Inayat_apa Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 6 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (3 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 06 Ноябрь 17
- Кароолор:
- 652
- Соңку аракети
05 Янв 2018 09:57
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 73 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 8, 1952
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Кайнененин кылыктары
Жазылган күн: 28 Дек 2017
Бир кайны синдим бар эле, ой боой байкуш келинине тузук эле азап берди го. Балама кыз алып берем ,ии кыз тийбесе келин тийет . Баласын кызганып эле турчу, баласын куйоосу жок аялдар кызганат деген туура эмес ал адамдын озунон болот балдарым. Болбосо куйоо балабыз менен чогуу уктабай келин менен баласынын салынган тошогунон бери жатып акыры жаш немени жадатып жаш уй-булоону бузуп тынды . Кой -ай дегенди укпайт кызганган адам ошондой болот кызгандым деп айта албай суйлобогон келиндин тили жаман деп чыгарат , таза келинин бузулдуга чыгарат баламы кызганам деп кантип айтмак ар ким озун актаган сыяктуу. Келин байкуш кетти чырактай кызы менен. Айткандай кыз алып берди биринчи келинине кылган кылыгынын чекесин корсоткондо баштаптыр мен кыз тийгем тиги бу, корсо сиздин ушундайыныздан кеткен турбайбы биринчиниз деп. Ошо келин тенме тен келди биринчисин ойлоп ичинен тутоп мага келип ыйлап кетчу акыры келини менен алышып журуп инфаркт болуп олду. Айткам койун эки жаш бактылуу ажыраштырсаныз бироо медал береби жоок такыр болбойт куйоосун бала чакасын кошо кайрап алган. Эми эмне болду убал жаман балдарым убал жаман . Илгери атам айтат эле убал уктатпайт бироого кату суйлордун алдында ойлонуп суйлогуло эртен эле ошо зулум озунордун башынарга келет дечу. Олорунун акыркы айларында уйго келип молтур молтур жашын тогуп женеее ошо келиндин каргышы тийди жок жерден жалаа жабып кетирдим эле убалыбыз уктатпасын деп ыйлап кеткен эле деп боздойт. Ооруп аябай кыйналып отту ушунун мага эмне кереги бар эле деп боздойт.
Балдарым кайнене жаман болсо убалы озуно эле болот, менин балама тен эмес деп келинди чанбоо керек. Кудай тен тени мн эле кошот . Келинди болор болбос учун какшата беруунун да касасы болот. Балага жамандабай бетме бет акыл насаат менен тарбиялоо керек. Жакшы кайненени эле жаман дей бербейт , адам пейилди туздош керек энемин деп эле баарына туура эмес бийлик журбошубуз керек -
Темасы: Кайнененин кылыктары
Жазылган күн: 28 Дек 2017
балам -ботом деп алдап -соолап келин кылып алыш биздин кайненелердин эле колунда болот. Мен ар дайым айтам бала апасына созсуз ишенет макул биринчисинде ишенбесин ,экинчисинде ишенбесин аялын андай -мындай деп болор-болбосту айта берсе акыры эркектин да конулу калат. Кобунчо айып уйдун чону , уйдун куту болгон биз кайненелерден эле кетип жатканы белгилуу эмеспи. Бизде келин чыдаш керек , уй -булоону сактап калуу келиндин эле колунда дей беребиз ,балдарыбызга аялынын анча -мынча кемчилигин билдирбей ,кээде урушуп кетишсе жараштырганды билип акылдуулук кылышыбыз керек . Бала белде, катын жолдо эмес . Келиндин да кудайы бар делет, арзыбаган нерсе учун кетирип балдарын тируулой жетим кылып бироонун кызынын бактысын бузуп балдарыбыз экинчисинен бак таап кетет дейбизби жоок келиндерди себепсиз кыйнап зулум берип кордосок убалына каларыбыз турган иш. Ошону биз балдарыбызга тушундурушубуз керек убал деген нерсени тушундурушубуз керек. Ат оонаган жерде тук калгандай , балдарыбыздан бала тируунун жетими болуп калып атат. Баары эле ушердеги байкуш келиндердин айынан эмес да,кобунчо ката биз кайненелерден отуп жатат. -
Темасы: Кайнененин кылыктары
Жазылган күн: 28 Дек 2017
Жашоодо турмушта беш кол тен эмес,адамдар ар турдуу болот экен. Кебирки келиндер чын эле начар тарбиялаганга да такыр конбой турган чыгып калат . А бирок коп эле тарбиялап кетсе болчудай жана бир жакшына келиндерди -
Темасы: Ажырашуудан кийинки абал
Жазылган күн: 6 Ноя 2017
Ажырашуудан кудайым озу сактасын , бирок пешенеге келгенден качып кутулуу кайда дейбиз. Бири-бирин арзышып суйгон эки жаш баш кошсо, жашоонун ыссык - суугуна чыдап жашай алышат деп айтар элем себеби жаш уй-булоо кобунчо биз чондордун куноонун баарын жаштарга койуп аларды алдап-соолап, акыл айтып жашатып койуштун ордуна кайра ажырашып кетишине себеп болуп жатпайбызбы. Дегеним уй -булоодо баардык туйшукко аял чыдаш керек баарын сактап калуу аялдын гана колунда дейбиз . Бир уй -булоодо келин кетсе келин чыдаш керек болчу, келин ойлош керек эле ортодогу балдарды дейбиз . Эмнеге кайненелер озубуздун кунообузду мойундагыбыз келбейт ,мына менин беш келиним бар . Бешоо тен апалап эле турат, келин эмес кызымдай кором баарын тегиз. Атынан айтпайм балам деп чакырам, балдарым менен урушуп кетишсе жараштырып кайра мамилелерин ырбатпай сактап калам. Келиндин кыбыр эткен кыймылын балана жамандап айта берсен, ортодо экоо урушуп бир уй булоо ыдырабайбы. Озумдун алты синдим бар баарында келин бар. Кимиси уулун уйлосо тойдон бир жума мурун барып кайнене болчу синдимин кулагына куйуп турам . Уйдун кожоюуну сенсин, дайранын агымындайсын сен кандай аксан балдарын да ошол агым менен агат дейм. Бирисинин да келини кетпеди , учунчу синдим келинге каталырак чыкты уйумо чейин чакырып баарын тушундурдум. Келинимин тили жаман дейт эмне деп айтты десем анти -минтти ,коздорунон жалган айтып жатканын байкадым. Ар бир созуно анализ жургузуп келинден айып таппадым, акыры болгогун айтты келиндин турган турпаты жакпайт балама ыраа корбойм кетиргим эле келип турат. Бирок кантип, Бир жеринен айып табыш керек , тили жаман десем оной кутулчудаймын деди. Дарт, жап оозунду сенде тил жокпу макалдардан ары -бери калчап суйлойсун туш алдыма сен менен кошо барып конок болуп келем деп бардым. Келин жакшына тосуп алды, чайын койду, тамагын даярдады уйлору таптаза аябай таза келини . И эмне болду алдында чайын даяр, жамбашына тошогун даяр жегени тамагын даяр эшик -элик баары таза . Каяша суйлойт деди бир нерсе десен ишиниз болбосун деп эшикти тарс жаап чыгып кетеби дедим жок кокуй дейт каяша деген ошондой болот дедим . Дагы коп соз болду , келинби чыдаш керек дейт эмнеге? Мен чыдагам . Эмнеге чыдагансын озуно окшош кайненегеби кайненен жок болчу куйоон экоон талаалап ойунардагыны кылып тирилик кылдынар . Ачкалыкты женсе болот тушун. Ошентип 3 кун жаттым ,синдим тушунду . Кийинки барганымда дагы айттым баканы деле тепселесен бак дейт. Келин жаман эмес келген жери жаман делет. Коп нерсе биз энелердин колубузда жаштардын ажырашуусуна себеп болуп калбайлы. Бул дуйно беш кундук омур балдарым ,сыйлашып гана отойлу. Сыйлап турса да сыйлабайт катынын мени деп эки жаштын уясын бузбайлы ,бала учун эненин созу чындык болот . Бала жалган айтсак да ишенет аялын антет минтет дей берсек бир куну кетирип жиберет ошодон уй булоо бузулуп жатат. Жаштарыбызды ажырашуудан кийинки абалындагы азапка салбайлы. Энелер ыймандуу ,биз чондор акылдуу болсок жаштарыбыз бизчелеп биздин жол менен кетет -
Темасы: Ажырашуудан кийинки абал
Жазылган күн: 6 Ноя 2017
Баарынарга салам балдарым ,жаштыгымдан гезит,китеп коп окудум . Балам телефон алып бергенде кызым ушул суперстан дегенге киргенди уйротуп окунуз деп кеткен эле ошондон бери кирип окуйм . Жазайынчы кызым копту коргон адам катары акылымды айтайын десем ,бугун чыгынып мага ачып берип жаза бериниз деп уйротуп кетти . Ушу тема ачылгандан бери жазгым келип кире албай жаттым эле,эми айтар кенештерим берер акыл -насааттарым алдыда балдарым
Достору
Inayat_apa Досторду кошо элек
Комментарийлер
Inayat_apa ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?