Amelia
-
Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт
25 Мар 2017
Мен женемдин келгенин айта кетейин.Ал кезде мен аявай эле кичинекей кыз болчум,байкемдин суйлошкон кызы бар болчу.Биз аны сырттан тануучубуз, байкемди уйлон деп айтып жатышкан анан эле даярдангыла анда эртен алып келем деди,Таэнем туугандар баары даярдыкта журушот.Биз ойлогонбуз суйлошуп жургондон кийин тынч эле алып келет го деп,жок барса женем конбой койуптур,байкем бир аз кызуу экен эчтекесин укпай машинага салып келиптир,мындайча айтканда ала качып келген.Анан эле башталды ызы-чуу женемди машинадан тушуро алышпай журушот тиакта таэнем байкемди урушуп журот суйлошуп журом дебедин беле?Эмне ала качасын деп.Тушуруп уйго киргизип отургуза албай кыйналышкан, залга киргизип алышкан экен ал жакта идиш коючу эмеректер бар болчу ичиндеги идиш аяктын баары сынган женем барып сындырып таштаган.Анан колуна тарелка кармап алган экен байкемдин орус Андрей деген досу бар болчу ошол эшиктин ооз жагына туруп алып суйлоп жаткан экен ага ыргытып салса кача калыптыр аркасында таэнем жоолугун которуп келе жаткан экен тарелка таэнеме тийген бетине тийип кесип кетиптир элдин баары таэнемди карап журушот байкем жинденип кетип залдын эшигин жаап кирбегиле деп суйлошуп чыккан кирсек эле олтурат унчукпай койногун кийип жоолугун салып отуруптур аявай кулгонбуз.Байкем органдарда иштечуу серьезный болчу суйлогондо да чучугуна жеткизе суйлочу женемди 2соз менен олтургузуп койгон.
Amelia

Супер-Инфо
super.kg
видео



27 Мар 2017 17:40
Мобилдүү версия
Amelia