progress4kg Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Мен кыргызмын! (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Март 17
- Кароолор:
- 1 083
- Соңку аракети
15 Дек 2017 21:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 12, 1990
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
100% Кыргызча блог (бизнес, технология жана илим жөнүндө)
Жазылган күн: 24 Мар 2017
Салам!
Менде бир суроо бар силерге...
Интернетте мага жакын темалар боюнча мен бир дагы кыргыз тилинде жакшы блог же сайт таппай койдум. Баары эле орусча экен.
Кыргыз тилинде сайттар, блогтор аз болгондуктан, менин оюма 100% кыргызча бир сайт (блог) ачып, ал жерде
дүйнөдөгү акыркы технологиялык жетишкендиктер, илимий ачылыштар, кызыктуу бизнес жаңылыктары жана аналитика боюнча бир чакан блог ачсамбы деген ой келди...
Кыргызча сүйлөгөн жаштарга пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп турмак элем.
Бирок канчалык андай сайт керек деген суроо жаралып жатат. Кызыгуу болобу же болбойбу андай темаларга?
Аларды Фейсбук жана Твиттерде бөлүшүп турабы же игнор болобу деген суроолор бар.
Байкасам, азыр андай темаларга эмес, жаштар көбүнчөсү кыргыз саясат, скандалдар, кыргыз эстрадасындагы жаңылыктарды аябай талкуулайт экен, ошондой темалар популярдуу экен.
Жакшы сайт жана сапаттуу контент кылууга убакыт жана акча кетет, менде өзүмдүн иштеген негизги жумушум бар, бирок эгерде ушундай сайтка кызыгуу болсо, анда мен аны ачып, жумасына бир нече жолу жазып турат элем. Көбүнчө Фейсбукта талкуу болмок эле ал материалдар жөнүндө.
Кереги барбы же жокпу? Ойуңар кандай?
Мен ойлонуп, силердин да пикирлеринерди окуп, чечим чыгарат элем. Дагы башка жактан да сураштырып көрөм.
SCIENCE / ИЛИМ жаңылыктары
BUSINESS / БИЗНЕС жаңылыктары
TECHNOLOGY / ТЕХНОЛОГИЯ жаңылыктары
Ойуңар кандай? Бирөө ушундай блог ачса жакшы болот эле, бирок андай блог жок болгондуктан жана андай блогту эч ким ачкысы келбей жаткандыктан, ушундай суроо берип жатам.
Комментарийлер
progress4kg ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?