-мынча болсо да наар алдырып кетчү айылдын келин-кыздары, кемпир-кесектери болобу, урду аксакалдар болобу, адегенде эненин колун кармашат. Анткени ошол колдордон жылуулук сезип, кубаттанып, демденип каларын билишет.
    Бүгүн да Аксары келердин алдында эле эки –үч аял бул үйдөн чыгышкан.
    Эмне кылышсын, мындай күйүт ар бир экинчи үйдө бар. Чаламандын чак түшүндө эле, кайсы бир күнү ал айылдын да, бул айылдын да башына каран түшкөнү калппы? Жаштыкка, көпкөнчүлүккө эсирген эси жок жигиттердин каргышка калып, жер астына тирүүлөй түшүп кетишкенин билишет. Билген менен колдорунан эмне келет? Ошол Жер-Куйдун үстүнө канча жолу барышып, канча мезгил айланып-тегеренип, бир тирүү жан чыгар бекен деп акмалап, же өздөрү түшүп бара алышпай жүрүп, акыры куран окугандан башка колдорунан эчтеке келбей, “Кудайдын кылганы” деп баш ийип отуруп калышкан.
    Канча бала жетим, канча аял жесир, канча ата-эне кан жутуп, зар какшап калды минтип. Күйүттү көтөрө албаган кары-картаңдын канчасы ары беттенип, кете беришти.
    Бирок ушул эле эненин үмүтү үзүлө элек. Уулун дайым түшүндө көрө берет, үнүн угат, бирок эле жетпейт. Күтөт, бел байлайт, ишенет. Ансайын куран окуп, дуба кыла берет. Кайда болсо да бул дуба, бул куран балама дем болсун дейт. Түшүндө баласынын үнүн угат, дем алганын туят, кайдадыр аман-эсен, бирок кыйналып жүргөнсүйт. Каргыш тийген жараңканын кырын кырдап, уулунун атын атап, кыйкырып издейт. Кудум баягы, баласы кыр ашып ойноп кеткенде колун чекесине кое калып: “Зумуба-ай? ! Зумура-ат! ” – деп заңкылдап чакырат. Так ошондогудай болуп, уулу: “Апа-а!” – деп улам бир жерден көрүнө калат деле, кайра жоголуп кетет. “Сениби, шашпа! Колума бир тийерсиң! ” – деп, эки муштумун бири-бирине ургулап, урушкан болот. Андайда уулу алда кайдан чуркап келатып, апасынын калп эле ачууланып жатканын билсе да алыстан буйтап өтүп, алдына түшүп алып үйдү карай чуркайт. Артынан кубанып, кудуңдап келет энеси. Экөө анан дасторкондун четине маңдай-тескей отуруп алып тамактанышат. Уулунун кежигесинен шорулдата жыттайт.
    Эми да жадымында жатталып, эч кетпеген ошол жыт, ошол сезим энеге жакындап келе жаткандай, эт жүрөгү элеп-желеп болуп кетти.
    Тургусу келгендей умсунуп, бирок башын көтөрө албай, ким бирөөнү чакыргандай, колунун учу гана кыбыратып, араңжан шыбырады:
    - Кимсиң?
    Аксары Кемпирдин колуна жакындап келди.

    P.S. Достор, "Жыландын сүйүүсүн" , "Адашкандар" (Акшоола) менен удаа, буюрса, басмага берип жатам. Калганын эми чогуу окуйбуз. Андан соң 4-китебин улантабыз.

    Урматтуу окурмандар мен канча ирет окуп чыксамда эч эле тушуно албадым 5 6 бала жыландар торолбоду беле карачар алар кайда кетти
  2. Темасы: Жыландын сүйүүсү

    Жазылган күн: 10 Фев 2018

    Андай болбойтда(((Кызыктырып коюуп атат жок дегени кандай((((
  3. Темасы: Жыландын сүйүүсү

    Жазылган күн: 30 Янв 2018

    Азгоооо
  4. Темасы: Эл укпаган кандай ысымдарды билесиңер?

    Жазылган күн: 17 Авг 2017

    Менин баламдын атын атасы Диар деп койгон.Кызымдын атын мен койдум Диаза деп
  5. Темасы: Апам Оштук жигит менен мамиле куруума каршы

    Жазылган күн: 24 Июн 2017

    Просмотр сообщения zarem.a (24 Апрель 2017 - 14:48) жазган:

    Мен өзүмдү жаза кетсем чүйдүн кызы болом алайга турмушка чыккам эгер жок ал башка оштуктарга окшошпойт же шаарда өсүп чоңойгон десеңиз адашасыз анын туугандары болот ата энеси ошко ал жактын салттары баарыбир оор болот!4жыл болду үйлөнгөнүбүзгө сүйөбүз бири бирибизди бирок эч качан эч качан оюбуз бир келбейт мисалы баланы кайын журтка таштап иштеген мен үчүн оор нерсе ал үчүн норм көрүнүш политика жөнүндө вообще сөз кылбай эле коеюн тытышып кетебиз буга себеп ал оштук мен чүйлүк деп эсептейм ошондуктан даяр болсоңуз ошто жашоого то турмушка чыгыңыз

    Сиз анда жолдошунузду билбей эле турмушка чыгып алган турбайсызбы? Анан кайдагы суйууну айтып жатасыз.

Достору

  • Фотография
    Syun17  

Комментарийлер

Diaza ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 17:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: