subankul Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 11 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (10 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 04 Февраль 17
- Кароолор:
- 2 304
- Соңку аракети
25 Дек 2020 20:31
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 45 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 19, 1979
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Таир Ерматовдун ыр булагы!
Жазылган күн: 29 Янв 2018
Келин келет, араң -зорго илмийип.
Жат козудай, эки көзү жүлжүйүп
Ии сага, кийин "жатты" көрсөтөт.
Сүйлөгөндө жөн сүйлөбөй бир тийип)))
Келген кезде, эми анын жакшысын.
Итирейген ит да алып шаштысын.
А бирок бул, убактылуу көрүнүүүш.
Анан кийин көрө бергин кас - кусун))
Ал келгенде маңдайыңа бак конуп.
Бүт жасаган жумуштары так болуп.
Кийинчерээк, ал алнанда жайланып.
Өз үйүңдө каласың го жат болуп)))
Бирок достор, мунум дагы тамаша.
Бирок ааз - аз, чындыка да жараша.
Ушул ырды окуп алып айымдар.
Талабаса болду эми аа раса)) -
Темасы: Таир Ерматовдун ыр булагы!
Жазылган күн: 29 Янв 2018
Апалардын кареги соолубасын.
Апаларды жамандык тоорубасын.
Бүтүн дүйнө, бүт аалам ооруса да.
Апакелер эч качан оорубасын.
Апа деген, жылдыздуу асман экен.
Апа деген, түгөнгүс дастан экен.
Баарыбыздын түйшүктү өңүп жүргөн.
Апалардын жүрөгү таштан экен.
Апа барда дүйнөнүн баркы бийик.
Апа барда өмүрдүн наркы бийик.
Көөнүн карап ар убак тизе бүгүп.
Апаларга жүрөлү башты ийип. -
Темасы: Таир Ерматовдун ыр булагы!
Жазылган күн: 29 Янв 2018
Келин келет, иий жөн эле шөлбүрөп.
Ал ошентип, беш-алты ай жөн жүрөт.
Келин деген шундай экен даа ээ деп.
Жүрсөң эле, анан бир күн өлтүрөт))))))))))
Сүйлөгөндө секин-секин шыбырып.
Эриндери арааң-арааң кыбырап.
Боор ооруп, ичтен ойлоп кетесиң.
Ии бечаара, болсо эмне тыңыраак.
Бүттун учу менен басып акырыын.
Сылык сүйлөп, жоон чыкпай такыр үн.
Ушундай да, жоош адам болобу.
Деп ичиңден улам ойлоп катыгүн))
Анан эле күндөр өтүп арадан.
Оо баягы бечаара жок карасаң.
Шундай карап каштарыны серпкенде.
Кирээрге бир кычык таппай каражан)))
Таирбек Ерматов -
Темасы: Таир Ерматовдун ыр булагы!
Жазылган күн: 29 Янв 2018
Азыр эле бир кыз жазды салам деп.
Иштериңиз жакшы элеби авам деп.
Түркчө кошуп жаза калат арада.
Насылсың же болбосо тамам деп.
Минтип кыздар түркчө турса ургулап.
Эмнегедир нервим чыгат буркурап.
Өзгө улут деп, адашкандар толтура.
Көптөрүнүн арасында пул турат.
Нечендерди көрүп жүрөк сыздаган.
Кыргыз кызын, өзгөлөрдөн кызганам.
Улутумду сүйүп жүргөн жигитмин.
Же эмне я? туура эмеспи бул кадам??
Кыргыз кызы, кыргызга эле буюрсун.
Эки кыргыз, бир чөйчөкө куюлсун.
Кызганычым кемчилигим а балким.
Кечиргиле кыргыздарга сүйүүм чын. -
Темасы: Таир Ерматовдун ыр булагы!
Жазылган күн: 29 Янв 2018
Болду эми, жолугууга барамын.
Таңга чейин ошол жакта каламын.
Кайыр достор, барсам эмне болбойбу?
Болот да ээ, бойдок жүргөн баламын.
Ал ушунча жагымдуу да катыгүн.
Өлүп кетсин, жазып салдым ачыгын.
Көптөн бери сүйүп жүрөм мен аны.
Азыр барам, айланайын ашыгым.
Жолукканда, көздөр дароо сүзүлөт.
Сүйүү деген, дал ушинтип түзүлөт.
Кээде мени, ары - бери онтотуп.
Ууртумдан, сырдуу үндөр үзүлөт.
Ар жолуксак, өпкөм көөп оолугам.
Билбейм качан, бул сүйүүдөн соолугам.
Антсем кызга айтпагыла барат деп.
Баягы эле, уйку менен жолугам)))
Окуп жатып, ойлор болуп бир тарап.
Ыр бүткөнчө, мени кээлер миң талап.
Ээ туугандар, адам болсом шрекей.
Мени эле турмак эле ким карап)))
Достору
subankul Досторду кошо элек
Комментарийлер
subankul ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?