Суперстан: TangemTa93 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

TangemTa93 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

TangemTa93 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
2 (0 күнүнө)
Активдүү форуму:
Кыз-жигит (1 билдирүүлөр)
Катталган:
24 Апрель 17
Кароолор:
1 743
Соңку аракети
Пользователь офлайн 09 Авг 2018 11:54
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
32 жашта
Туулган күнү:
Январь 28, 1993
Кызыгуусу:
Жашоодо ойлогон көөп нерселерди иш жүзүнө ашыруу
Жынысы:
Аялзаты Аялзаты
Калаасы:
Ош обласы

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
ICQ:
ICQ  tangul1993@mail.ru

Мага баш баккандар

  • Фотография unt_75 
    12 Фев 2019 - 01:53
  • Фотография Syun17 
    09 Апр 2018 - 06:47
  • Фотография ALMAAAN 
    04 Май 2017 - 15:31
  • Фотография Suluuushka 
    03 Май 2017 - 15:14
  • Фотография Aijana121197 
    03 Май 2017 - 02:29
  • Фотография Aijamal0405 
    28 Апр 2017 - 17:21
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Жигиттерди, айымдардын "жылдызына" карап билип алалы

    Жазылган күн: 2 Май 2017

    Просмотр сообщения FIANIT (22 Декабрь 2011 - 14:34) жазган:

    Сүрөт


    Кой

    Беткабы
    – «чыныгы мырзалык» таасир калтырат. Өтө ынак, ойлобогондой батымдуу, кээде жоомарт, берешен.

    Алсыз жактары – досторунун өтүнүчтөрүн кабыл албай коё албайт. Жадатма сөздөргө жана иштерге чыдабайт. Ден-соолугуна анча көңүл бурбайт. Баш ийүү дегенди билбейт. Себепсиз эле жоголуп кетип, кайра пайда боло калганды жакшы көрөт.

    Сунуш – анын ашыкча энергиялуулугу жана жекечилдигинин артындагы камкордукка муктаж жаш баланын мүнөзүн байкаганга аракет кылыңыз.


    Букачар

    Беткабы – бейпил, тынч жашоодо жашагандай болуп көрүнөт. Үйдө эптүү кожоюн. Тырышчаак келет.

    Алсыз жактары – көк бет. Айымдарга баш ийип калуудан коркот. Сөз менен тоону томкоро берет. Билимдүү маектештерден качат. Таттуу тамактарды жактыргандыктан бат эле толуп кетет.

    Сунуш
    – дайыма эркелетип туруу керек.


    Эгиздер


    Беткабы – сүйкүмдүү жана акылы курч. Өзгөчөлөнүп турууну жактырат жана тапкыч. Кандай гана коом болбосун бат аралашып кетет.

    Алсыз жактары
    – колунан келбесе деле сөз бере берет. Эки коёндун аркасынан чуркаган учурлары көп болот. Эмнени каалап жатканын кээде өзү деле билбейт.

    Сунуш – жашоодогу максатын аныктоого жардам берүү керек. Андан кийин ал максатка жетишин көзөмөлдөп туруу зарыл. Эгиздерге эки сүйүү, бирок бир эле аял керек.


    Бөйөн

    Беткабы – айымдарга карата болгон сезгичтиги күчтүү. Аябай камкор. Берилип маектешкенди жактырат.

    Алсыз жактары – өткөндү эстеп жарасын ырбата берет. Жалгыз калуудан коркот. Кирдеп калса да жакшы көргөн кийимин чечтире албайсыз. Абдан алсыз, көп сүйлөбөйт, сергек, бирок күңкүлдөй бермей адаты бар, кежир.

    Сунуш – жини келген убакта жалгыз калтырыңыз. Аны эсине келтире албасаңыз, оорумуш болуп коюңуз.


    Арстан

    Беткабы
    – сүйкүмдүү, көрүнүктүү сырткы келбет жана кийим. «Айымдарды өзүнө тартып алуучу» баркын сактап туруусу ал үчүн абдан маанилүү. Өзүн романтик, берешен элестетет.

    Алсыз жактары
    – өзүнө болгон көңүл коштук мамиледен коркот. Жакшы көргөн отургучу, гезит жана коньяк болсо болду. Коомчулукта жолу болбогон киши болуп көрүнүүнү каалабайт.

    Сунуш
    – сиздин падышаңыз экенин билдириңиз. Ошол эле убакта сиз падышанын аялы экениңизди унутпаңыз. Эң негизигиси – чексиз суктануу, мактоо жана тазалык.


    Бийкеч

    Беткабы – таза акыл-эс жана бардык жерде белгилүү бир системанын болушу. Дайыма так жүрөт. Өзүн өзү башкара алат.

    Алсыз жактары – алгач жашоодогу көз карашын табышы керек, андан кийин гана ага карата багыт алат. Акылында түзүп алган негизден чыга албайт. Жоопкерчиликтен коркот.

    Сунуш
    – ишениминен тандыра алсаңыз, мурунку көз карашынан кайтарып, башка көз карашка келтире билсеңиз, анда бул мырзаны колго алганыңыз.


    Тараза

    Беткабы – жагымдуу жылмаюу. Сүйкүмдүүлүгүн көп колдонот.

    Алсыз жактары – кыялкеч, маселелер өзүнөн өзү эле чечилип калат деп ойлойт. «Жок» деп айта албайт. Сулуу айымдарды көрсө «акыл-эсин»жоготуп коёт. Көркөмдүүлүктү, сулуулукту жактырат.

    Сунуш – бардык чечимдерди өзүңүз кабыл алыңыз. Бигуди, халат дегендерди анын көзүнчө тагынбаңыз, кийбеңиз. Жарашыктуу көйнөк, кооз бөлмө, шаан-шөкөт, шам болсо – мырза толугу менен сиздики.


    Чаян


    Беткабы
    – көрөгөч. Күчтүү жана ишендүү адамдын таасирин берет. Жаратылышынан эле психолог. Жашоонун бардык соккуларына туруштук бере алат.

    Алсыз жактары
    – түрдүүчө кубулуп-кулпурган айымдарга ырайымсыз мамиле кылат. Анын өзүнө гана тиешелүү жүрүм-турум эрежелери бар. Ичиндеги карама-каршылыктардан улам көп ооруйт.

    Сунуш
    – сизден чыдамкайлык жана берилгендик талап кылынат. Ал жакшылыкты да, жамандыкты да дайым эстеп жүрөөрүн унутпаңыз.


    Жаачы


    Беткабы – келбеттүү, ысырапкор, шайыр. Айтуусу боюнча, бардык маселелерин чечүүчү тааныштары көп. Спортту жактырат... телевизордон көргөндү.

    Алсыз жактары
    – Өткөн-кеткенин жашырбайт, анын ичинде мурунку сүйүүлөрүн да. Дайым «бойдок»!

    Сунуш
    – үйгө жана үй-бүлөгө байлабаңыз. Өзүңүз эркиндикти жактыраарыңызды билдириңиз. Кээде сырдуу телефон чалуулар же гүлдөр менен анын сизге болгон кызыгуусун арттырыңыз.


    Текечер


    Беткабы – ишенимдүү. Түбөлүк сүйүүгө кепилдик. Эмоционалдык жана материалдык абалдын туруктуулугу.

    Алсыз жактары – никесиз өзүн алсыз сезет. Сезимдерин билдирүүдө, эркелетүүдө кыйналат. Бирок, өзү сүйүүгө муктаж. Башкалардын аны барктап, мактап, суктанып туруусун каалайт. Үй-бүлөлүк бюджетти көзөмөлдөп турат.

    Сунуш
    – аны жарашыктүү кийимдер менен, сулуулугуңуз менен өзүңүзгө тартып алам деп ойлобоңуз, анын ордуна кандай кожойке экениңизди көрсөтүңүз.


    Суупери


    Беткабы
    – кыялкеч көз караш, ойлору алыстарга учуп кетет. Эгер сизди какшыктап жатса, анда жактырып калды деп түшүнүңүз.

    Алсыз жактары
    – мейли адам болсун, мейли идея болсун жаңы жана өзгөчө нерселердин баарына ашыга берет. Материалдык байлыкка баш ийбейт. Эркин болууну каалайт.

    Сунуш
    – аны дайыма кызыктырып туруңуз. Бардык сырларыңызды ача бербеңиз.


    Балык


    Беткабы
    – шайыр күлкү, кыялкеч көздөр, романтизм. Дайыма кайгыңызды тең бөлүшүп, жаныңызда болууга даяр.

    Алсыз жактары – көпчүлүк убакта реалдуулуктан алыс болот. Тамактанууну да унутуп калат. Өзүнүн ыңгайлуулугун ойлонбойт. Досторуна жана сүйүктүүсүнө өзүн толугу менен арнап коёт. Анын күлкүсүнүн артында кайгы-капа, санаа сакталуу.

    Сунуш – анын кыялдарына шек келтирбөө керек. Анын ордуна кошо кылданып, аларды ишке ашырууга жардам бериңиз.

    Гулира КАЛЫКОВА

  2. Темасы: Гинекологдон кеңеш сурайм

    Жазылган күн: 2 Май 2017

    Саламатсыздарбы, мен турмушка чыга элекмин бирок менин алды жагым аявай кычышат тим эле жер тепкилеп кетем, эмне кылса болот.

Достору

TangemTa93 Досторду кошо элек

Комментарийлер

Баракча 1 - 1
  1. Фотография

    TangemTa93 

    02 Май 2017 - 16:11
    Салам
Баракча 1 - 1

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июн 2025 07:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: