Dokubaike
- Кыймылы жок
- 2 (0 )
- Саясат жана коом (1 )
- 14 Июнь 17
- 1 052
08 Авг 2021 19:39
- Момун
- 41
- 14, 1985
- Жынысы:
-
-
Жеңеме кантип жардам берсем болот?
16 Июн 2017
Салам Форумчулар,
Силерден кеңеш керек болуп жатат.
Маселе мындай: Жеңем(жашы 45-50 арасы) үлгүлүү келин болчу илгери. Тагдыр экен,мындан 13 жыл мурун жол кырсыгына кабылып,башынан катуу трамва алган. Эсин жоготуп,6 ай дегенде калыбына келди окшойт. Андан бери 3тү төрөдү. Ден соолугу жакшы эле,болгону ушу кээде "замыкание" болуп кетет: көбүрөөк,орунсуз сүйлөп кетет.Өзү эмне деп атканын билбей калат(баштын трамвасынын калдыгы го). Кыскасы мындан 8 жыл мурун Бишкекке көчүп келишти.Үй-жайы бар,курсагы ток,кийими бүтүн дегендей. Анан келгенден бери анча-мынча ичип койуп жүрүп,көбөйүп кеттиптир.Азыр ичүү үчүн ойго келбеген шылтоолорду айтып арак таап ичет. Балдарына деле энедей мээрим төкпөй калды.Балдары сыртка чыкпа деп кайтарат.Аларды урушуп,уруп чыгып кетет.
Ушуну эмне кылсак болот? Негизи эле аял кишинин ичкиликтен куткаруу кыйын дешет,ушул боюнча уккан-билгениңер барбы?
Өзү жеңем медучилищаны бүтүргөн.Доктурлар бир дары жазып берсе дароо эле билип алат ал эмне дары экенин. Күйөөсү ичпей калган. Бирок андан бир үмүт жок.Ал да трамва алган да. Эгер бир жол табылып калса,өзүм эле балдары менен чогуу бир жардам берсем дееген ниетим бар эле.
алдын ала жоопторуңуздар үчүн чооң ырахмат.
Dokubaike

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
Dokubaike