retrosaiki
- Кыймылы жок
- 28 (0,01 )
- Адабият жана поэзия (17 )
- 14 Апрель 17
- 3 795
17 Дек 2020 16:46
- Момун
- 25
- 21, 2000
- Жынысы:
-
-
unt_75 
14 Фев 2019 - 10:09 -
Suluuushka 
22 Дек 2018 - 09:39 -
Musulmanka. 
10 Ноя 2018 - 15:08 -
HypcylTAH 
10 Ноя 2018 - 13:49 -
LunaSun 
10 Ноя 2018 - 08:55 -
07 Авг 2018 - 04:07 -
Alitunka88 
02 Май 2018 - 00:08 -
Syun17 
09 Апр 2018 - 05:35 -
Mydearzh 
13 Мар 2018 - 00:13 -
Ozgon_sity 
25 Фев 2018 - 00:28
-
Рахат Боркоеванын ырлары...
9 Ноя 2018
* * * * *
Сен алыстап, көөдөнүмдөн ташып муң,
Көрүнбөөдө бир тарабы багыттын.
Сезбөө үчүн тамчыларын көзүмдүн,
Кыялымда сен тарапка ашыктым.
Бири болуп кар жаадырган булуттун,
Көңүлүмдөн бар бакытты куруттум.
Камчыланып кусалыкты баратып,
Багыты жок акылымдан тил уктум.
Сапар тарттың таштап өлкө жарыгын,
Күндү алып, кабагыма салып түн.
Сабырымдын күчтүүлүгү жоголуп,
Кеткениңе күн боло элек сагындым.
Сен жок эми эптөө менен күн өтөөр,
Эң башкысы бир максатта жүрөктөр.
Сүйүүм сага күч, кубатын тартуулап,
Эсен-аман, ден-соолукта жүрө көр.
Алыстыкка узап мурун, көнбөгөн,
Акылымды, жүрөгүмдү жөнгөрөм.
Ыдыратпай дидарымды кайгыга,
Ыйлабоого эми жаным сөз берем!
Рахат Боркоева
04/11/2018 -
Рахат Боркоеванын ырлары...
9 Ноя 2018
Эрким жок, мизин кайрап күчүндө муң,
Эзилем, сезбей башка үчүн дээрсиң.
Каратып жалган айттың, кетем эми,
Кадырым кийин жаным түшүнөөрсүң.
Жетпептир сага жанып, күйгөндүгүм,
Сен дагы азап чегип үйрөн бүгүн.
Жакшы сөз, ырым арнап жазбайм сага,
Сыягы күнөө окшойт сүйгөндүгүм.
Буулугуп, жаш алганда карегиңе,
Белгисиз болгон чыгаар дарегим ээ?
Айтайын: кайгы, муңдун шаарындамын,
Азаптан сыя топтоп калемиме.
Рахат Боркоева
24/07/2018
20:49 -
Рахат Боркоеванын ырлары...
9 Ноя 2018
Эрким жок, мизин кайрап күчүндө муң,
Эзилем, сезбей башка үчүн дээрсиң.
Каратып жалган айттың, кетем эми,
Кадырым кийин жаным түшүнөөрсүң.
Жетпептир сага жанып, күйгөндүгүм,
Сен дагы азап чегип үйрөн бүгүн.
Жакшы сөз, ырым арнап жазбайм сага,
Сыягы күнөө окшойт сүйгөндүгүм.
Буулугуп, жаш алганда карегиңе,
Белгисиз болгон чыгаар дарегим ээ?
Айтайын: кайгы, муңдун шаарындамын,
Азаптан сыя топтоп калемиме.
Рахат Боркоева
24/07/2018
20:49 -
Рахат Боркоеванын ырлары...
9 Ноя 2018
Д Ү Й Н Ө М
Эңшерилип дүйнөм бүт эңшерилип,
Эзген сөздөр кайрадан эске кирип.
Жан талашкан жүрөгүм сүйлөп жатты:
"Жок суранам, өчпөчү, өчпө билик".
Кыялдарды көп сыноо буюктурду,
Колдорума муң баскан сунуп ырды.
Уугуп турган дүйнөмдү аягансып,
Ушул түнү ак жамгыр куюп турду.
Мындай жанга эч убак жолукпагам,
Мен ашыктым, ойлорум, толуп санаам.
Мерез элем, ал жандын багындырды,
Мүнөзү эх дүйнөмдү толуктаган.
Кечирилбес бул менин каталарым:
Кадам койдум ал жанга аттап баарын.
Ийилбестен түзөлбөс тоскоолдукка,
Инсанымды "ДҮЙНӨМ" деп атап алдым.
Кайтпас сезим турат да оолуктуруп,
Көөдөнүмө күлкү, шаң, оюн куруп.
Бирок ага эч качан жете албайм,
Багыт алып мен барчу жолум туюк.
Моюндабай сүйүүнү күйгөн демим,
Махабат жок, болгону сүйлөм дедим.
Кээде туруп, ичимден кетким келет,
Кыйналбастан жүрсүн деп Дүйнөм менин.
Чулгап турган кайгыга калып жаным,
Чууруп жаштар, чуркабай талып каным.
Мээ кайнаткан сүйүүнүн чөлкөмүндө,
Мен ДҮЙНӨМдү тагдырга табыштадым.
Ырга айланып, ыр болуп жүрөктөгүм,
Ый, жаш камтып, ансайын күчөйт сөзүм.
Дилим менен тек гана айтып коюп,
ДҮЙНӨМ үчүн кайрадан күрөшпөдүм.
Кантем анан, мен андан кулап калаар,
Күүсү менен келүүчү тоскон ок бар.
Тушаламын ДҮЙНӨМӨ жете албай,
Турган кезде жеңилбес тоскоолдуктар.
Рахат Боркоева
16/09/2018 -
Сен менин кыялымдын ханзаадасы....
9 Ноя 2018
Бул теманы качан ачсам да жаш экенмин))))))
Ой боорум. Ыйлап жазганымды, күлүп окуп атам го))))
Жазганым такыр эстен чыгыптыр))))

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
retrosaiki