ABDULLA-BEK Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 9 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (5 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 17 Октябрь 17
- Кароолор:
- 1 720
- Соңку аракети
26 Ноя 2017 22:05
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 21 жашта
- Туулган күнү:
- Март 13, 2004
- Кызыгуусу:
- Кызыккан нерсем толтура!
- Жынысы:
-
Эркек
- Калаасы:
- Жалал Абад
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Түркчө эркин сүйлөгөндөр үчүн!
Жазылган күн: 31 Окт 2017
Benim adım Bekbolot olduğunu. Celal-Abad oblast Bazar Korgon bölgesinde yaşıyorum. Ben 13 yıl. Türkçe, Rusça rahatça söyleyebiliriz. Ben de İngilizce, Korece, Fransızca, biliyorum! -
Темасы: Түркчө эркин сүйлөгөндөр үчүн!
Жазылган күн: 31 Окт 2017
Herkese selam. Kendinizi tanıtmak için! -
Темасы: Жаш жазуучунун чыгармалары
Жазылган күн: 18 Окт 2017
Тээ илгери ата-бабаларыбыз "Узун жолду кыскарт" десе кеп баштоочу экен. Амантур менен Сайкал Мырзабектин ресторанына кандай келип калышканын билишпейт. Сөзгө ыйга алаксып олтуруп келип калышыптыр.
_Оууу, эже кооз жер экен ээ? Бул жерге эмнеге келдик?
_Эмнеге келгенибизди мен деле билбейм
Экөө ресторанга кирип барышты. Мырзабек бөлмөсүндө экен. Сайкал кирип күнө иш кылгандай башын ийип туруп берди.
_Эмне болду Сайкал?
Сайкалдын көзүнөн жаш чыгып турду.
_Эмне болду сизге? Айтыңыз?
Сайкал Мырзабекти жакын адамы катары сезип ага төрөлүшүнөн баштап баарын айтып берди. Буулугуп ичиндеги буугун да чыгарып алды.
_Эй койсоңчу эми! Телефон жерге кирсин! Жүрү кеттик. Иниңе бир нерсе алып берели!
_Сизге рахмат бир күнү кайтарып берем.
Экөө барып магазинден бир сыйра кийим кылып берди. Өзүнө да Мырзабек алып берип койду. Эмне мынча? Сайкалды бүгүн көрсө ушунчанын баарын? Эч түшүнбөйсүң! Сайкал Мырзабекти боорукер мыкты адам деп ойлоду. Мырзабек да Сайкалдай кызды биринчи жолу учуратып жатышы. Ак көңүл, нааздуу. Мырзабек нечен кызды көргөн. Бирок алардын бирин да Сайкалга теңебеди. Бир сыйра кийим кылып. Анан Сайкалды сулуулук үйүнө алып жөнөдү. Мурунку эски кийимдер ташталды. Сайкал эч боёнбогондуктан абдан кооз, сулуу болду да түштү. Боёнгондо Мырзабектин көз карашы улам күчөп көзүн албай тигиле карап отуруп калды. Сайкал жанына келип.
_Сизге чоң рахмат! Эмнеге мынча көп сарптайсыз? Мен бөтөн адам болсом?
_Мен өзүм күнүнө мынданда көп акча коротом. Эң башкысы элибиздеги сендей кыздардын көңүлү чөкпөсө болду. Сулуу татына?
_Абдан жакшы адам экенсиз.
_Жүрү кеттик ресторанга!
_Макул-деген назик үнү менен Сайкал Мырзабекти ээрчий жөнөдү. Экөө ресторанга барышты. Мына сага тамаша. Мырзабек жумушчуларынын акыбалын тиги-буусун сурап койбойт эле. Ишканасына сырттан киргени үчүн ашканага баш бакпайт. Креслодо олтуруп гана жумшап коёт. Жаңы ресепт чыкса да бөлмөсүндө татып көрөт. Эң башкысы бул ресторанды жөн зериккенде гана кароочу жана коошумча акча түшүүрү үчүн курган. Ресторандан башка да имараттары көп. Шаардагы чириген байлардын бири. Бүгүн кирип жумушчуларга учурада. Албетте жанында Сайкал да бар. Аны иш менен таныштыруу үчүн келди.
_Саламатсыңарбы?
Элдер аң таң боло калды. Кээ бири түшүнбөй да калды. Кээ бири колундагы буюмун да түшүрүп жиберди. Анан бир ооздон
_Саламатсызбы? - же Саламатсызбы шеф-деген сөздөрүн айтышты.
_Саламатчылык, жумуш болуп жатабы?
_Ооба.
_Замир арыздар жокпу?
_Жок эч ким арыз жаза элек. Нараазычылыктар жок.
Замир Мырзабектин досу. Ресторанда админцтратор. Мырзабектин сызган сызыгынан чыкпайт. Мырзабектин иш-канасына бир гана Замир кире алат. Өңү кара, денелүү ак чачтуу бул киши Мырзабектен чоң көрүнөт. Болбосо Мырзабек экөө тең 35 жашта. Айынан гана айырмасы бар. Жаш кезинен чогуу жүргөн достордон. Экөө абдан ынтымак. Замир беш убак намазга жыгылган ыймандуу киши. Аялы каза тапкан. Кийин үйлөнсө кийинки аялы балдарына камкор боло албагандыктан экөө эки жолго түшкөн. Ошондон бери балдарын өзү карап келет.
_Жакшы досум. Мейли эми. Танышып алгыла бул кыздын аты Сайкал. Бүгүндөн баштар биздин ресторанда официантка болуп иштейт-деп кыска кийген, бети боёлгон, бутунда такалуу бут кийими бар сулуу кызды көрсөттү.
_Менин атым Замир-деген киши колун сунуп аны менен саламдашты. Калганы саламдашканы чамасы да келбейт. Себеби бир туура эмес иш кылса 10.000 сомдук айлыгынан ажырайт да.
Мырзабек Сайкалды бир карап чыгып кетти. Чыгып кеткенде оор жүгүнөн кутулгансып баары оор үшкүрүнө Сайкалга келип саламдашы башташты. Чачы сары жаш жигит, болжолдо Сайкал менен теңирек бир бала келди.
_Салам менин атым Жоник. Сен менен танышканыма кубанычтамын.
_Мен да кубанычтамын.
_Канча жаштасың?
_17
_Жаш экенсиң да ээ.
Сайкал акырын баш ийкеди. Наркы жактан Сайкал курактуу кыз
_Эй Жоник, койчу кызды уялтпастан. Салам менин атым Аида.
_Сайкал. Танышканыма кубанычтамын. Жүрү чоогу иштейбиз.
Сайкал баш ийип Аиданы эрчий жөнөдү. Калганы да чачырап өз жумушуна жөнөп кетти. Сайкал жана иниси Мырзабектин үйүндө жашап кала беришти. Мырзабектин бир үйү бар. Пентхаус үйлөрдөн. Ошол үйүнө Сайкалды ошол жерде жашап туруусун кийин үй табышын айтты. Өзүда ушул үйдө жашап кала берди. Мырзабектин аялы бар. Мотурайган карасаң тойбой турган таттуу балдары бар. Ал үй бүлөөсүнө барусуу да азайды. Кечке Сайкалдын жанында болгусу келет. Мырзабек далай жолу Сайкалга сүйүүсүн арнады. Бирок Сайкал ага ак сүйүүсүн арнай албай койду. Жүрөгү ага башка бирөө бар дегендей көңүл бурбай койду.
* * *
Таң заары. Адамдар уйкудан ойгонуп күн менен саламдашуу убагы эмеспи. Сайкал да өз бөлмөсүнүн терезесин ачыр таза абадан жыттап, күн менен саламдашты. Бах, кандай керемет учур. Аба салкын, күндүн чыгышы көзгө кандай жагымдуу көрүнөт. Күн жерге нурун чачып, Сайкалдын көзүнө да жарыгын чачты. Сайкал көзүн колу менен тосуп алды. Бирок күн нуру ага да ынабай колун кичине кылып ичкертип салды да кайра эле көзүнө чачырай берди. Сайкал акырын айнегин жапты да жанында жаткан Амантурга карай.
_Аманчик тур турагой. Бол ырыскыдан кеч каласың!
Достор чоң энелерибиз бизге айтып калчуу беле.
Таң заарынан тургула деп. Кудайым ырыскыны таң атканда чачып кайра жыйнап алат. Анан сен ырыскыдан куру каласың- деген сөздөрү эсибиздеби. Сайкал да инисине ошол сөздөрдү айтып келчүү. Ата-энесинин тарбиясын көрө албаган Амантурга Сайкал тарбия берип аны жакшы жака үгөттөп келет. Анан Амантур экөө чыгып тамак даярдай башташты. Бир убакта Мырзабек да уйкудан ойгонуп бети-колун жууп келди.
_Кутман таңыңар менен.
_Ой саламатсызбы? Кутман таңыңыз менен.
Мырзабек келип столго олтурду. Жанында Амантур турган эле.
_Кандайсың жигит?
_Жакшы.
_Бүгүн айланып келебизби? Жекшемби жумуш жок.
Сайкал ага бурула ысык тамагын алып келип коюп.
_Жок бүгүн үйүңүздү жыйыштырам. Абдан жаман болуп кетиптир.
_Кызматчы чакырып жыйыштырып коёбуз.
_Жок өзүм жыйыштырам. Көптөн бери үй жыйнай элекмин.
_Макул анда-деген Мырзабек тамагын жей баштады. Тамактанып бүтүштү. Мырзабек тамактангандан кийин бата кылбайт эле. Сайкал менен Амантурду көрүп ал да бата кылып турду. Мырзабектин үй бүлөсүндө көптөн бери куран окула элек болчу. Айтор унутуп да калган. Сайкал аны окуң дегенде шерменде болгонун эстеп жанында турган жаттаймын деген "Куран китепти" алып төш чөнтөгүнө салып алды. Аны да жаңы эле сатып алган эле. Сайкалдар бул үйдө жашаганына бир айдын жүзү болду. Мырзабек экөөнүг арасында жаман жакшы сөздөр айтылды. Мырзабек Сайкалга көп жолу сүйүүсүн арнады. Бирок Сайкал ага сүйүүсүн арнагысы келбеди Себептери көп. Сайкалдан 18 жаш улуу экенин да эске алды. Анан бир күнү турмушка чыгуусун өтүнгөн эле. Ошол күнү жининин күчү менен жаман ишке кол алыпбарды. Ал күнү Сайкал үйүндө калган эле. Үйүн жыйыштырып жатып бир дакумент таап алды. Көрсө Мырзабек мафия адамы экен. Ал Макс Петров деген адамдын көп суммадагы акчасы бар дакументин урдаган. Сайкал аны көрүп эртең мененки сөзүнө жинденип аны өртөп салган. Кептин баары ошондо башталат же чыгарманын маңызы так ошол дакументте болуп саналат.
Мырзабектин аялы бар эле. Экөө баш кошконуна 10 жылдай болгон эле. Эки балалуу болуп дагы боюна бүткөн эле. Толгоосуна жакындап калган учурда Мырзабек аялына кетти. Сайкал бул үйдө өзү калуудан коркуп ал да ижарага үй алып кетип калды. Ошентип экөө эки жолго түшүп кала берди. Арадан айлар өтүп окуу башталып иниси да окууга барып калды. Сайкал жумушка ал эми Амантур болсо мектепке үйү кароосуз калат. Мырзабек Сайкалды ресторанга админстрация кылып салган. Кээ бирлери Сайкалдын артынан ар кандай ушак кептерди айтышат. Кээ бири
_Мырзабек Сайкалды экинчи аялы кылып алып алган!-деп да жүрүшөт. Анткени ар күндө машинеси менен үйүнө жеткирип коёт. Сайкал эртең менен сегиздерде жумушка кетет. Амантурда сегиздерде окуусу башталып ал да кетет. Келип эжеси келгиче үйүндө олтуруп эжеси келгенде уктап калат. Сайкал саат жаңыланган убакта келаты
Келип уктап калат. Кайра эле жумушка жөнөйт ининсин көп болсо бир саат кана көрөт. Бирок ар бир эс алуу күнүндө Мырзабек аларды ойнотуп, сейилдеп келишет. Ошентип убакыттар өтө берди. Мырзабектин аялы бир уул төрөдү. Буга чейин жалаң кыз көргөн Мырзабек эми мураскер тапты.
_ Уулдуу болсом чоң той берем!-деген бактылуу кыялды бир эле кыз бузуп таштады. Ал Сайкал эле. Жок Сайкал күнөлүү эмес. Күнөлү бул чоң кишинин жаш кызга болгон сүйүүсү. Баарына ошол сүйүү күнөлү. Мына ошол мураскердин энесинин аты Асема. Экөө бири-бирин жакшы көрүп үйлөнүшкөн. Экөө тең эне мээримин көрбөй чоңойушкан. Асеманын ата энеси автобалээден каза тапкан. Анан жетимдер үйүндө чоңойгон. Ошол үйдө жүргөндө Мырзабек да ата-энеси таштап келип калган. Ошентип жаш кезинен бирге ойноп, бирге тамактанып эгиздердей чоңойушкан. Анан 18ге толуп экөө тең мээрим берген үйү менен коштошуп эки жакка кетишкен. Бирок экөө тынбай жоолугуп сүйлөшүп турушкан. Мырзабек кара жумуш кыла албай койгон. Кийин бир адамды таап ошонун жүгүн же наркотик заттарын ташып жумуш кылып жүргөн. Эпчилдиги жардам берип өзүнчө жумуш кыла баштага. Кийин көтөрүлүп кеткен да кожойунунан бөлүнүп кеткен. Азыр шаардагы мафиянын күчтүсү. Жигиттери адамды көрдүм дебей атып таштоочуу жан алгыч жигиттер. Мына ошентип жүрүп 28 жашында Асемага үйлөнүп экөө баш кошкон. Эки кыздуу болушуп. Эми минтип Асема 33 жашында Мырзабекке мураскер төрөп берди. Той берчүү кыялдар бир айда чачырап кетти. Жадагалса толгосуу болгон учурда да башка жигитин жөнөтүп өзү барган жок. Асема акылдуу кыз болгондуктан
_Жумушу көп болуп келе албай калды-деп өзүн соротуп жүрдү. Жашоо мына ушундай экен го. Канчалык жоош боло берсең ошончолук жашоо сага сыноолорду берет туура.
Сайкал менен Аида экөө курбу болуп калды. Мындан мурун курбу күтпөгөн Сайкал баардык сырын Аидага айтып салган. Аида сырдашы. Аида да мыкты үй бүлөдөн тарбияланганы үчүн жакшы, акылдуу кыз. Атасы каза таап калган. Атасы 2010-жылкы трагедияда каза таапкан. Аны көргөн апасы нервтен ооруп калган. Орууганына беш жыл болуп калды. Апасын опереция кылыш керек. Анан оперецияга акча табыш үчүн ушул чоң ресторанда иштеп жүрөт. Инилери апасын карап калат. Кээде өз балдарын өлтүрөм деп бычак кармап чуркап балдарын кууп жөнөйт. Көйгөйсүз адам жок демекчи бул үйдүн да өзүнүн көйгөйү бар. Мына минтип көп сыноону көргөн эки кыз жакын дос болуп калды. Экөө тең
_Алдыбызда жалаң жакшы жашоо орун алсын!-деп тилешет. Бирок алдыда кандай жашоо турушун эч ким билбейт. Болгону ал өтүп кеткенде: Аттиң-деп кана кала бергенден башка эч нерсе кыла албайбыз.
Жашоо сыноосу менен кызык экен. Эгер адам ооруп сырколобосо, көз жаш төгүлбөсө, кырсыктар болуп адамдар жаман жолго барбаса анда жашоонун эмне кереги бар? Жашоо ошол нерселер менен жашоо болот да. Туурабы?
Таң заарынан турган Сайкал бүгүн да эрте турду. Туруп инисин күндөгүдөй эркелетип, ырыскыны эстетип тургузду. Башында жазып өткөндөй чоң энелерибиз же ата энелерибиз бизге
_Таңда кудайым ырыскыны чачып түшкө жакын кайра жыйнап алат-деп айтып калчуу эмес беле? Сайкал да дал ошентип инисин ойготту. Амантур туруп бети колун жууп баштады. Бирок тишин жууну унутуп салды.
_Амантур! Тишиңди жуусаң.
_Жуубай эле коюунчу эже. Күндө жуугузаз. Ачышып ооруйт да.
_Билесиңби иним. Тишиңде сага окшогон тентек микроптор көп. Алар сенин тишиңди жеп койсо ооруйт, же тиги Алымбек байкеге окшоп тиши жок болуп каласың.
Алымбек Сайкалдардын коңшуусу. Карып калган. Тиштери жок салдырган да эмес. Амантурга карап кээде жылмайып койсо тишин көрүп калган Амантур корко берет. Анан эжесине айтып эжесин күлдүрүп салат.
_Аий койчу эже ал байкени мейли жууп жүрөм-деп тиш сүргүчүн алып жууй баштады. Сайкал күлүп чыгып чай даярдап жатты. Амантур чыгып тамактанып алды да кийинип мектебине камданып жатты. Үйүнөн чыгып экөө эки тарапка бет алышты.
_Амантур эртерек кел ээ. Ойноп жүрө бербей.
_Макул эже-деп жолун улап жатты. Мектебине келип сабактарын өтүп жатты. Мына азыр класс жетекчиси келет. Башталгыч классты бир эле мугалим окутат эмеспи. Мугалими кирип келди. Амантур азыр төрттө окуп жаткан убагы
_Саламатсыңарбы балдар?
_Са-ла-мат-сыз- бы?
_Азаматсыңар- деп столунан орун алды. Мугалими 40 тан ашып калган аял эле. Столуна отурса кайра турушу кыйын. Кечке столунан жылбайт.
_Кана сабака ким даяр. Дил-баян жазып келүү керек ээ. Амантур кана алып келчи.
Амантур өзүнүн үй бүлөсү жана жалгыз эжеси туралуу жазып алып барды. Сайкалдар шаарга көчүп келгенине бир жыл боло элек. Быйыл эле көргөн баланын үй бүлөсү оюна да келбейт да. Амантур ушундай бир көркөмдөп жазган экен окуп олтурган эжекесинин көзүнө жаш тегеренип кетти.
_Азамат Амантур-деп күндөлүгүнө беш койду да сабагын улады.
_Балдар бүгүн адабий окуудан биз акын Алыкулдун бир ырын окуп аны жаттайбыз-деп көркөм окууга кирип кетии.
Мен уялам мына мындан уялам..........
Ошентип сабагы бүткөн Амантур эжесинин сөзү менен үйүн көздөй жөнөдү. Мектептен кийин дароо эле ийримдерге барчуу. Кээ бир ийримдерге да жазылып окуп журот. Келечекте чоң архитектор болууну самайт. Азыртан зирек болуп окуунун артынан түшүп калды.
Күз айы. Жалбырактар жерге саргайып тон болуп жабылып калган кез. Жашоонун дагы бир жыргалчылыгы бул күзүндө алтын бактарды аралап басуу болсо керек ээ. Ошол даракты айланып басканда өзүнчө бир кандайдыр толкундануу, бир сезим пайда болот эмеспи? Дал ошондой убакыттардын бири болуп турган учур.
Ийримдеринен бошогондон кийин Амантур өз үйүн көздөй жөнөп жатты. Шам болойун деп калган убак. Амантур чоң жолдон өтүп жатып бир ак TAYOTA үлгүсүндөгү машине аны сүзүп кетти. Жаш баланын жаны жарым-жан болот тура. Машинеге урунган бала дароо эле жан берди. Амантурду сүзүп жиберген айдоочунун аты Азамат. Азамат беш жалдан бери айдоочулук кылып иштеп жүрөт. Ыймандуу бала эле. Кайдан жайдан досунун туулган күнү боло калып ошол жерде ичип алышкан эле. Келе жатып мастыктын кесепетинен Амантурду сүзүп албадыбы? Мас болгон Азамат соолугуп эле калды. Башын кармап чайкап-чайкап алды.
_Эмне кылдым? Тирүүбү? Үй-бүлөм эмне болот?-деген санаа аны басып, денеси калчылдай түштү. Оюна дароо эле камалып балдарын көрбөй калганы түшүп калды. Өмүрүндө биринчи жолу мындай акыбалга туш болгон Азамат өзүн жоготуп салды. Коркуп көпкө машинеден чыкпай олтурду. Айлананы караса эч ким жок экен. Чекке жер эле. Шам кирип да калыптыр. Адамдын келбети да көрүнбөйт. Анан түшүп Амантурду машинесине салып алып жөнөп кетти.
Адам коркондо эсине эч нерсе келбей калат экен. Азамат эч нерсеге башы жетпей турду. Кайдадыр бир жакка алып кетип жатат. Милицияга барып күнөнү мойнуна алам деп ойлоду. Бирок балдары эмне болот. Ошондон коркуп кайра шаардын четине алып кетип жатты. Эмнегедир бирөө азыр тутуп алчуудай эки жагына элеңдейт. Коркуп-үркүп жүрүп ээн-талаага алып барып таштап салды. Кайра шаарга кайтып келди. Үйүнө барды. Бир нерседен коркуп жатканын билген жубайы Зулайка андан сурай баштады. Канчалык жашырса да билинип турган эле. Анан Зулайкага карай:
_Зулайка, мен.....мен адам өлтүрдүм! Адам, жаш баланы!
_Эмне Азамат? Эмне дейсиң?
_Ооба! Мен адам өлтүрдүм! Уктуңбу! Сүзүп кеттим!
_Кимди качан?
_Бүгүн азыракта.
_Анан кайда?
_Токойдо ошол жерге таштап койдум!
_Эмне? Эмнеге?
_Корктум ошого!
Зулайка бир нече суроо берип жатты. Анан баарын бир четинен түшүндүргөн Азамат менен уруша кетти. Милицияга чалууну чечкен Зулайканы байлап балдарын да камап салды. Өмүрүндө мындай зөкүрлүктү кылбаган адамды коркуу сезими зөкүргө айлантты.
Сайкал болсо эч нерсени билбейт. Үйүнө бей-капар кирип келди. Сумкасындагы кошумча ачкычын алды да үйүн ачты. Кирип сыналгысы бар үйгө инисин көрүүгө кирип кетти. Иниси ошол бөлмөдө сыналгы көрүп олтуруп уктап калчуу. Кирсе иниси жок экен.
_Оуу күн кайсы тараптан батты. Сыналгысыз уктаптыр го?- деп күлүп кийимдерин чечип жатчуу бөлмөсүнө кирип кетти. Ал жерде да иниси жок. Чыгып ашканасын карады ал жерде деле жок экен. Кичине бөлмөгө кирсе эртең менен чечкен кийимдери дагы деле турат экен. Чочуй түштү.
_Амантур кайдасың? Амантур!-деп суроо берип издеп таппай койду. Кошуналарынан да сурады. Эч жерде жок экен. Буту бутуна, колу-колуна тийбей досторунун үйүн көздөй жөнөдү. Түн ичинде нечен адамдын уйкусун бузду. Айласы кеткен Сайкал милицияга кайрылып издөө салды. Үйүнө таң атайын дегенде келип ыйлап жатып көзү илинип кетиптир.
Айлана боз туманга бөлөнгөн табышмактуу жер экен. Бир жерден инисинин үнү чыгып аны чакырып жатты.
_Эже келсеңиз! Эже!
Сайкал ошол үн тарапка көздөй жөнөдү. Барса башка жактан чыгат. Такыр башка жактан.
_Эже келиңчи! Эжеке!
Сайкал кайра ал жакты көздөй жөндөдү. Бирок бир маалда кайра башка жактан ачуу чыңырык үн чыкты. Сайкал чочуп ачуу чыңырык жакка чуркады. Барса жанагы ак TAYOTA машине турат түбүндө иниси жансыз жатат. Ал эми машиненин жанында бир жигит турат. Ал Азамат эле. Азамат Сайкалды карай каткыра күлүп жатты.
Ошол убакта Сайкал ойгонуп кетти. Анан түшүн жакшылыкка кана жооруп кийинип алып инисин кайра издеп жөнөдү. Жерге жарык түшүп калган экен. Дагы да издеп жүрдү. Милициядан да каьар алды. Алар эми гана адам жөнөткөн экен. Мырзабек алып берген телефону да өчүп калыптыр. Мырзабек да эмне болгонун билбей кабатыр алып ишканасында олтура албай койду. Мырзабек Сайкалдын үйүнө келди. Сайкал үйүндө жок болгондуктан көчө аралап издеп жөнөдү. Бүгүн да Сайкал инисин таба албай койду. Мектеби, ийримге барчуу имаратты, достору, айтор баарына барды. Иниси жок. Милицияга да барды. Алар да таба албай койуптур. Мырзабек чоң жолдо кетип жатты. Албетте Сайкалды издеп. Жолдон инисин издеп көзү төрт болгон Сайкалды көрдү. Дагы да чуркап издеп жүрөт. Көздөрү ишип, чачтары саксайып калган экен. Машинесин чекеге токтото салды да Сайкалга жөнөдү. Келип эле Сайкалга карай
_Эмне болду ыя?
Сайкал үн катпай ыйга кирип кетти.
_Эмне болду дейм?
_Иним.....
_Эмне иниң?
_Иним жок байке...Амантур жок...жок-деген акырын ый аралаш үнү менен ыйлап жиберди.
_Болду ыйлаба, иниңди табабыз! Болду. Чуушшш-деп Сайкалды алаксыта бооруна кысты. Анан экөө издеп жөнөдү. Бүгүн да табышпады. Кеч кирип калганда Сайкал үйүнө кетүүнү чечти. Бирок Мырзабек аны үйүнө жалгыз таштап салган жок. Мырзабек да Сайкалдын үйүндө калып калды.
Күз айы болгондуктан бир аз суук түшүп калган эле. Сайкал айлап олтуруп жерге жатып уктап калыптыр. Үшүгөндүктөн бүрүшө түшүптүр. Аны көрүп өмүрүндө төшөк салбаган Мырзабек Сайкалга төшөк салып көтөрүп алып жаткызып койду да үстүн жамынчы менен жабып койду. Таттуу уйкуда жаткан Сайкалды тигиле карап жанында бир аз олтурду.
_Кандай татына кыз. Эгер жашоомду артка жылдырып берсе Асема менен турмуш курбай Сайкалга жолукканча күтөр элем-деп өткөн жашоого өкүнүп олтурду. Сайкал уктап жатканда ага суктана карап көпкө турду. Каштары чийилген, эриндерин айтпа. Бул сулуулукту кайдан алды. Ыйманын айтсаң. Азыр мындай кыздар кемде-кем эле болсо керек. Ошентип ойго батып турган убакта Асема чала калды. Мырзабек акырын эшикке чыгып телефонун көтөрдү
_Алоо?
_Алоо, Мырзабек Данияр ооруп жатат.
Баса Мырзабек баласынын атын Данияр койгон эле. Эки айлык болуп торолуп калган убагы.
_Эмне болду?
_Билбедим, денесине кызыл тактар чыгып кетти. Ысмалап да жатат.
_Асема мен Казахстанда жумуштар боюнча жүрөм. Азыр сага Марс барат. Макулбу?
_Макул бол батырак айтчы! Коркуп жатам.
_Азыр чалам-деп өчүрүп койду. Баласы ооруганына бир аптадай болуп калды. Мырзабекти кайгыртпайын деп үйүндө гана карап жаткан. Оорусу күчөгөндө гана чалып жаткан жери. А Мырзабекчи? Эмнеге жалган сүйлөдү? Эч болбосо баласы ооруп жатканда жанында болсо. Биринчи кызы төрөлгөндө экөө кандай бактылуу жан эле. Эмичи эмне болду? Ал бактылуулук кайда кетти? Аны ким урдап алды? Албетте Сайкал. Бирок Асема Сайкал жөнүндө билбейт. Үйдө кем болгондо
_Жумушка баш-аяк кирип кетиптир! Макул иштей берсин!-деп сүйүнүп алат. Мына ошентип өзүн соротуп жашап келет.
Айлана жапжашыл түскө бөлөнүп турат. Бул кайсыл жер экен? Өзүнчө бир керемет ко? Жашыл таза чөп, бийик дарактар, көк асман. Абдан кооз жер экен. Ошол кооз дарактардын арасынан Сайкалдын апасы чыга калды.
_Апа, апаке?
_Кызым жүрү кеттик!
_Кайда апа?
_Иниңе кызым жүр-деп басып кетип жатты. Апак түстө кийинип алыптыр. Жана башына ак жоолук салып алган. Жаш кезиндегидей. Картайбаптыр. Басса көйнөгүнүн этеги серпилип жүрөт. Сайкал апасын ээрчий жөнөдү. Апасы уулам алыстап жатты. Бирок Сайкал аракет кылып калбастан артынан ээрчип жүрөт. Бир убакта апасы токтоду да астын карады.
_Кызым иниңди таштаганың болбойт! Алып кет! Өз оорлуна кой!-деп көздөн кайым болду. Апасы караган жакты караса иниси жатыптыр.
Ошол убакта ойгонуп кетти. Тер басып кетиптир. Жанында Мырзабек уктап жатат. Ал да Сайкалды көпкө карап уктап калган учуру эле. Таң атып-атпай Мырзабекти ойготуп алды.
_Байке кеттик!
Уйкудан жаңы ойгонгон Мырзабек түшүнбөй
_Кайда Сайкал?
_Милицияга.
Экөө шашыла кийинип милицияга жөнөштү. Эшик суук болгондуктан жылуу кийинип алышкан. Жамгыр майда-майда болуп жаап жатат. Сайкал эмнеге милицияга кетип жатканын да билбейт. Мырзабек да аны түшүнбөй калды. Адамдын үмүтү ушунчалык күчтүү болот тура. Сайкал иниси табылдыбы? Ошону үмүт кылып келип жатат.
Достору
ABDULLA-BEK Досторду кошо элек
Комментарийлер
ABDULLA-BEK ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?