Romanov Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 85 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (23 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Февраль 17
- Кароолор:
- 5 458
- Соңку аракети
21 Апр 2017 12:57
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 15 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 2, 2010
- Жынысы:
-
Эркек
- Калаасы:
- Ала Тоо
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Өмүрлүк жар тандоо
Жазылган күн: 15 Мар 2017
Чындыгында бала тарбиялоо – жакшы өмүрлүк жар тандоодон башталат. Ошондуктан үй-бүлө курам деген ар бир эркек жана аял өзүнө өмүрлүк жар тандаган кезде анын ыйманына жана кулк-мүнөзүнө өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Анткени үй-бүлөлүк турмушта ыймандуулук эң негизги орунду ээлейт. Ошондой эле балдарга тарбия берүүдө да анын таасири чоң.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: “Аялга үйлөнгөн кезде төрт нерсесине карап үйлөнүшөт: байлыгына, ата-тегине, сулуулугуна жана динине. А сен динди карманганына умтулгун, жакшылыктарга жетесиң”,– деп айткан. (Сахих Бухари, 5090)
Башка бир хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан: “Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон бир адам силерге куда түшүп келсе, анда ага (кызыңарды) бергиле! А эгер силер андай кылбасаңар, анда жер бетинде фитна күчөп, бузукулук жайылат”. (Тирмизи, 1084)
Ислам диниде өмүрлүк жар тандаган кезде сырткы келбетине, байлыгына же бийлигине эмес, эң биринчи кезекте адамдын ыйманына, такыбалыгына жана адеп-ахлагына каралат. Ошондуктан эркек дагы, аял дагы өзүнө өмүрлүк жар тандаган кезде ушул сыпаттарга биринчи кезекте көңүл буруусу зарыл. Анткени ыймандуу үй-бүлөлөр келечек муунду түзгөн жаштардын ыймандуу жана адеп-ахлактуу болуп өсүшүнө эң чоң салымдарын кошушат. Ал эми келекчек муундун ыймандуу болушу – бара-бара коомдун жакшы жагына өзгөрүшүнө алып барат.
ТУРМУШ КУРУУДАГЫ ЭҢ НЕГИЗГИ МАКСАТ
Миъкол ибну Ясар, радыяллаху анху, риваят кылат: “Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: “Ата-теги кадырлуу жана сулуу аялды жакшы көрүп калдым. Бирок ал аял төрөбөйт экен. Мен ошол аялга үйлөнсөм болобу?”- деп сураганда, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал сахабаны тигил аялга үйлөнүүдөн тыйды. Ал сахаба кайрадан экинчи жолу келип Пайгамбардан сураганда дагы тыйды. Үчүнчү жолу келип сураганда, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: “Силер көп бала төрөгөн жана күйөөсүн жакшы көргөн аялдарга үйлөнгүлө! Кыямат күнү мен башка үммөттөрдүн арасында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанам”, - деп айтты”. (Абу Дауд, 2050)
Жогорудагы хадисте бизге маалым болгондой, үйлөнүүнүн шариятта өкүм болушунун сыры – адам бир гана өз кумарын кандырып ырахаттануусу үчүн эле эмес, үй-бүлө куруудагы эң негизги максат – келечек муунду сактап калуу жана аларга кам көрүү. Кам көрүү десе, балдардын таалим-тарбиясына, саламаттыгына жана ыйманына өзгөчө кам көрүү зарыл. -
Тааныштырган агент
Жазылган күн: 3 Мар 2017
Бул окуя мени менен чогуу иштеген жигиттин башынан өткөн. Авторго тиешеси жок!
Достору
Romanov Досторду кошо элек
Комментарийлер
Romanov ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?