orhideya_15
-
20 жыл өткөн соң өз сүйүүмдү билдирсем болобу?
5 Июл 2018
Балалык кездеги сүйүүм болчусун деп тамашалап айтып койсо эмнеге болбосун. Бирок аша чаап кетпеңиз. Мага да классташ балам мектепти бүткөнгө көп жыл болгондо тел.номеримди таап алып сүйүүсүн билдирген. Бир жолу чалды унчукпадым эки жолу чалды унчукпадым. Үчүнчү жолу чалып дагы деле сени сүйөм дегенде ушунчалык жиним келди сөгүп туруп экинчи чалба дедим. Ошончого жеткирбей айтыңыз эгер айтсаңыз -
Монолог
24 Июн 2018
Мен бир кечирилгис күнөө кылдым. Мынчалыка барбашым керек болчу. -
Монолог
19 Июн 2018
Бир үйдө жашап, бир төшөктө жатып сени сагынгандан тажадым. Бир күндө бир жылуу сөз айтып коюш ушунчалык кыйынбы. Бүгүн да ыйладым. -
Жыртык жүрөк
1 Апр 2018
Баланы көп нерсени түшүнбөйт деп ойлошот. Бирок ата эненин ортосунда ушуга окшогон түшүнбөстүктөр пайда болгондо эң биринчи балдар кыйналышат. Чон адамдын оюна келбеген ойлорду ойлошот. Менин да башымдан өткөн мындай окуя.
Азыр ошондогу айткан сөздөрүмдү эстесем бир чети күлкүм келет, бир чети өзүмө боорум ооруйт. Мен дагы 11 жашымда папамдын любовницасына барып, уятыңыз барбы мен сизди жек көрөм, өмүр бою каргап өтөм дагы көп жаман сөздөрдү айткам. Түнү менен уктабай эмне деп айтсам деп даярданып алганымчы. -
Союз тарагандагы кыйынчылыктар
6 Ноя 2017
Мен да окуп балалыгымды эстеп бир ыйлап алдым
orhideya_15

Супер-Инфо
super.kg
видео



02 Мар 2019 14:20
Мобилдүү версия
orhideya_15