kadam
- Кыймылы жок
- 98 (0,02 )
- Жүрөк сыры (53 )
- 22 Февраль 11
- 17 297
06 Май 2021 16:54
- Карапайым
- 63
- 10, 1962
- Кызыгуусу:
- сууда сүзүү, балык кармоо,
- Жынысы:
-
- Калаасы:
- Бишкек.
-
Жалгыздык
16 Мар 2019
Кечээ эле үйдү үч көтөрүп ызы-чууга кылган неберелерим эми алыста... Кечээ эле маңдай-тескей отуруп кобурашып чай иччү уул-келиним алыста...Үйдө тымтырс...бир гана өзүмдүн дем алганым,молдонун азан чакырганы угулат. Жымжырт баары...Бир заматта заманам куурулуп, жалгыз калам деп эч ойлогон эмесмин. Тагдыр жазмышпы билбейм? Баарынан да жашың өтүп калганда буга көнүш өтө, өтө эле кыйын экен. Жашоомдун барактарын түнү бою барактап чыгам...Биз сонун үй-бүлө болчубуз. Сүйүшүп жүрүп баш коштук. Биздин үйлөнүү тоюбузга жатаканадагы баардык студенттер келишкен. Окууну бүтүп, борбордо иштеп калдык. Аңгыча жаштарга борбордон там салууга жер тилкесин бөлдүрүү кыймылы күч алып, өкмөт жер бөлүп бере баштады. Элдин шары менен жер тийип, эки бөлмө там салдык. Жашообуз жакшы, эки уулду болдук. Социализм системасы кыйрап,баарыбыз базарга чыктык. Ал иш биздин колдон келбейт экен, кайра эле көнгөн мугалимдигибизге бардык.Айлыкты 4-5 айлап албай калчу болдук. Күйөөм иштен чыкты. Бир чоңдун кеңешчиси болуп иштей баштады. Акырындык м-н карыздан кутулуп, оңолууга өттүк. Санаа жок, иштеген иш, жашаганга үйүбүз бар. Балдар бала бакчада, биз жумушта. Күйөөм да элге аралашып, кадыр-,барктуу боло баштады. Жүргөн жери отуруш...Аны деле аңдап билбейм. Бирок элден уга баштадым. Күйөөң тиги м-н муну м-н базарлап жүрөт.Эки үч жолу жумушунан улуу аялды көп көрчү болдум. Маани деле берген эмесмин. Сиңдим айтып келди, жездемди көрдүм, бир аялга шуба алып берип жатты.Ичим тызз дей түштү...Жолдошумун үйгө конбой калчу адаты пайда болгон. Акыры билинди...Ызы- чуу чыр чатактын аягы ажырашуу м-н бүттү. Бүттү баары...Тогуз жашар, эки жашар уулдарым м-н калдым.Бир кезде балдарын жанындай көрчү атакебиз эми балдарына карамак турсун,уялбай 6 айга 90 сом алимент салыптыр. Мингени мерседес, кийингенин айтпай эле коёюн. Өзүнөн 10 жаш улуу аялдын 4 баласын багып кетти. Эки уулумду багып-чоңойтуш оңойго турган жок. Эки жыл катуу стрессте болдум. Үйгө келген туугандарымдын мемиреп уктап жатканын көрүп, суктанаар элем. Мен да ушулардай болуп, санаа тартпай тынч уктаар бекем?Белди бекем бууп,ишке катуу кириштим. Ишимден сырткары,чет элдиктерге сабак бере баштадым. Баягы 2 бөлмө үйдү чоңойттук, короону өзүбүз сокмо уруп тостук. Ар бир ишти балдарым м-н чогуу кылабыз. Балдар чоңоюшту. Улуусу жакшы окуу жайга өттү.Кичүүм техникумду бүтүрдү. Улуу балам кайнатамды тартып жоош, окууга, музыкага шыктуу. Кичүүсү окууну жаман көрчү, бирок адамдар м-н мамиле түзгөндү, сүйлөшкөндү жакшы билет. Кичүүм биринчи үйлөндү. Келиним жакшы чыкты. Колумда бир топ жыл чогуу жашадык. Эч бир кынтыксыз оокат кылган, оюмдагыдай сырдашым, жан биргем болду. Татынакай эки неберелүү кылды. Туруктуу иши болбой, уулум бир топ кыйналды. Ошондо да, сен таппайсың, аны кием, муну кием дебеген сабырдуулугуна баа бердим. Улуу балам бойдок...Өзү момундугунанбы, башкаларга окшоп кыздын артынан чуркачу эмес. Соцсеттен бир кыз м-н таанышыптыр. Өзүнчө эле мулжуңдап калыптыр.Бизге жага бербей, сөз м-н чымчылап жүрдүк. 8-мартта шаабайы сууп келди. Кичүүм айтты, тиги кыз берген белегин жактырбай кубалап ийиптир. Ал эмнеси?-деп койдум ичимен.Санаага батып, азып кетти уулум. Апрель айы болуп калган, үйгө токтобой калды. Экөө жарашыптыр дешти. Аа жакшы болуптур.Орозого жакындаганда уулум кафеге чакырды. Бардым, аябай сырдашып сүйлөштүк.-Апа үйлөнбөсөм болбойт, кыздын боюнда бар.-Мейли, өзүңдүн да жашың келип калды, үйлөнсөң үйлөн.Качан тааныштырасың? -Азыр келет. Жакшынакай кийинген өңдүү-түстүү кыз келди.-Здрасьте. -Ии келегой. Уулумду чындап жакшы көрөсүңбү?- Жылмайып койду.- Жашоодо өйдө-төмөн болот. Бирде бар, бирде жок чыдайсыңбы? -Ага. -Эми кандай бүтүмгө келели?- Я скажу своим родителям, но боюсь.-Ии эмнеге? -Думаю, они будут против.-Эч нерсе болбойт, көндүрөбүз. Бир жумадан кийин дагы жолуктук.Ыйлап алыптыр. -Эмне болду?-Родители против.-Эмне үчүн? -Он оказ-ся не богат.Биз сени богатый женихке беребиз. Кулагыма угузба дешти.-Чакыр ата-энеңди, бизди көрбөй туруп, кайдан билет? Бетме-бет жолугалы? -Вы только не говорите что я беременна. -Айтпайм. Сен чакыр,аларды көндүргөн жагын өзүм алайын. Мындайды күтпөгөн жаным, аябай жаман болдум,бизди кемсинткенине. Кийинки жумада жолуктук.

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
sterva
27 Авг 2015 - 08:28