Alixan__ Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 9 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (6 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 16 Октябрь 17
- Кароолор:
- 1 553
- Соңку аракети
03 Мар 2018 20:08
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1994
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жакшылык кыл бирок билгенге
Жазылган күн: 28 Янв 2018
Салам достор!
Сөздү чынында эмнеден баштоону билбей турам....
Мындан толук 2 жыл мурун Москва шаарында бир кыз менен таанышып калдым.
Чырай жүздү жакшынакай баардык жактан төп төп келишкен кыз эле.
Арадан эч канча күн өтпөй кыз жигит болууну сунуш кылдым ал кыз да көп күттүрбөй 10 күн дегенде макулдугун берип сүйлөшүп калдык.
Ошонтип күндөр күнгө уланып калды жанагы кыз ар 2 күндүн биринде ичим ооруп калды көрүнүшүм керек эле деп айта берчү болду.
Чынында жаш болчумун анча маани бербей түшүнбөй да калат элем
Ошонтип жүрүп акыркы ..Бауманская метрого келип Кыргыздардын оору канасына көрүндүк а мени ичкериге кирүүгө койбоду эшикте туруп калдым.
Ойумда баары жакшы жакшы болот деген эле үмүттө туруп калдым.
Арадан көп өтпөй бир медсестра чыгып телефондо сүйлөшүп калды бизге бир кыз келди 6 айлык боюнда бар экен эмне кылалы алдырам деп жатат деп айтып калды.
А менин башыма чооң гилтейген неме түшүп кеткендей болду жакшылап угуп ал телефонду өчүрүп кирүүгө келе жатканда алдынан тороп эле сурай баштадым азыркы келген кызбы мени менен келген кызбы деп ооба дал өзү эмне билбейсиңби деп калды жок эмнени билишим керек деп сурасам эркектин баары ушундай кылгылыкты кылып акырында эч нерсени билбей калат тур акмак деп түртүп өтүп кетти.
Жашоом астын үстүн болуп кетти ага чейин жанагы кыз чыгып калды ал мени мен аны карап эле туруп калдык.
Болоор иш болду эми баарын билесиң мени тынч кой өз бактыңды ойло деп ыйлап бара жатты .
Келчи сүйлөшөлүчү деп чай ичкени кирдик да ал жерде болгон окуянын баарын айтып берди мен баарын туура түшүнүп өзүм жебеген самсага акча төлөөгө макул болдум .
Көөпкө сүйлөшүп олтурдук ал апасына чалат а мен өз апама чалам да неберелүү болчу убактыңыз келиптир апа деп өчүрүп койдум кайра эле апам чалып эмне дейсиң түшүнбөдүм деп сурап калды ооба апа бир убактары акмкчылакм кылып койгом айта алган эмесмин деп айтып салдым.
Чынында апама сизге бирнерсени айта албай жүрөм бирок бир күн айтам деп өзүнчө эле бирдемени айта берчүмүн айтчу эч нерсе жок бирок ошонтип тамашалап койчумун.
Ошол күнү үйгө алып келдим ата энем менен таныштырдым.
Энене деген эне да байкуш апам макул балам сенин бактылуу болушуңду эле каалайм деп тим болду.
Ошол күн 20.03.2016 болчу кыздын ата энесине чалып сүйлөшүп калды кыздын ата энеси да менин ата энем сыяктуу ажырашып калган эле
Көп өтпөй кыздын апасы эжеси келип калды Москва шаарына ошонтип той белгиленди 27.03.2016 баары ыраазы Аллах ыраазы деп мен да макул болуп ич ичимден апама айта албаган сырым менен үйлөнө бердим .
Той болот анын эртеси да болот дегендей анын эртеси да болду арадан 3 ай өтүп уулду болдум Аллахтын кудурети менен өзүмө окшош аны эч ким сенин балаң эмес деп да айта албачуудай окшош эле 16.06.2016 балам жарык дүйнөгө келген күнү мен ошол күнү канчалык кубанганымды бир кана Аллах көрүп турду кубанычым ичиме батпайт эле .
Ошонтип өзүмдөн 2 жаш кичүү иним (А....н) деп ат койду турмушта ыссык суук болот экен мен көргөнүм жок бир да болсо үй бүлөө урушпай жашаганын.
Ар бир үй-бүлөдө уруш болсо керек эч бир жан кыйынчылыгы жок бакытка жете албаса керек биз да урушуп калабыз ортодо түшүнбөстүк болот бирок кайра эле жарашып жашай беребиз.
Күндөн күнгө мындай көрүнүш көбөйүп кетти келинчегим экөөбүз уруш кетип акесинин үйүнө кетип калды жалынып жалбарып алып келдим кайра жашай баштадык келип кетип санасам 3 жолу болуптур себеби мен аябай каттуу кызганам аялымды кызганбай кимди кызганат элем башка ал аны түшүнбөйт эле мени жаман көрүп калдыбы билбейм күндөн күнгө өзгөрүп калды балам 5 ай болгондо Кыргызстанга жөнөттүм келинчегим экөөнү тең 12.12.2016 жакшына барып баламы таштап өзү кайра келип калды арадан 4 ай өттү ошонтип жашап жүрүп 07.12.2017 күнү Кыргызстандан чалуу келип балам ооруп жатканын айтып калды шашылыш түрдө билет алып кайра эле ошол күн 12.12.2017 болгону толук 1 жыл дегенде Аллах берген уулумду көрдүм барганча жакшына болуп айыгып калыптыр.
Палеекет жок жерден болот дегендей аппендицит болуп калдым 22.12.2016 операция болуп оору Канада жатып калдым жаңы жылга чейин чыгып кетейин деп доктурлар менен сүйлөшүп 30.12.2017 чыгып кеттим 1 январь туулган күнүм эле келинчегимди апасынын үйүнө алып баргам жакшы ойдо келинчегим апасын 27.03.2016 көргөн бойдон көргөн эмес эле а эми мен ошол күндөн бери келинчегимди көргөнүм жок азыр болсо өтө көп нерсени ойлоп калам булар ушул күндү күтүп жүрүшкөнбү баласы чонойуп калганда алып койом деген ойдо жүрүшкөнбү билбейм бирөөгө жакшылык кылып өзүм башыма түйшүк арттырып алдым го чиркин эмне себеб болду билбейм келинчегим чалып кел үйгө деп чакыргам ангыча апасы телефонду алып чакырба болду барбайт деп телефонду өчүрүп койду чалам албайт жазам окуйт жооп жок кече жакында келинчегимден кат келди баары бүттү мени унут я не хочу жить с тобой прощай.
Бул жерде менин күнөөм кайсыл мен кай жерден жаңылдым апасын көрө элек деп апасынын алдына алып барганымбы же ичиндеги баласын сактап калганымбы же өз бактымды бирөөгө арнаганымбы билбейм билбейм
Комментарийлер
Alixan__ ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?