Суперстан: Aidani - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Aidani Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Aidani фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
48 (0,02 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (31 билдирүүлөр)
Катталган:
26 Март 17
Кароолор:
13 264
Соңку аракети
Пользователь офлайн 07 Ноя 2018 15:17
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
33 жашта
Туулган күнү:
Июль 22, 1991
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Мен киммин?

    Жазылган күн: 20 Сен 2018

    Тааныштарым балалык жонундо соз кылышса, мага эмнегедир ошол аалам карангы дуйнодой сезилет. Ооба ойносом керек бирок мага кобунчо коз алдыма, жаш чырпыктын денемди матыра чуу эткен, ачышуу менен коштолуп, когоргон тактар 7 классыма келгиче менин тулку боюмду мекендеди. Ал кезде аябай жаш наристе элем, коп нерсени тушуно албайт элем, уйубуздо электр жарыгы жок, эшикте белден каар, апам ошол каарды кечип, арча кайындын куураган бутактарын сындырып келчу, ошончо меенет менен терген отуну, бир жалбырттап куйуп бат эле бутуп калчу, мени чоон атластан тигилген корпого ороп жаткырып, бобогумду коротуп апам кошуна эненин уйуно кетеер эле. Азыр ойлосом жеерге наныбыз жок, курсагыбыз ач апамдын эмчегинде сут жок, кошунанын уйунон чай ичип, келеерде бир сындырым нанды чыйбаркуттан тигилген кемселинин чонтогуно катып келип, каарды ээритип сууга нанды жибитип мага жедиреер эле, ошентип журуп жаз дагы келди, биз таятамдын чон багындагы жепирейген эски уйундо жашачубуз, жаныбыздагы чоон уйдо, тайатам жаш аялы менен жашачу. Алардын уйу тараптан суттун жыты ысык тамактын жыты жазгы шамаал менен ,жортуп келип мурдумду ордойт. Апамдын апасы каза болуп, атасы башка торобогон бир аялга уйлонгон экен. Жаны таяэнебиз бизди негедир жаман корчу. Ошондой кундордун биринде уч аял жаны таянемин уйуно келишти, деемейде бизди тиктеп койбогон куу аял, дал ошол куну башкача меерим тогуп турдуу тамак аш менен тойгузуп атты, бала экенмин да курсагым жарытылуу тойгонуна суйунуп ойноп журдум, апам жузу кайгылуу шатынын тепкичинде, бобогумду копко эмизди, атлас койногу менен чачыктуу ак жоолугун эч чечпеген апам устуно помбаркыттан тигилген кызыл койнок, башына кызыл чоон гулдору бар жаны жоолук салып алыптыр. Улам кызыга кармалап жанында журом, апам ыйлап атты негедир. Бирок ошол куну алиги уч аял, менин бобогумду алып кетишти, бобогумду издеп ыйлап, таппай журдум апам мени кучагына бекем кысып, кызым ыйлаба сен акылдуусун да, инин эми дайыма курсагы ток журот, сен чонойгондо сага кооп конфет алып келет деп мени сооротуп жатты. Апамдын жылуу кучагында мемиреп уктап калган экенмин, чывыктын ачуу тийгенинен козум умачтай ачылды. Жаны тайенебиз ошол чыбык сынганча сабады ,коптон бери ысык тамак жёп таттуу жебегенге, ошол куну тошокко заара ушатып койгон экенмин,албетте 2 жаштагы кыз болсом. Апамды ошол кундон баштап коргон жокмун. Таятам жаны таянем учообуз жашай баштадык, мурдагыдай ачка калбаганыма суйунуп жеген таяктарга да ыраазы болуп жашап жаттым. Суу алып келем, уйларды тоого айдайм, негедир уйларды айдаган тоо жакта, мурзо боло турган, ошол мурзонун тубундо коп ыйлачумун билбейм себебин. Балким апам, озундун таянен ушул мурзодо жатат, ал болгондо бизди минтип ачка таштамак эмес деген созунонбу, Ким билсин. Дасторкон салам жыйнайм идиш жууйм, тамак жасаганга кучум жетпесе керек негедир апарык кичинекей 4 жаштагы кыз элем. Бир куну апамы сурасам, келет бир куну сен апана керек эмессин таштап кетти деп койгон жаны таянем, ошондон кийин сурабай калгам, бирок тымызын кутоор элем. Бара бара таякка да жедеп конуп бутком. Жылдар отуп мектепке барчу да убакыт келди 98 жылдар эле. Суу которуп сайдан чыксам, бир кундо бир жолу келчу сары автобуз, биздин уйдун тушуна токтоп, бала которгон бир келин тушту. Колундагы коздору бакырайган ак жуумал бир жашка толо элек, колунда гуруч кант ( ал кезде гуручко окшогон жабышкак, буудайдын даамын берген таттуу шириндик болоор эле) кармаган наристе бар экен. Челегимдеги суунун жарымы тогулуп шымымдын жарымы суу, резинка отугум сууга толуп былчылдап оор болуп калган ,эс алганы токтоп тургам. Баласын которгон келин мен жакты коздой кызым деп жылмайып келе жатты. 5 жылдын ичинде мен апамы тааныбай калыпмын, апам мени тааныптыр. АПА сизби, мени алып кетеспи деп бакырып ыйладым, себеби жаш таянем мага ыйлоого тыйуу салган, таяты жесем дагы ыйлабашым керек. Башымдагы томуктай болгон эки шишикти апама корсотуп ыйлап аттым. Ойумда барып менин кызымды эмнеге урасын, алып кетем деп, айтат мен бар болгону эки койногуму апамдын колундагы, ону очкон чаар сеткага салсам деп кыялдым. Апамдын колундагы наристе апамдын кызы экен, менин чачымы тарткылап кыткылыктап ойноп атты. Апам башка куйоого тийип кетиптир корсо. Таянем решеткадан корунгондо ыйымды токтоттум. Суйунуп апаам деп таяне апам келди деп кыйкырдым. Ажеп болуптур апан келсе деп таянемин кабагына каар жаап турду. Апама карай кел, ИИ эмнене келдин кызын олгон жок, мына чонойтуп койдум, тил укпайт иш кылбайт деп, дагы бир демелерди айтып ажаалданып кыйкырып кирди. Таятам уйдо болсо мага тил тийгизбейт ал дагы бир кун уйдо болсо уч кун талаада. Азыр апам мага болушат деп куткон умутум жалп очту, апам таянеме жинденип, ызасын менден алып тепкилеп жатты, озум аран жашап жатканда сени каяка батырам, алып кетпейм, ушул жерде каласын, болбосо кочодо кал, деп кыйкырып эки уч жолу жон талаштыра тееп жиберди да, ыйлаган кичинекей наристени, сен эле жетишпей аттын эле деп, опкого сокту да, ыйлап кызын которуп уйдон чыгып кетти. Ошол кундон баштап апамды кутпой калдым, кийин уксам бизге коп деле алыс эмес айылга, бир алкаш кишиге турмушка чыгыптыр. Ошентип мектеп босогосун аттадым. Классташтарымды аталары апалары жетелеп алып барды, чачтары орулгон, бантик тагынган, кошунабыз менден эки жаш улуу эгиз кыздарынын эски мектеп кийимин Берген эле, ошолоду кийип, алгам сыдырмалуу сумкалар алда качан чыккан болсо да, мен чаптырмалуу сумка которуп алгам. Жалгыз озум окуйм деп мектеп босогосун аттадым. Биринчи мугалим Асан агай ушунчалык мееримдуу корунчу, же мен алгачкы мееримди мугалимден алган учунбу.эч кимдин жардам бербегенине карабай жакшы окудум, мектептен уйго келгим келчу эмес, эн жылуу мееримдуу, Асан агайымды ээрчип уйуно кетким келчу. Аны башкалар кайдан сезсин.
  2. Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот

    Жазылган күн: 30 Май 2017

    Салам форумчу достор кирип келген ыйык рамазан айыбыз кут болсун. Орозонун келгени мен учун былтыркы орозолорго окшободу. Былтыр мурдакы жылы орозо айларында аябай бактылуу элем ,себеби саарлык ифтар убактыларын бирге суйуктуум менен тосуп алчыбуз, турлуу даамдуу тамактарды чын журогумдон меерим кошо жасап ичирип жедирчумун. Сиздерге тушунуктуу болушу учун соз башынан болсун. Озум огой атанын колунда чонойуп корбогон азапты коруп буттум, окууну бутоорум менен эле ала качып кетишти, тааныбаган адамдан бир чети чоочуласам, бир чети огой атадан кутулганыма суйунуп отуруп калдым, ал кезде 17жаш курагым суйуу эмне экенин, жашоо эмне экенин тушуно элек секелек экенмин. Келин болуп келген жерге бат эле конуп кеттим. Тиричилик кылган жактан озумон 10жаш улуу авысындарым да ат салдырбадым. Кайненем айкол аял эле, балеенин баары ошондо башталды кийимин жууйм деген куйоо соройум шашып чечинип, эле которунуп чыгып кетти, шымын жууйн деп чонтокторун карадым, кокус акча журбосун деп, бир пакетке чоп салып алыптыр. Жаш бала болуп кеткенби чоп ойноп деп ойлодум. Ыргытып жибердим. Ошол чоп атын очкур наша экенин билген жокмун. Ошонун айынан бычак сайды мага. Ошентип ал окуя, биздин ажырашуубуз менен аяктады. Эркек атпайдан конулум калган жаным, баарын жек корчумун. Мезгил деген сенин талаптарына баш ийбейт тура, арадан жылдар отуп жашоомдогу эн мееримдуу эркекти жолуктурдум. Анын алдында озумду аял сездим. Байландым бирок биз чоогуу жашай баштадык мен аны жумуштан кутуп, кайра узатып аны кутуп уктабай узун тундордо жашадым . Чарчап келсе бутун жууп жаткан жерине тамак жедирип, деги койчу бут баарын кылдым, омур бою кылууга да даяр элем. Бирок мен ойлогондой болгон жок баары, ал менин алсыздыгымдан пайдаланып, сезимдерим менен ойноп, гул жайнаган журогумду муз тондуруп кете берди. Акырында менден эмне сурады билесиздерби? Уйлонууго мага татыктуу кыз таап берчи деди. Келин албай кыз алышым керек деген принцип менен оз жолун улады. Мен эми кайрадан эркекти жек кором, баарынын сезими менен ойноп алдап кетким келет таштап кетким келет, колуман келсе бир убакта 10жигитти сыздаткым келет. Бирок антууго Жан дуйном жол бербейт. Бир кездерде албетте окунот, анда кеч болот баары деп, озумду озум алдап жашап келем. Качанкыга чейин алдайм билбейм.

Достору

  • Фотография
    duiusheev  
  • Фотография
    Ymanbekov  
  • Фотография
    Kominam  
  • Фотография
    Syun17  
  • Фотография
    NIkalike  
  • Фотография
    chubak0494  
  • Фотография
    Gulu.96  

Комментарийлер

Баракча 1 - 1
  1. Фотография

    Aidani 

    14 Июл 2017 - 02:11
    Жакшы деп койбойунбу
Баракча 1 - 1

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 07:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: