Calipso
- Кыймылы жок
- 165 (0,03 )
- Суперстан (65 )
- 17 Март 11
- 16 786
24 Июл 2017 11:16
- Карапайым
- 39
- 31, 1986
- Жынысы:
-
-
КҮНДӨЛҮК...
22 Май 2017
Эх! чыдашымча чыдайм да... -
Жигиттерди эркелетүү.
14 Апр 2016
Эркелете албайм, эркелегим да келбейт. Кыздын эркекти эркелеткени: майдабарат учун мээсин жебегени, эркектин айткан созун кулагынын сыртынан откоруп коюп журо бербегени, туруктуулугу! Экоо кошулуп кийин балдарын эркелетсе ошол жарашат! Колтойгон эле эркегимди, "мыйтыгым, тыйтыгым" дей албайм. -
КҮНДӨЛҮК...
14 Мар 2016
Мезгил, мезгили менен кармап турчу "тоска" башталды. Тан атып, козум ачылаары менен эжемдин муздаткыч жонундо бир нааразычылык билдирип жатканын уктум. Муздаткычты жайына коюп озунун уйуно кетсе болот эле, кыш бутту го. Кандай акмакмын, э?! Эжемдин озунукуно кетишин кутуп журом... Кузгунун мандайына туруп алып, козумдун четиндеги бырыш менен козумдун астындагы "мешокторду" карап алып бир сыйра "тоска" болдум. Бир эжемдин суйлогон созунон тажанып атам, анан кантип бироо менен уй-булоо куруп, кайын тарап менен тил табышам? Эх! Оло кыялданчу элем... Чет жактагы окууну бутургон сон, андан ары да башка олколорго жол ачылат. Мумкунчулук болот, билим алса эле ... Такыр бул жакта калбачудай, бул жакта камалып калчудай талпындым эле убагында. Эх! качанкы кыялдарды эстеп кеттим да... Бала кездеги кыялдарды кайдан эстей койдум.? Азыр болсо бетиме калп жылмайган масканы тагып алып, ичимден "Хоть бы никто не пристал! Эч кимиси мага бир нерсесин айтып, мага кыпчылып баштабаса экен!?" деп тиленип коюп, жумуш ордума жетем. Шефим бир нерселерди айтып, мен ишкананын акчасын озумдун счетума которуп алып аткансып, бут изилдеп отурду. "Ноорузга премия беришибиз керек" дейт. Счетто акча жок болсо эмнемди берейин? Клиенттерим менен суйлошкондогу унумду озум угуп алып озум кыжырым кайначу болду. "Божий одуванчик" болуп суйлоп, аябай жылмайып, мандайымдан туруп кетмейинче баш ийкеп... итиркейим келет озумо. "Господи, хоть бы не пристали! " деп, чачылган столумда баш-аягымды таппай отурам. Жайыма койсо столумдум астына кирип алып, жумуш кун буткончо чыкпай деле коет элем. Айла жок. Жанымда жургон жигитти ойлонуп коем. Эмне журот азап тартып? Бир жумада бир жоолугабыз, унчукпайм... Ал болсо , "Эч жакка чыкпайсын, кайда журосун деп чала бербейсин, келе албай калдым десем да тушуносун, досторум менен журсом да кийлигишип контрольдобойсун " деп суйунуп журот. Чынында баары бир болгон учун ошондой болуп атканымды деле эти бар албайт. Апасы менен тааныштырды. Сумсайып уйуно барып, на автомате чай куюшуп, тамак салып келишип, баары тамак ичип буткон сон, идиш-аягын жууп, полун пылесос менен тазалап туруп, жыыыылмайып коштошуп кетип калдым. Башкалар эмне кылат билбейм бирок менимче пылесостоп салган жерден "я перебощила" . Менин кыялымды которуп, аягына чейин чыдаган бала болсо, эми эмне деп эбептен-себеп таап качам? "Баары жакшы!" деп, ал жактан чыгып алып, козумду токтотуп, жолду карабай,ойлонуп кетип, правамды алдырып жибере жаздадым. Уйго жетип алып, киргим келбеди. Ушундай кез-кезде кармап турган "приступ тоски" жакпайт да! Жашоодо "МЫНА УШУНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК" деген нерселерди кылып журуп отобуз го баарыбыз эле... Озубуз каалагандай эмес, туура болгондой кылыш керек экенин акыры кабыл алдым окшойт...

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
akusya
31 Авг 2012 - 08:26sheraly
07 Сен 2011 - 16:36