Anzhela
-
Мен сизди сагынган бойдон жүрөм...
10 Дек 2017
Сүйгөнмүн деп да сүйбөгөнмүн деп да айтуум кыйын. Көп эстейм, көп жоктойм. Көчөдөн окшош бирөөнү көрүп калсам да жан дүйнөм башкача болуп кетет. Өзүмдү коерго жер таппай калам (жерде турсам да). Жүрөгүмдү өзүңүз менен алып кеткенсизби билбейм, эч кимди жактырып, тандап кете албай койдум. Билем, буга сиздин да күнөөңүз жок. Мен ал учурда жаштык кылдымбы же өзүмө ишеничимдин жоктугунан пайдаландымбы билбейм, колумду сураганыңыздада кол сунбаганыма өкүнөм... Өмүр бою сизди сагынган бойдон өтөрүмө көзүм жетип турат. Өмүр бою сизди унутпасымды билип жүрөм. Кызыгы, сиз да мени мендей эстер бекенсиз..? Азыркы күндөрдө бир эле жолу көрүүгө зар болуп турам. "Курсагың токпу? Жылуу кийиндиңби? " деп камкор болгонуңуз эле сагындырса керек... Сизди азыр чындап сагынып турам, чындап эле сагынгам.(((
Ким эле аты ?

Супер-Инфо
super.kg
видео



19 Ноя 2019 13:37

Мобилдүү версия
Anzhela