Суперстан: Elya.mona - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Elya.mona Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Elya.mona фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
6 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (4 билдирүүлөр)
Катталган:
25 Февраль 17
Кароолор:
895
Соңку аракети
Пользователь офлайн 25 Июн 2018 22:57
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
106 жашта
Туулган күнү:
Апрель 23, 1919
Жынысы:
Аялзаты Аялзаты
Калаасы:
Ысык Кол

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Эстен кеткис жүрөгүңөрдө так болуп калган эң өкүнүчтүү күн

    Жазылган күн: 23 Июн 2018

    Просмотр сообщения Elya.mona (12 Март 2017 - 15:08) жазган:

    Алтыным апам узулгон кун. Рак оорусуна чалдыгып, коп отпой коз жумган. Кичине кыз элем, коз алдымда учуп кетти.....((((
    Экинчи кун апам откондон кийин таежелерибиз алып кеткен, кыркы чыккыча карап берейин деп. Турмушка чыга элек, тор кары окшойт эле, чоп чабык убагы, жалданып иштеп 27-35 жаш, экинчиси 40тан отуп калган адамдар келди. Таежем менен тиги жашыраагы табышып уйлонушту. Азыркы убакта 4-5 баласы бар болуш керек. Эстен кетпей журокто кара так калтырганы ал акмак педофил экен. Мени ар нерсе кылып кордочу, тийген эмес бирок, кичинекей кызмын "тигинисин" карматып, оозума тилин киргизип опконго аракет жасап, алама киргизип ыйкалап айбанчылык кылчу!! Азыр орто жаштамын, ошол бойдон коргон жокмун. Ар дайым журогумдо ыза жашап келет. Эркектерден корком, кыздуу болгум келбейт, кор болот деп корком. Эгер азыр алдымдан чыкса бетин тытып, жазасын колуна бергенге кудуретим жетет акмакка!! !! Кутуп журом ошол кунду, бетиме кантип караар экен. Олбой аман болсун ошого чейин.
    Айтайын дегеним туугандар, кыз баланы аябай аяр карагыла, эч кимге ишенбегиле, эки буттуу айбандар коп!!


    Пы. Сы
    Жогорудагы окуя менин башымдан откон окуя эмес, жакын дос кызымдыкы. 1-2 был мурун айтып берген. Аны уккандан сон, журогум ооруп, эсимден кетпей журчу. Ошондуктан темага байланыштырып, жазууну туура коргонмун. Негедир башында жазганда ушул тууралуу эскертуу жазылган болчу, ошол кирбептир азыр кордум.
  2. Темасы: Букмекерлик кеңсе (Кумар оюну)

    Жазылган күн: 14 Май 2018

    Аял эне болгондоня баштап, алсыз болууга акысы жок.
    Азыркы абалымдан айта кетсем, жаман эмес. Кредит, карыздарды, ата-энем, бир туугандарымдын алдында аброюм томондогону, ден соолуктагы бир аз кыйынчылыктарды эсептебегенде- жашоом жакшы эле. Балдарым биринен сала бири бойтоюп чоноюп келатышат.
    Окунучтуусу атасынын тугонуп бара жатканы. Ата-энесин, айрыкча апасын аяйм, карыганда Кудай сактасын ушундай акылсыз, жоопкерчиликсиз баладан.
    Болушунча кыскартып, жазып, баяндадым. Баарын баштан аяк жазсам, кино тартчу романга айланат го....
    Сабыр, сабыр, сабыр.
  3. Темасы: Букмекерлик кеңсе (Кумар оюну)

    Жазылган күн: 14 Май 2018

    Просмотр сообщения Gupa (01 Апрель 2017 - 13:43) жазган:

    Сизге сабыр берсин, эркекти ушул азарт менен арактан сактабаса, кирип кетсе, өзүнүн эркинен башка жан жардам бере албайт экен. Психологго баргыла, намаз окугула. Намаз окуй баштаса коркуу сезими пайда болот Кудайдан.

    Бир кызыкча ой келди, жолдошуңузга кошулуп барып, аны менен кошо ойноп башында эми жалгандан эле да, анан сиз да берилип кетпеңиз, анан андан акча сурай баштасаңыз, акчаңызды бекем катып салып туруп, ошентип өзүңүз анын абалына түшүп бериңиз, уруша баштаганда бул мен эмесмин, сенсиң деп көрүңүз.

    Болбойт. Мен да ошентип коргонмун. Пайдасы жок.
  4. Темасы: Букмекерлик кеңсе (Кумар оюну)

    Жазылган күн: 14 Май 2018

    Намаз да окуду, дабатка да барды. Айланып кайра эле барар жери белгилуу.
  5. Темасы: Букмекерлик кеңсе (Кумар оюну)

    Жазылган күн: 14 Май 2018

    Адамда кучтуу эрк болбосо токтобойт. Менин да жолдошум ушул дарт менен ооруйт. Канча жалдырап, ыйлап, балдарды которуп алып аркасынан барып ээх кылбаган айла амал калбаган. Биз уйлонгучо эле ойночу экен. Ал жер, карангы, саат жок, терезе жок, кымбат алкоголь, чылым бекер, кыска юбкаларды кийген кыздар, айтор атмосферасы башка бир озгочо дунуйодой сезилет го дейм оюнчуга. 1сому калбай калганда анан биздин реалдуу жашоого аргасы жок кайтат го чиркин. Ыбырсып сасып ичип да, чегип да, нерв болуп да келет уйго. Мен да силерге окшоп, башында аяп, ишенип, акыры колуна акча да берип кордум го, утуп алса барбай калаар деп.... Бир куну мас абалда, баарыг уткуруп келди, колумда кичинем, куйоомдун акыбалы бул. Батирде турабыз, азык-тулук, батирдин акчасын, баласы эмне жеп ичип жатканы менен жумушу жок болуп калды. 8айлык баламды нянькага таштап жумушка чыктым. Жумушума тан атпай жетип барат, акча таап бер деп. Алдайт ар нерсени айтып. Акыры директорума чейин кирип алдап акча сураган кундор, менин туугандарыман, озунун туугандарынан акча сурап алып журду. Айтор аябай жакшы тапчу, стройка менен жумуш кылчу, объект алып, балдарды иштетчу. Алардын да маяналарын уткузуп жиберип, жалдырап келип, жардам бер деп жалынып кредит алдыртат да таркатып берет. Кайра эле колуна тыйын кирсе барар жери Бинго Бум! Ошентип журуп бир куну дагы 1сому калбай уттуруп келди, кийимдерин чогултуп чемоданын колуна карматтым. Уйдо нянькам, иним бар болчу. Иним болбогондо адатынча корондоп, коркутуп кирип жатып алмак. Тунку саат 3-4 арасы болсо керек, подъездин терезесинен секирип, козырекко тушуптур, мен балам ыйлап жанында элем, угулду бирдеме кулап, "гуп" этип тушкону. Чуркап барып карасам корунбоду, козыректон. 5-10 минутадан кийин домофон чырылдап калды, ким десем чык дейт. Жормолоп уйго кирди, 2 буту тоодой шишиген, согончок сооктору талкаланып кетиптир. Боорум ооруп, инисин чакырып экообуз больницага алып барып жаткыздык. Эртеси барсам ыйлайт, оорусуна чыдабай, врачтар андайда кок ала кетмейин, операция кылбайт экен. МРТ да очередь экен. Тездетпесен болбойт, чыдабай жатам деп боздойт. МРТга суйлошуп, 10.000 берип кезексиз ошол куну тарттырдым. Операцияга бутуна майдаланган соокторун бириктиргенге темир салыш керек дешти, аны 40.000 ге сатып алдым, операция жасаган доктурга 10.000 берип, больницадан алып уйго алып кеттим. Ошентип 8-9ай дегенде басты. Жалгыз иштеп, карадым, дары дармегин алып. Ошол убакытта болду, бутту барбайм дегенине ишенип дагы балалуу болдук. Кыскасы бутуна туруп, басаар замат менден ар нерсе шылтоо айтып акча алып кайра жоноду. Акчаны уйго эле коюп койчум. Продуктыга, сигаретине деп. Кунуго эле калбай калат. Акыры телефонун карап, смс терди коруп, билдим кайрадан барып жатканын. Кыскасы андан бери 7жыл отуптур, жолдошум азыр мындайча стенда "конченный" адам болуп калды окшойт. Алкоголь ичет, сигарет, спайс, дунк чегет. Тиштери тушуп калган. Капкара, арык болуп ону да серт, боор ооруй турган. Балдарымды озум эптеп чонойтуп жатам, шугур. Умутум узулуп буткон онолушуна. Уйуно барат, апасы байкуш алтындарын сатып берет. Атласы малдарын сатып берет,бир туугандары акча бере берип, азыр атын укканда чок баскандай секиришет. Озу болсо дагы да болсо, суйлогону асмандан (жалгандарды айтат). Ар бир созунун тамгаларынан бери жалган. Коп текшерип кордум, уулдарымдын атасы, очпогон умут.... Бул арада, канча жолу аяп, ишенип, канча таягын жеп, умут менен жашап кордум. Мойнумда миллионго жакын кредиттер толонбой турат.... Ден соолугум да жакшы болбой калды, жапжаш туруп.... Азыркы кезде ар жерден металл чогултуп, уурдап тапшырат экен. Аябай башы иштеген, акылдуу, ата-энесинин ишенген баласы болчу, кантейин. Озундо кучтуу эрк болбосо, эч ким, эч нерсе тыя албайт экен!
    Азыр жашы 38де, жаштыгы калган эмес.
    Ойлон жакшылап. Ушул окуяны окутуп кор, таасир бербесе, оз жашоонду кыл, омурунду, нервинди ага сарптабай. Ийгилик!

Достору

Elya.mona Досторду кошо элек

Комментарийлер

Elya.mona ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 00:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: