retrosaiki Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 28 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (17 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 14 Апрель 17
- Кароолор:
- 3 679
- Соңку аракети
17 Дек 2020 16:46
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 25 жашта
- Туулган күнү:
- Март 21, 2000
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
unt_75
14 Фев 2019 - 10:09 -
Suluuushka
22 Дек 2018 - 09:39 -
Musulmanka.
10 Ноя 2018 - 15:08 -
HypcylTAH
10 Ноя 2018 - 13:49 -
LunaSun
10 Ноя 2018 - 08:55 -
Гость
07 Авг 2018 - 04:07 -
Alitunka88
02 Май 2018 - 00:08 -
Syun17
09 Апр 2018 - 05:35 -
Mydearzh
13 Мар 2018 - 00:13 -
Ozgon_sity
25 Фев 2018 - 00:28
Мен ачкан темалар
-
Рахат Боркоеванын ырлары...
Жазылган күн: 11 Май 2018
Апакеме кат...
"Апаке! Амансызбы? Чалытырсыз,
Бошобой жаттым эле, алууга түз.
Башкача чыгып жатат сөздөрүңүз,
Айтпайсыз, дагы ооруп калыптырсыз.
Эмнеге кептериңиз каргылданат,
Ээлигип ойлондусбу кайкып канат.
Кыжаалат кылып койду үнүң апоу,
Калчу эле мурун уксам жарпым тарап.
Кубарып кеткендей го гүл өңүңүз,
Кайрадан оорудубу жүрөгүңүз.
Сыр кылып билбейт дебең, жаным апоу,
Сеземин. Чогуу биздин түнөгүбүз.
Сизге деп дары издейм. Жол түгөнбөйт,
Кыйыры көрүнбөгөн кулач жолдой.
Сыркооңо калем кармап турам апа,
Каламын кечириңчи врач болбой.
Сыноонун чыга албай багытынан,
Сумсаям. Кээде дилге айып тагам.
Бирок сиз ойлонбоңуз апа, апоу,
Буюруса калем кармап айыктырам "
Рахат Боркоева
23/04/2018 -
Табигат таарынычы
Жазылган күн: 20 Янв 2018
Капырай, жаратылыш мыйзамына баш ийбеген адамзат жаратылыштан жабыркап калуусун неге сезишпейт десең...
Эч нерседен бейкапар өз тирилиги менен алек болгон эл. Кичинекей деле, чоң деле эмес. Эки тоонун ортосунда жайгашкан бул айыл өтө кооз, абасы жанга жагымдуу, элдери кең пейилдүү ары ынтымактуу. .
Айылда кашы,көзү,чачы күрөңүрөөк келген, бою узун,ак жуумал Эклима деген 17 жаштагы кыз жашачу. Өзүнчө ойго батып жүргөн Эклимадан бир нерсе чыгат дешчү айылдаштары.
Эклима баарын бүгүнкү күндөй көз алдынан шурудай тизип өткөрүп атты. Анда Эклима 5-класста окучу. Кыш мезгили. Үйгө апасы өзүнчө күйпөлөктөп:
- Байкушум ай! Жанда жок киши эмес беле?-десе атасы:
-Жүрү эми эртерээк баралы,-дешип экөөсү ээрчишип алып каякадыр кетип жатышты. Адатынча ойго батып жүргөн Эклиманын кулагына апасынын сөзү бир кирип, аны түпөйүл туңгуюкка жетеледи.
Кеч кирип, апасы өзү эле келди. Атасы жок.
Эклима бир нерсени сезгендей чочуркап сурады:
-Апоу
-Оу
-Атам кайда?
-Өлгөн жерде. Кызматта.
-Кандайча? Ким каза болду?
-Атаңдын досу. Нургүлдүн атасы.
-.....
Бул жоопту уккан Эклиманын көз алдына классташ кызынын атасы тартылды. Бая күнү эле көргөндө анын аман-эсен, сопсоо жүрбөдү беле. Жок, мүмкүн эмес!-деп жатты ичинен.
-Апоу
-Оу кызым
-Аяш атам не болуп каза болду?
-Кийикке чыккан экен, кар көчкү басып калыптыр.
-Кандайча апа? Кечээ эле Нургүлдүн инисинен сураганымда "атам шаарда"-дебеди беле?
-Кийикке аңчылыкка кеткен адамды эч качан айтпайт. Анын ордуна ошентип коюшат да.
-Мм.... Нургүл жакшы элеби? Ыйласа керек ээ апа?
-Ананчы. Атасы болсо ыйлайт да.
-.....
Ушуну менен бир убакка чейин тынчтык өкүм сүрүп калды. Эклиманын оюна Кожожаш кылт этип, аяш атасынын Кожожаштай болгонуна ишене албай турду.
Кыркы тарап бүткөн соң апасы Нургүлдүн үйүнө бир нерсе алып келүүгө жиберген. Баякы үйдүн куту кеткенсип сезилип кетти. Бул кыш өзү менен чогуу ый да,ызгаар да ала келген тура. Үйдүн ичи кунарсыз, күлкү жок...
Көп өтпөй Нургүлдүн апасы беш баласын алып борборго кетип калганын уккан Эклима аябай жаман болду...
Ушунун баарын элестеткен Эклиманын көзү жашка толуп, ал тамчылар төмөн карай өздөрүн таштап атышты. Ырас, андан бери беш жыл өтүп кетиптир...
(Уландысы бар)
Рахат Боркоева
24/05/2016 -
Жамгыр үнү
Жазылган күн: 26 Ноя 2017
(Этюд)
Жан-дүйнө... Эч нерседен бейкапар уктап аткан, айланасы чайыттыка бөлөнгөн, бир адамдын муңдуу дүйнөсү... Капысынан ал дүйнөнү алаамат курчап, асманга кара булут каптап келди да, кадимки жаш баладай эреркеп муңун төгүп баштады. Жан-дүйнөмдүн ыйлаганын угуп турган кирпиктер чыдабай бир ирет силкинип, жүзүмө мөлтүр тамчыны тартуулады. Бул кезде чыдай албай эрксизден сыртты көздөй агылдым...
Сырткы жаратылыш да ыйлап, бак-дарактар, саргайган жалбырактар анын кайгысын кың этпей тыңшап, бөлүшүүдө... .
Бул кереметке тигилип турган мен жан-дүйнөмдүн ыйын сезген ал жанды жоготуп алганыма оор үшкүрүнүп, көөнүмдөгү ага болгон сагынычымды көз жаш менен тазалап, жолумду уладым...
Каяка, кантип, эмнеге кетип жатканымды өзүм да билбей, кадамды шилтеп жөнөдүм. Бир билгеним менин жолум багытсыздык жолу эле...
Мен багытсыз бараткан дербиш болдум.
Асман улам күркүрөгөн сайын жан-дүйнөм урушку уккансып, өзүн күнөөлүү сезет да, ыйын жашыруу үчүн кайдадыр бир санааларга тумчугуп кетип жок болот. Ырас, жан-дүйнөмдүн бул жасаганы карегиме оор таасирин тийгизип, кирпик тамчылары күбүлөт. Ушулардын баарына күбө болуп, мени аяп, мага кошулуп ыйлаган бир гана жаратылыш. Менин ызамды коштогон жамгыр үнү...
Кейпини кербендердин кийип алып,
Баратам сени издеп, багытым кыш.
Буулуккан жан-дүйнөмдүн ыза-муңун,
Коштогон ыйлап турган жаратылыш.
Жаш агып жүрөгүмдөн, ооруп турат,
Жол таппай максатыма жетүү үчүн.
Жеңе албай башка келген азаптарды,
Жектеймин тагдырымдын эстүүлүгүн.
Күчүмдү басып ичке жым боломун,
Күйүттөн келсе дагы айгайлагым.
Күн болуп жанчу эле каректерим,
Кыйырсыз, күмүрөй түнгө айландым.
Илинип азаптардын тузагына,
Дүйнөмдү көз көрүнгүс кара басты.
Дербиштей үмүт жибин сүйрөп алып,
Издеймин. Издеп келем махабатты.
Ушинтип үн салган жан-дүйнөм серүүндөп каякадыр бир жака жок болот. Макул. Байкуш канча ирет эзилди, эми өз каалаган жагына бет алсынчы. Анын муңдуу авазын өз кучагыңа ал да, менин көз жашымды жашыра көр жамгыр үнү...
Автор: Рахат Боркоева
04/11/2017 -
Сен менин кыялымдын ханзаадасы....
Жазылган күн: 17 Июн 2017
Баары мындан сегиз жыл мурун башталды.Балалыгымдын таттуу кундорунун биринде Супер инфонун жаны санын ачып отуруп кичинекей ыр дуйно рубрикасына козум тушту.Анда сенин кичинекей суротчон мн Аяйым аттуу ырын турган экен.Мына ошо кун менин жашоомду туп тамыры мн озгортту.Балалыгымдын доору буто элек мезгилде сени балалык баё сезим мн жактырып калдым.Сен менин кыялымдын ханзаадасына, кунумдун нуруга,тунумдун айына айландын.Сен мен учун кол жеткис жылдыз элен.Сен суйуп журуп 7-класс болдум.Ии баса сени мн 3-классымдан баштап "ооруп" баштагам.Жайлоо убагы свет жок сенин жаны Сагына берем ырын чыгыптыр.Эжем телефону мн келип калды.Мен сенин ырынды бир угууну сурандым ал макул болду бирок бир шарт мн.Мен алардын коюн бир кун кайтаруум керек эле.Ойлонбой макул болуп ырынды уктум.Ушинтип сен учун кой кайтарганды да уйрондум Чоноюп менде кызгануу сезим ойгонду.Сени жактырган кыздар коп болчу.Озумдон кичинекейлерин балмуздак берип алдап"эми Нурланды мага бер ээ"дечумун. Эсимде сени менден бир жаш улуу кыз жактырып мен жаны сатып алган наушнигим мн телефонума бир дискинди жана сени "алмаштыргам"
Менден эки жаш улуу кыз жактырып калган сон мен ыйлагам.Сурангам сиз Жоодарбешимди эле суйунузчу деп.))Сени суйуп сага канча ыр жазбадым дейсин,сени деп айланамдагы адамдардан такыр алыстадым.Мектепке кундолук алсам созсуз сенин суротун болчу,ар бир дептеримдин ичи сенин гезиттен кыркылган суротторуно толуп кеткен эле Бир куну апам:
-Эсин ордундабы сенин!Билесинби ал ким сен ким?Анын айланасындагы кыздардын жанында сен ал учун чымын да эмессин!! Болду акылына кел!-бул соз мага катуу тийип жашынып алып ыйлап аттым.(ошону эстеп азыр да ыйлап атам).Ошентип кундор ото берди.Баякыдай эле оз дуйномдо сен жана мен...Сенин унунду угуп,суротун коргон мн жолугуу кыЯлым болчу.Бир жолу депутаттык шайлоого карата угут иштеринде Кыргызстан саясий партиясы мн биздин районго бирок башка айылга келдин.Менин бакытымда чек жок бир буктом катымды которуп алып ал айылга жоо жонодум.Жолдо кетип жатсам айылдашым да жоногон экен анын машинасына тушуп алып жетип келдим.Концерт башталып,Максат мн Нурзаттын атоосу мн ырчылар ырдай башташты.Данияр, Дайыр,Динара ж.б.Ошентип умутум узулуп,сенин чыкпаганына капаланып уйго карай жонодум.Бир убакта бугун сенин тууган кунун деп эл алдына чыктын.Кашайып эл артында мен.Катты алды жакта отурган синдиме узаттым.Ал ырдап атканында берди.Мен озумчо кыялдар кемесинде сузуп журдум.Ошентип кундор отуп дале сени суйуп журом.Элдерге жон эле ырлары жагат деген мн мен сени суйом ырларынды жон гана жактырам.Билесинби сени унутуу учун канча жигитке мумкунчулук бердим.Бирок унутуу болбой калды.
Азыр сен Асель мененсин мендеги жон гана суротун...Азыркы жаны чыккан ырындын клибине да аны тартыптырсын. Коруп ыйладым,журокту жек кордум...Сен менин балалык сезимимди гана эмес журогумдун жарымын да уурдадын.Мен сага жете албайм менин кыялымдын ханзаадасы. ..Аселдин уйлонуу той жакын дегенинен мен азыр бир гана нерсени коздойм.Ал сенден сезим кутуу эмес башка эмес.Сени мн жакындан таанышууну. Ишенем ал кыялым аткарылаарына. ....(((( -
Сагынуудамын...
Жазылган күн: 17 Апр 2017
Саламатсыздарбы. ...
мен дайыма окуйм ар кимдин журок сырын...Эми мен да жазууну чечтим...
Мен Чон-Алайдын кулуну,апакемдин умуту болуп чонойдум.Торт бир тууганбыз.Улуусу мен андан сон эки иним жана кичинекей синдим.
Мен 6-классыма чейин менин аталаш эжем бар экенин билбей кабарсыз журуп анан билдис.Укканда суйундум.(ал мезгилде синдим тороло элек эле)Ошентип мен аны тымызын издей баштадым.Кошуна айылда жашайт экен.Базарда бут кийим сатат экен.Мед колледжде окуп практиканы биздин ооруканадан отот экен.
ошентип 7-класс болгон мезгилимде больницага жатып калдым.(чон энемди карап)Ал практикада экен...Мени тааныйбы айтор мен баскан жерден баспай,мен кирген палатага кирчу эмес.Ошентип анда да маани бербей жургом.
Больницадан да чытык.Мезгил отту...Номерин аран таап ватсаптан жаздым.
салам
салам
кандайсыз
жакшы
таанышып алалы
мага зарыл эмес
кечирес мен сизди бироо менег алмаштырып алыпмын
фотон жиберчи
(фото)
э кайдан болосун
Бишкектен
койчу
чын
э мени тааныбайт деп ойлобо жабышпа мага
эжеке сизди тушуном бирок мени да тушунун атам мн апаныз ажырашса мен куноолуу эмесмин го?
ошо сенин атан менин атам болгонуна окуном
эжеке...
жабышпа жолун менен жур
синдиниз болгонум учун куноолуумунбу
э барчы ары...
мм макул кайрылып келин мен кутом-ушинтип жазыштык.Канча жинденсем да сабырдуу болуп отурдум.
озум чыгармачыл адам болгонум учунбу жан дуйном назик ыйлаак кызмын.Ошентип мен таптакыр озгордум.Эжекеме жеп кача ыр жаздым.Ыйладым. Мурунку жадырап жургон кыз жок тунордум.Синдимди канча карашан сайын эжелик милдетимдин оор экенин ошончо сезем.Кызык мен сезген нерсени ал сезди бекен.
Азыр синдимден алыс жактамын.Сагынуу мн жашоо откоруп атам.
Канча убак отсо да менин эжекеме болгон суйуум,сагынуум артып аны дайым кутом.Ишенем анын тушунооруно.
Бирок качан???
Учурда сагынуудамын аны...
кантем аны кутомбу же умутум узомбу?
Комментарийлер
retrosaiki ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?