Arzuuna Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 9 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Август 17
- Кароолор:
- 5 971
- Соңку аракети
20 Мар 2018 16:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 105 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 1, 1919
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Сүйүү төрт бурчтугу...
Жазылган күн: 31 Авг 2017
Салам замандаштар! Сиздерге башымдан откон окуяны баяндап берейин. Мага кенеш бериштин кереги жок жана шаштырбаныздар. Убактым болгондо гана жазып турам.
Атым Арзуу. Ата энем коп жыл балалуу болбой журуп анан мени корушкон экен. Кичинемде ото тентек жана эрке элем. Бирок бул эркелигим копко узаган жок. Себеби, мен 8 жашка чыкканда атам кайтыш болуп кетти. Жандай коргон атамдан айрылып, жашоо мага супсак сезилип абдан чогуп кеттим. 4 жылдан кийин апам турмушка чыгып кетти. Ошентип мен чон ата, чон энемдин колунда калдым. Алар мени эч нерседен кем кылган жок. Бирок оз ата энеге барибир жетпейт экен. Жыл откон сайын тунт болуп чоноюп жаттым. Чынында айланадагы болуп жаткан нерселердин баары мен учун кызыксыз эле. Эч ким менен курбу да болгон жокмун. Туптуз сабака барып кайра уйго келчумун. Анан кечке уй жумуштары менен алек болом, сабак окуйм. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарына кирчумун. Ошондой кундордун биринде классыбызга биздин областтын борборунан бир кыз келип кошулду. Ал учурда биз 8- класстын окуучусу элек. Аты Майрам экен. Ушунчалык энергиялуу, шайыр кыз экен. Баары менен бат эле тил табышып алды. Мен жалгыз олтурчумун. Менин жанымдан орун алды. Кечке суйлойт ар нерсени. Улам улам эле суроо бере берчу. Буга чынында абдан кыжырым кайнап кетээр эле. Бирок сабакты анча жакшы окучу эмес. Ал биздин уйдон ойдороок 3, 4 уй нары жашайт экен. Сабактан чыкканда мени ээрчип алат жинге тийип. Барганча суйлоп барат. Ошентип кундор ото берди. Ошол учурда мектепте сулуулар сынагы отуп жаткан. Ага биздин класстан Майрам дагы катышмай болду. Биздин класстын атынан чыгып жаткандыктан баарыбыз жардам берип жаттык. Бири койногун тапканга жардам берсе , бир дагы бир кем каржысын толуктайт дегендей... Ошентип "Сулуулар сынагы" болду. Майрам биринчи орунду алып, мектепте бир кыйла абройлуу болуп алды. Чынында сулуу кыз эле. Ага соз айткан жигиттер кобойуп, карангы киргенде эле дарбазада ышкырыктар кобойду. Ошентип 10 класстагы Аскар деген бала менен суйлошуп журду. Майрам биздин кошунабыз болгондуктан каткырыгы жигити менен эзилише суйлошуп турганы бизге чейин угулаар эле. Чон апам Майрамга жолобо айланайын, андан алыс эле жур дей берчу эмнегедир. Себеби биз мектептен чыккандан кийин уйго чогуу келчубуз. Мен сурортту жакшы тартам. А Майрам кийим тартканды жакшы корот. Мен дайыма кыз тартып берсем, ал устуно ар кандай кооз койнокторду тартып коркуно чыгарып коёт. Биз кундон кунго жакын болуп кеттик. Ошентип курбуларга айландык. Мурда аны абдан жаман короор элем. Каткырып кулсо жиним келип кетээр эле. Эми ал кулсо мен да кошо кулуп, классташтарым менен баарлашып мен да аларга аралаша баштадым. Бир куну Майрам жигитин барбы деп сурап калды. Мен жок дедим. Себеби мага соз айтып, кат жазган жигит деле болбоптур ойлоп корсом. Анда Аскар келет бугун кечинде, досун ала келет. Таанышып кор, жакса чаап аласын деп калды. Мен каршы болдум. Бирок Майрам "мен сени суй деген жокмун го, жон гана таанышасын. Анын устуно жогорку класс болуп калдык. Ушундайыбызда жигит менен суйлошо беришибиз керек. Куйоого тийгенче карышкыр болуп калабыз. Анан жакшы куйоо тандап тийип кетебиз" десе болобу. Айтор каршы болгонума карабай акыры кондурду.
Комментарийлер
Arzuuna ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?