Unikalnaya
- Кыймылы жок
- 21 (0,01 )
- Жүрөк сыры (19 )
- 07 Ноябрь 17
- 2 526
03 Дек 2018 18:20
- Момун
- 11
- 29, 2014
- Жынысы:
-
-
Жөн эле ойлор...
25 Сен 2018
Ооба кондум, баарына кондум. Кайдыгерлик менен жашоого, жон гана тируулордун катарын толуктап жургонго, жан дуйном ооруп турса да жадырап кулгонго, жон гана кочо таптап, кара курсактын камын коруп жургон менин кунумдук жумушум болуп калды. -
Менин күлкүм
8 Ноя 2017
Кичинемден шайыр өскөн жашоого башкача көз караш менен караган кыз элем... Өзүмдү келечектеги мыкты журналист катары көрүп бар күчүмдү жумшаар элем.Окуумду да жакшы окудум,16жыл ичинде көп деле оорубаган экем.Элдер кызамык болуп ооруп, ооруканадан чыкпай калса мен так секирип,үй айдап,кой кайтарып жүрүп айыгып кетипмин. Баары мен 16га чыкканда башталды паспорт алам деп кудуңдап районду көздөй жөнөдүм,өзүм тың болгондуктан ата-энем өзүмдү эле жиберишти.толкунданып паспортту колго алып үйдү көздөй жөнөгөнү таксилер дип карап баштадым...Мына кызык эми башталды...Таксини эшигин ачайын десем колдорум мени укпайт...көзүм тумандап бүтүм тырышып,өзүмдү жаман сезип жаттым.Шек билгизбей эптеп таксиге түшүп үйгө келгенче жакшы болуп калдым.Баламын да эмне болгонун түшүнгөн деле жокмун...Ошентип жазгы каникулда башталды,курбу кызым менен телефондо сүйлөшүп жатып кулап кеттим...Жөн жерден эч нерсе болбосо деле...өңүм кумсарып эле үйгө кирдим мамам байкуш мени көрүп алып шок чай иччи деп куйполоктойт. Чай ичейин десем ыссык чай колуман ыргып кетти..эч нерсе түшүнбөй дендароо болуп эле туруп калдым.кыскасы мен жатып эс алмак болдум.башка бөлмөгө кирип 1жашка чыккан инимди колума алайын десем дагы колуман түшүп кете жаздады...менин оң колум он бүтүм мага баш бербей баштады эптеп инимди коюп диванга араң жеттим...анан "мама"деп кыйкырып көзүм карангылашып эле жатып калдым...эсиме качан келгем билбейм көзүмдү ачсам мамам кошуна эже айылдагы молдо болуп айланчыктап отурушуптур. дагы баягы көрүнүш кармап дагы эс учумду жоготтум ошенттип бир саатка жетпеген убакытта 3жолу эсимди жоготуптурмун. Айылды билесиздер го тез жардам оңой менен келбейт чалышса ана мына деп кечиккенинен мени такси менен больницага алып жоношуптур. ..атамдын эжеси больницада медсестра болуп иштечү жолдон аны алдык,ал кыйкырып өкүрүп мени урушуп баштады обу жок,азыр булар калп эле ушинте беришет,өткөөл курак,обкжоктонгон ата-эненди кууратасынбы андан башка көп нерселерди какшай берди көзүм карангылашып эсимди жоготтум көзүмдү ачсам больницада экем... Врач мени көрүп эле атамды сурады байкуш ата. Көр тириликтин айынан Бишкекке каттай калат эле,менин абалымды угуп учуп келиптир...Врач абалым оор экенин бул жакта карап 3кун даары саябыз бирок биздин колдон эч нерсе келбейт деген гана жоопту бериптир.
Unikalnaya

Супер-Инфо
super.kg
видео



Мобилдүү версия
Unikalnaya