Nurik2017
-
Эски күндү эстейбиз
12 Сен 2018
Салам достор. Бул теманы ачуумдун максаты, силер менен эски күндөрдү эстеп сыр бөлүшкүм келди. Дээрлик 10 жыл мурун бизге телефон жаңы келе баштаган учурлар эле, Е Твое деген тарифтер болчу эле, кимдин эсинде? Түнү менен уктабай кыздар менен сүйлөшүп чыкчу элек. Интернетке улай албай жүрүп араңдан MMS аркылуу бири-бирибизге сүрөт жөнөтүп бири-бирибизди көрчү элек. Азыркыдай Инстаграм жок болчу. DVD чыккан убактар дагы ошол убактарга туура келди. Диск сатып алып кино, клипптерди көрчү элек. Ошол убактарда биринчи агент келди бизге, агентте жазышкан өзүнчө эле кызыктуу, керемет болчу. Айрыкча 3, 4 күн кирбей калып кайра киргенде толтура каттар келип калганы өзүнчө кызыктуу болоор эле. Мектепте окуган убактар, айрымдардын студенттик убактары ошол мезгилдерге туш келди. Эстеп олтурсак айта турган сөз көп. Келгиле башыбыздан өткөн сонун күндөрдү мезгилдерди бөлүшөлү.
Nurik2017

Супер-Инфо
super.kg
видео



03 Сен 2020 02:36
Мобилдүү версия
Nurik2017