Arzuuna Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 9 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Август 17
- Кароолор:
- 5 840
- Соңку аракети
20 Мар 2018 16:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 105 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 1, 1919
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Сүйүү төрт бурчтугу...
Жазылган күн: 4 Сен 2017
Аскар шаарга окууга отту. Бир чети жакшы болду. Кийинки учурда андан тажай баштагам деп айтып калды Майрам. Урмат да тапшырдыбы окууга дедим. Майрам тан кала мени карады.
-Сен эмне уккан жоксунбу?
-Мен эмнени угушум керек эле дедим.
-Анын атасы менен байкеси кайтыш болуп кетиптир авариядан. Шаарга озунун уйуно кетти. Быйыл тапшырбайт го окууга. Уйундо жанагыдай каргаша болуп жатса кантип окумак эле.
- Бул жакта кимдин уйундо жашачу эле дедим тан кала.
- Чон атасынын уйундо жашачу. Бул жакка чон ата, чон энесине каралашканы келген экен. Бирок аны оздоруно алып калышыптыр. Ошентип 3 жылдан бери бул жакта окуп калган экен. Эми озунун апасына кетет да, алардын уй булосу азыр оор учурду откозуп жатышат деп ыйлап жиберди.
Майрам чын дилинен аны аяп жатканы билинип турду.
- Ай ага эмне анча кайгырып жатасын? Эмне Урмат да олуп калмак беле. Жашай берет. Башында бир аз кыйналат, анан конуп кетет дедим.
Майрам мени оозу ачылып карап калды. Бакырайган коздору андан бетер чоноюп мени тан кала карады.
-Ал эмне дегенин. Ага азыр ушундай кыйынчылык отуп жатканда минтип табалаганын туура эмес курбум.
- Бул таба эмес. Ошону кормок. Озун тимеле асмандан тушо калгандай сезчи эле. Мына кордунбу Кудай ушинтип эле тендеп коёт дедим андан бетер мисирейип .
- Арзу туура эмес суйлоп жатасын. Ал эмес сен бой которуп журосун. Ачыбаган камырдай болуп деги эч ким менен суйлошпойсун. Элдин баарын озундой ойлой бербе деди.
- Эмне эле ага боорун ооруп калган?
- Сенин ушундай ташбоор экенинди билбептирмин Арзу.
- Билбесен мындан кийин билип жур дедим да кетип калдым.
Дагы коп эле создор болгон. Кобу эсимде калбаптыр.
Жакын курбумдун минтип мен эн жаман коргон адамыма болушуп жатканы жинимди абдан келтирди. Азыр ойлосом Майрам абдан боорукер кыз экен. Бир жолу кочодо суукта калган кичинекей кучукту коруп, ыйлап жиберген эле. Кофтасы менен кучукту ороп, бооруна кысып уйуно алып кеткен. Ошентип, кутулбогон жерден Урматтын айынан урушуп кеттик. Бул биздин эн алгачкы жолу бири бирибизди тушунбой урушканыбыз эле.
Каникул бутуп окуу башталды. Майрамды ушунча таарынттым беле ким билсин айтор мага таптакыр суйлобой койду ошондон кийин. Классташ кыздар тан кала сурап коюшат. Экооно эмне болгон? Менден жооп болбогон сон Майрамдын жанын койбой сурап башташты. Эмне деп жооп бергенин билбейм. Ошондон кийин кыздар андай суроо бербей калышты.
Мен мурдагы калыбыма кайтып баштадым корунот. Эч ким менен суйлошкум келбей жалгыз боло баштадым. Кундорум да кунарсыз ото баштады. Ар бир кунумду шандуу кылган Майрам болчу чынында. Барып кечирим сурап кайра достошкум келди. Бир кор намысым кармап кечирим сурамак тугул жанына жакын жолобой койдум. -
Темасы: Сүйүү төрт бурчтугу...
Жазылган күн: 3 Сен 2017
Убакыт отуп Аскарлар мектепти бутуп кетишти. Ал кеткенден кийин Майрам болок жигит менен суйлошо баштады. А мен тангалып Аскарын бар эле го десем, ал эми жок, шаарга кетти мен эмне жалгыз журо бермек белем" деген жооп алдым.
Бир куну чон энем жинденип кирди. Эмне болду апа дедим анча тушунбой. Ой эмне болду деп коёт, жанагы Майрамга жолобой жур деп канча айтам кагылайын. Анын бир шойкомдуу кыз. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. Анын жигитерди кол жоолуктай эле алмаштырат экен деп айтып журушот. Эмитен минтип журсо кийин кандай жолго тушот. Кагылайын кызым Майрамдан алыс эле болчу деп мениин кулагыма куя баштады адатынча. А мен Майрам менен чон энем айткандай алыс журо албайт элем. Себеби менин жалгыз гана курбум ошол Майрам эле. Болок эч ким менен сыр чечишип ал тугул жондоп да суйлошчу эмесмин...Аны менен откон ар бир кун кызыктуу отчу. -
Темасы: Сүйүү төрт бурчтугу...
Жазылган күн: 3 Сен 2017
Басып калды эмес басып кетти. Туура эмес жазып алганым учун кечирим сурайм.
Бир куну Майрам кафеге барып келели, Аскар чакырып жатат деп калды. Мен албетте каршы болдум, себеби Урматтын шомтурогон сапсары кебетесин коруп конулумду тушургум келген жок. Аскар менен Урматтын дайыма чогуу журушу белгилуу эле. Бирок Майрам "мени менен барбасан болбойт, мейли кафеге кирбесек да жон эле жолугуп коюп анан келе беребиз, пожалуйстаааа "- деп адатынча жалдырап баштады. Айла жок бардым. Жолуктук. Мен ойлогондой эле тиги сары немени ээрчите келиптир... Кыздар кечиктинер го жургуло эми тамактанып алалы, каршы эмессинерби деп Аскар сурап калды. Мен жоок, жон эле кетебиз деп айткыча эле Майрам "неге каршы болмок элек. Биз макулбуз албетте" деп жиберди. Айла жок барышка туура келди. Жолдо келе жатып Майрам ар нерсени суйлоп бизди кулдурот. Кафеге да келдик. Аскар бизге силер тамактана бергиле.Майрам менен суйлошо турган созум бар эле, азыр келебиз деп кетип калды. Майрамды карасам "азыр келебиз он минута кутуп кой эми" деп артын карабай Аскар менен жоноду... Экообуз отурабыз тиктешип. Мындайда убакыт да отпой калат окшобойбу. Кетким келип, кадимкидей тердеп чыктым. Акыры Урмат эмне заказ бересин? деп сурап, менюну мага сунду. Мен карабай эле лагман дедим. Озу да тамак заказ берди. Ачка болчум. Лагманды жейин десем эле камыры тайгаланып, улам тушуп кетип жатты. Ансайын Урмат карап отуруп алса болобу. Ичимден озумду озум жемелеп коём. Мен деги эмне болуп атам, ушу шомтургон немеден сурдоймбу деп озумду озум урушуп коём . Каап келбей эле койбой. Тиги мени тиктегенин токтотпойт. Жиним келип чыкты. Мынча болду биротоло тан калтырайын дедим да, алдымдагы тамакты ушундай берилуу менен жеп баштадым. Эч тартынбадым. Чай куюлбаган боюнча турган. Куйдум да жутуп жибердим. Бир карасам алдындагы тамагын жебептир таптакыр. Тамагынды жебейсинби жалдырабай десем, сенин жегенинди коруп уже тоюп калдым деп коёт. Тоюп калсан келе бери алдагы тамагынды да мен жеп койойун, акчан бекер коробосун дедим да жообун кутпой эле тамагын алып жеп баштадым. Оозун ачкан боюнча тан калып мени карап калды .. (ошол окуяны эстегенде азыр дагы кулкум келет). -
Темасы: Сүйүү төрт бурчтугу...
Жазылган күн: 1 Сен 2017
Урмат Аскар экоо классташ болчу. Бир мектепте окусак дагы мурда аны негедир корбогон экем. Танапис учурунда аны коруп калдым капыстан. Мени коздой басып келе жатты. Жаман оюмда откондогу айтпай кетип калганына кечирим сурайт окшойт деп ойлоп буто электе эле жанымдан туптуз эч нерсе билбеген кишидей болуп отуп кетти. Жиним ушунчалык келип, намыстанып кеттим. Ошондон тартып мен аны коргондо кыжырым кайнап жиним келип чыгаар эле. Албетте билгизчу эмесмин. Мен да жанынан откондо койкоё басып сен кимсин дегенчелик кылып, карабай отом. Биздин билинбеген тирешуубуз куч ала берди. Бир куну уйдун полун жууп бутуп суусун эшиктин алдын коздой чачып жиберсем капыстан мандайымда Урмат пайда боло калды. Шомтуроп неге келгенин билбейм. Мен токкон суу анын шымына чачырап кеткен экен. Коркуп кеттим чынында. Урушат болуш керек деп ойлонгуча болбой эле, бутун силкип туруп басып калды. Бир да соз чыккан жок оозунан. Мындай мамилеси мени андан бетер жиндентти. Мени кемсинтип караганы, озун менден бийик коргону билинип калчу. -
Темасы: Сүйүү төрт бурчтугу...
Жазылган күн: 31 Авг 2017
Саат кечки 10 болгондо Майрам келди. Аскарлар бизди кутуп жатышат. Бол батыраак деп шаштыра баштады. Же мен чыга алсамчы. Себеби, чон энем уктабай телевизор коруп отуруп алды. Мен улам барып апа эс алсаныз боло, чарчадыныз деп коём. Чон энемдин уктаар туру жок. Ошентип саат тунку 12 дегенде гана чыктым. Аскар досу экоо жана Майрам кутуп турушуптур. Майрам мени коруп эле козунун тобосу менен карап калды. Ошентип Аскардын досу менен тааныштык. Бою узун саапсары, жылчыйган бала экен. Мага жаккан жок чынында. Ушу сомтурогон неме учун ушунча уктабай, ушуну куттумбу деп озумо жиним келип турду. Аскар менен Майрам оздорунчо болунуп кетишти. Биз Урмат экообуз калдык. Алда менден отуп суйлобойт же мен суйлобойм. Жалдырап турабыз экообуз. Бир убакта ушугон жоксунбу деп сурап калды. Мен жок деп жооп бердим. Деги созубуз жалганбай койду таптакыр. Азыр келем деп коюп кетип калды. Куттум, келген жок. Ошентип уйго кирип кеттим. Уйго кирээр менен жиним келип отуруп калдым. Же уктай алсамчы. Эмнеге мен жигиттер менен суйлошо албайм? Эмнеге мага жигиттер соз айтышпайт? деген жообу жок суроолор...
Эртеси сабакка барсам Майрам кутуп олтуруптур. Кирээрим менен эле суроолорду жаадыра баштады. Неге кирип кеттин, биз келип сени таппай калдык. Сенин кийип чыккан кийимин кантет, уялып олуп калдым. Уят эмеспи, кичине жасанып, тузонуп чыкпайт белен кызга окшоп деп уруша баштады. Унчуккан жокмун. Тиги балан озу таштап кетти мени деп айтмак белем...
Комментарийлер
Arzuuna ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?