jarmat
- Кыймылы жок
- 3 (0 )
- Адабият жана поэзия (3 )
- 07 Февраль 17
- 1 236
29 Дек 2020 02:22
- Момун
- 59
- 19, 1966
- Жынысы:
-
-
Osh93 - түн өздүк ырлары.
13 Фев 2017
Апам үйлөн деген кызга жолугуп.
Келейин деп жөнөп калдым оолугуп.
Кайдан билем ал жолугуу үлпүлдөк.
Көңүлүмдү коеруну оорутуп.
Апам аны мактай берип кайран күн.
Периштени элестетип алганмын.
Ошол күнү баары чыгып тескери.
Эң алгачкы элесиме алдандым.
Жолугушчу жерге барсам акырын.
Бир кыз турат, азыр айтам ачыгын.
Кебетеси коркунучтуу ал кыздан.
Маймыл дагы сулуураак катыгүн.
Дароо түштү түшөөр жерге көңүлүм.
Ушунчалык арсыз беле өмүрүм.
Бирок такыр билдирбедим анымды.
Ал кыздын да түшпөсүн деп көңүлүн.
Апам айтты демек ага үйлөнөм.
Сабыр кылып чыдаганды үйрөнөм.
Мен апамдын ооруталбайм көңүлүн.
Бирок эч жагым калбады күйбөгөн.
Сүйлөшүмүш болуп турдук кобурап.
Жакшы ой тилектер кеткен ыдырап.
Ошол күнү бүркөө эле асман да.
Бир маалда жамгыр кирди дыбырап.
Жүр деп тартсам паана жерге ал кызды.
Көнбөй койду, сүйөт имиш жамгырды.
Ошол бойдон жүзүн тосуп жамгырга.
Көпкө турду, жамгыр сүйүү тагдырбы?!
Жамгыр токтоп аздан кийин жаныма.
Басып келип тик караса көзүмө.
Башка эле сулуу турат жылмайып.
Ишене албай өзүм кеттим өзүмө.
Көзүн кара, кашын кара! кашы каш.
Кызгангандай болуп кеттим аны аз.
Неге өзгөрдү? көрсө деген жамгырга.
Бүт жуулуп кеткен экен макияж.
фейсбуктан таап келип жатам бир таир таир дегендин ырдары экен жакты мага -
Osh93 - түн өздүк ырлары.
13 Фев 2017
Бараар жерге дайым барган кечигип.
Аялдарды эркек койсун кечирип.
Аял заттын табияты ушундай.
Мунусуна уруш кылган чекилик.
Чачын тарап, мурду башын тазалап.
Ошол сага жагайын деп жасанат.
Аялдардын да бир сыры күзгүдөн.
Өзүн - өзү көргөн сайын жашарат.
Азыр мына баратамын дегенде.
Андан көрө уктаар жериң беленде.
Азыр десе түшүнбөгүн азырды.
Уктап тургун деген сөз бар тереңде.
Аялдарга түк жарашпайт шашылган.
Күтүп канча күндөр өткөн башымдан.
Кечиккенде кечиктиң деп жээрисем.
Кайра өзүмө күнөө жаап асылган.
Аял деген мына ушундай асыл жан)) -
Osh93 - түн өздүк ырлары.
13 Фев 2017
Алты жылдай бирге болдук, бир соонун.
Ызылдашпай, жаңжалдашпай бир жолуң.
Дагы көпкө жетелешип, ээрчишип.
Бир бололу, айланайын тилпонум))
Мени такыр зериктирбей жүрөсүң.
Көңүлүмдү алганды да билесиң.
Ватсап, [moderated], одно, фейс интернет.
Кайсыл жака айдабайын киресиң.
Бул өмүрдү сүрүп келдик бирге биз.
Күнү дагын, түнү дагын биргебиз.
Ачыгыны айткым келет сенчелик.
Көңүлүмдү таба албайт бир да кыз))
Канчалаган достор менен байланыш.
Өз ордунда, керек сенден айланыш.
Мени чуку деп иштетпей аяйсың.
Оо телефон,сен турганда кайдагы иш.
Чындап сени жакшы көрөм кызымдай.
Сен бузулсаң дүйнөм кетээр ызылдай.
Кожоюнга кызмат кылып каралдым.
Дагы көпкө иштей бергин бузулбай.
jarmat

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
jarmat