Bemabema65 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 8 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Кыздын сыры (3 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Февраль 17
- Кароолор:
- 1 971
- Соңку аракети
06 Ноя 2017 23:40
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 20, 1991
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Москвада Кыргызстандын паспорту менен төрөгөндөр барбы?
Жазылган күн: 6 Ноя 2017
КР пвсорттомун. Учурда кош бойлуумун и полис менен сохранениеде жатабыз. Акысыз. Бүт анализдер, УЗИ, ктг, допплер, скриниг - бекер. Жашаган жеримдеги поликлиникага учетко тургам. Ал жакта да жакшы карашат. Төрөгөндө да бекер болот буюрса. Документтерди туура, таза жасап эле, өз укугубузду билсек - акчабыз жанга калат экен. -
Темасы: Кайнатанын кылыгы
Жазылган күн: 6 Ноя 2017
Менин кайнатам... Өз атама эркелегендей эркелейм. Киришпейт. Тамакты тандабайт. Сүйлошүп отурат, жашоо жөнүндө, келечекке пландар жөнүндө. Балдарымды башына көтөрүп ойнотот. Гүлдөргө суу куюп, тамактан соң идиштеримди чогултуп колума карматып, айтор колунан келген жардамын аябайт. Ачык-айрым, эч артыман сүйлөбөйт, сөзү болсо өзүмө эле айта калат)) Апамдан тартынсам да, атамдан эч тартынбайм. Алыска кетип, узакта келсе мурдуман өөп коёт))) Үч баланын апасымын :Р -
Темасы: Кайненемдин жакшы жактары
Жазылган күн: 6 Ноя 2017
)) Менин апам да абдан кеңпейил, мээрман жан. Эч бирөөгө катуу тийбеген, тирилигин мукум кылган, тамак-ашка тың керилген сулуу аял. Иштеген иши бар, чөйрөсүндө сыйлуу, кадырлуу болсо да эч бирөөгө кадырын салбаган, милдет кылбаган жөнөкөй.
Келинге карата мамилеси сонун. Кайненемин, келин кылсын деп отурбайт, баламды карашабы, тамагымды жасашабы, айтор эч качан тириликти жалгыз өзүмө таштап койбойт. Сүйлөгөнү дайым бирдей, капаланса гана билинип калбаса, ачууланганын же абдан кубанганын деле эч билдирбейт. Намазын окуп, жаркылдап батасын берип эле жүргөн дили таза, пакиза зат. Кандай жумуш болбосун тез жасайт. Мен аңкайып эле карап калам суктанып. Көп нерсе үйрөндүм. Тириликтен тышкары сабыр кылууну, шүгүр кылууну, кечиримдүү болууну, күйөөгө кандай мамиле кылып, кантип сый-урматын ордуна коюуну, эл алдында кандай жүрүүнү ж.б.у.с өтө көп пайдалуу адаттар. Мен да кийин апамдай эне болсом деп тилейм. Баардык бойдок кыздарга ушундай кайнене каалайм) -
Темасы: Кесарево жолу менен көз жаргандар барбы?
Жазылган күн: 5 Ноя 2017
Монохориальная моноамниотическая двойня. Крепление к передней стенке матки... Кесар кылышат го дейм... Мендеги случай аз кездешет экен имиш... Кадимки төрөт мн төрөө балдарга да энеге да зыян болушу мүмкүн экен. Россиядабыз. Аябай коркуп жатам. Ушул жаатта бирдеме билген акушер - гинеколог барбы? Поддержка керек морально. Москвада жалгызмын азырынча. Учурда шейка матки укорочена, мягкая, матка в тонусе, зрелость плаценты 1 степень... Госпитализация болдук. Жатабыз Кудай деп... -
Темасы: Кесарево жолу менен көз жаргандар барбы?
Жазылган күн: 5 Ноя 2017
Акушер - гинеколог барбы? Менде бүгүн чоң жаңылык. Боюмда бар болчу. Биринчи УЗИде (7аптада) эч кандай өзгөчөлүк көргөн эмес. Азыр 20-21 апта. Күйөөмдө да, менде да уругубузда эгиз болбоптур. Бүгүн УЗИден бир эмес эки жүрөк согуп жатканын айтышты) Двойня. Өсүшү нормага жатат, экөө бирдей экен. Бул кубантканы. А коркутканы - экөө бир тондо жатат. Киндиктери бири-бирине тоскоол болушу мүмкүн экен. КС жасашат сыягы... Негизгиси - айына жеткирүү... Азыр патологияда жатабыз. Сохранение.
Достору
Bemabema65 Досторду кошо элек
Комментарийлер
Bemabema65 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?