MBM
- Кыймылы жок
- 8 (0 )
- Жүрөк сыры (4 )
- 29 January 17
- 1931
15 Mar 2017 16:58
- Момун
- 32
- 22, 1994
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Ош
-
Мендеги эки туйгу
6 Feb 2017
Мен аны биринчи жолу коргондо маани берген эмес экенмин. Жон гана катардагы бир бийкечтей карачум. Кундор отуп ал мага телефон чалып калды. Кадимки жакынымдай конулум бурулуп турду. Ошондо танышканмын. Каар жаап эми эле токтогон. Анын назик уну мени арбады же мен аны суйуп алдым. Себеби анын унун угуу мен учун адат, конумуш адат болуп алды. Ошенти бир кыйла таныш адамдай суйлошуп журдук. Мен ага айтуудай уялдым жана кандайдыр бир куч мени арка тартып коё бербей жаткан. Акыры ойлонуп жакындоонун жаны жолун таптымбы же ойго келгени ошол болдубу, мен аны карындаш деп атай баштадым.Себеби телефон чалууга мага ынгайлуу болчу. Кундор зымырап отот. Бир куну суйуумду билдире алдым, айта алдым. Ал шеги жок макул болду. Бири бирибизге талпындык. Бирок копко узаган жок. Мен аны суйууго чакырган убакта 11-классты эми буткон эле. Окууга тапшырам деп жургон. Ал менден кенеш сураган учурда, Диний университет Ислам га тапшыр деп сунуштадым. Анан да ичимден эртен уйлончу болуп калсам диндар, балама тарбиясын аябаган, мээримдуу болот деп ойлодум, анан да купуя шаарда таза журот деген оюмда менин кенешимди колдоп жатты. Ал тапшыра элек учурдан баштап эле озгоро тушту. Телефон чалсан негедир керсейип суйлоочу, же болбосо тенсинтпегендей муноз корсото баштады. Конул калчуудай абалда турсамда журогум кутчу болду. Шашпайын, ачуу келгенде чечим чыгарууга болбойт деп озумду кармадым. Оз намысымды тебелеп дагы чалдым. Ал трубканы кеч алды. Мага озун зордоп эле жакшы суйлоп жаткандай туюлду. Демек мен артка чегинуум керек экен деп ойлодум. Ошол кундон тартып суйлошкон жокмун. Намысым андан ары бастырбай койду. Журогум ыйласа да намысым дагы деле жек корот. Журогум суйсо да намысым аны жек корот. Журогум аны кечирсе да намысым аны кечире албайт. Ортодо кыйналган мен. Ал Ислам университетине тапшырып окуп жатат. Кээде журогум айтып калат, Балким динге кирген сон сени менен байланышууну туура корбогондур. Балким Ал дагы эле сени суйот дейт. Ал эми намысым Жоок ал байлыкка кызыкчу, машинасы бар бироону ээрчип кетти дейт. Бирок Азырга чейин намыстын башкаруусунда жашап келем. Балким кайсы бир кун алдымдан чыгып калса жылмайып, шылдын толгон козум менен кароону энсеп журом. Балким......
MBM

Супер-Инфо
super.kg
видео



MBM