Sunday_
-
Жүрөгүм музга айланды...
16 Окт 2017
Ноябрь айында туптуура 6 жыл болот таанышканыбызга. Ошол кун дагы деле менин эсимде экен... Жок—жок, тагыраак айтканда мен ал кунду унуткан эмесмин. Бир туруп, ошол жолуккан кунубузго ыраазы болуп кетем. Анткени, адамды жакшы коруу сезимин даамдагам. Бирок, ошол эле кунго канча жолу наалат айтып, коз жашымды токтум? Ойлонсом, кызыктай адам экенмин... Кээде кулкум дагы келет. Адам эки айда бир адамга ушунча катуу дагы байланабы??? Эстесем, ортобузда эч нерсе болгон эмес, эки жолу кол кармашып басканыбызды эсепке албаганда.Ооба, 6 жыл мурун кичинекей мотурайган кыз эмес белем? Эгерде ошол кезде ушундай болорун билсем, сен менен таанышмакмесмин. Азыр чонойдум мен. Бой жеткен кызмын. Окуумду да бутуп жатам. Бирок, ушунча жыл отсо дагы сенден башкасына журогум жылыбай койду. Канчалык аракет кылбайын болбой койду. Сени деп, канча балдардын конулун ооруттум? Ошол кездеги балалык суйуум журогумду ээлеп алган окшобойбу, башка адам, сенден дагы жакшы адам мени суйгондо, мен аны суйо албай койдум! Мен сенин абалынды эми тушунуп турам, анткени сен мени суйгон эмессин!
Жакында сен уйлоносун, мен муну укканда кандай абалда болдум билесинби? Жок, сен бактылуу болушун керек! Макул, мени менен эмес, башка менен болсо дагы. Анткени суйгон адам суйгонуно ар дайым бакыт каалайт. Менин да жашым отуп баратат, мен дагы бактылуу болушум керек! Журогумдогу муз качандыр бир кезде ээрийт деп ишенем...
Sunday_

Супер-Инфо
super.kg
видео



25 Окт 2017 14:14
Мобилдүү версия
Sunday_