Janym.
- Кыймылы жок
- 85 (0,03 )
- Жүрөк сыры (72 )
- 02 Март 17
- 14 292
20 Ноя 2023 00:55
- Карапайым
- 86
- 1, 1940
- Жынысы:
-
-
ISKENDER-ALI 
24 Окт 2023 - 15:34 -
rafo80 
07 Сен 2023 - 03:06 -
Kattaldym 
01 Сен 2023 - 02:33 -
ShaKe11 
27 Фев 2022 - 18:33 -
beytaanysh 
27 Фев 2022 - 17:29 -
Luna7 
26 Фев 2022 - 01:12 -
biznes 
25 Фев 2022 - 14:19 -
fak 
24 Фев 2022 - 16:36 -
Kalla 
20 Фев 2022 - 00:54 -
Musulmanka. 
19 Фев 2022 - 01:45
-
Алгачкы жуучуларды эстейбиз.!
5 Ноя 2017
Ар бир кыздын башындагы бар нерсе. Бой жеткен кыздан жуучу үзүлбөсө керек. Алгачкыларынан же кызыктуусунан жаза кетсеңиздер.
Кимде кандай болду?. Сезимдер мн бөлүшүңүздөр.
П.с админ мындай тема болсо кошуп коерсуңар. -
Чырагым...
26 Май 2017
Сөздү эмнеден баштаарымды билбей турам..Болгону сезимдерим тууралуу жазгым келди. Баарыбыздын балалык сүйүү баштан өткөн. Мына ошол сүйүү гана таза,тунук, эч нерсеге алмаштыргыс сүйүү. Мен да сиздерге балалык сүйүүм тууралуу кеп салмакчымын. .
Балалык десе эле мектеп,андагы сүйүү көзгө тартылат. Ал кезде өтө шок,эч нерсени ойлонбогон кез болчу. Күндө мектепке бармай,курбулар менен кобурашып,ойноп кайра үйгө келмей. Классташтар менен мушташкан,урушкан күндөр да болду. Анын баары кайтып келсе кана..
Мына ошондой күндөрдүн бири..Ал кезде "Великолепный век" сериалы популярдуу болуп жаткан. Ар бир класстын өзүнүн Сулейманы,Хюрреми, Хатиже,Ибрагим деги койчу Сюмбүл агасына чейин бар болчу. Адаттагыдай мектепке шаңдуу келдим. Класска кире бериште эле
-Кош келиңиз,Хатиже султан айым деп бир классташым тосуп алды.
Анча маани бербегеним менен,Белек аттуу классташымды Ибрагим паша деп жүргөндөрүн кулагым чалып калды. Баары ошондон башталды..
Белек, мен аны мурда байкабаган чыгаармын. Ал биздин класска качан келгенин деле,мурда кантип жүргөнүн да билбейм. Билгеним ал бизде 1-кластан окубаган.
Аяш атамдын баласы,үйүбүз да жакын. Анан мен аны кантип байкабадым. .?
Мендеги "переходный возрасть" көзүмдү тосуп салган чыгаар.
Белектин сырдуу көз карашы,жагымдуу жылмайганы, токтоо мүнөзү мени өзүнө кызыктырып баратты. Биз өзүбүзчө сүйлөшпөгөнүбүз менен,көз караш менен баарын түшүнчүбүз. Күндөр өтө берди. Белек Ибрагим паша,мен Хатиже султан айым боюнча калдык. Классташтар бизди ошентип атачу.
Бир күнү агенттен жазды.
-Сени көрө аламбы?
-Азырбы?
-Ооба
-Саат 23:45 болду.
-Сага айтчу сөзүм бар. Суранам 00:00 дө бактан күтөм.
Мындайды күтпөгөм. Биздин үйүбүздүн жанында алардын чооң бакчасы болчу.
Эмне деп айтаар экен деп чыдамым кетип олтурдум. Убакыт болуп аста үйдөн чыгып,анын жанына карай басып бараттым. Даракка сөйөнүп,колуна телин кармап турат. Ай жарык анын ар бир кыймылы көрүнүп турат. Мен жакка басып келип көрүштү.
Балким биринчи жолу көрүшкөн чыгаарбыз. Өзүмчө толкунданып алдым.
Бир топко үнсүз турдук. Чыдамым кетип баратты.
-Белек,эмне айтайын дедиң эле?
-.......
-Бол үйгө барышым керек.
-..Сени сүйөм.
Мына мен күткөн сөз. Анын көз карашынан баарын билсемда мен ушул сөздү күткөм. Жанынан жарым карыш жылгым келбесе да,үйгө барууга мажбур элем.
Андан ары эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Уялыңкы көз караш менен карап койгонубуз гана болбосо. Мектепте деле ошол көрүнүш.

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
Janym.