tram-lam Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 24 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (12 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 18 Март 11
- Кароолор:
- 11 558
- Соңку аракети
30 Май 2019 12:37
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 5, 1991
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
menkoldukmun
27 Дек 2020 - 00:42 -
scorp
19 Май 2020 - 18:28 -
unt_75
14 Фев 2019 - 10:05 -
Merelisha
25 Сен 2018 - 18:06 -
Babi.
25 Сен 2018 - 14:05 -
Nazgul.80
02 Сен 2018 - 07:53 -
Atas
04 Май 2018 - 18:57 -
Syun17
09 Апр 2018 - 07:09 -
aiba-889290
30 Мар 2018 - 07:21 -
erbol1998kg
25 Фев 2018 - 22:40
Мен ачкан темалар
-
Интернеттеги сүйүүм кыйнап баратат
Жазылган күн: 18 Янв 2017
Жан дуйномдогу унгуюк-тунгуюкту бироого айтып бугумду чыгарып албасам жарылып кетчудой абалда турам.
Озум Бишкекте жеке ишканалардын биринде жетекчинин орун басары болуп иштейм. Иш кунумдун кобу офисте, компьютердин мандайында отот. Маалымат алып туруу учун фейсбук ту колдоном, коп адамдар достук жибергенинен карабай эле кошуп кое берем. Ошондой кундордун биринде фейсбуктан бир бала жазып калды. "Сизди байкемин досторунун арасынан таап кошуп алдым эле, бир айдай болуп калды, жазганга даабай журдум" деп. Жездеси менен бир чет олкого барганда жумуштар аркылуу таанышкан экенбиз, бала дагы ошол олкодо жашайт экен. Анан мен да жооп жаздым, ошентип создор созго уланып отуруп, тынбай суйлошуп баштадык. Биринчи кундору ойноп эле суйлошуп койчумун, коп деле маани берген эмесмин, бирок тынбай жаза берчу, анан ватсапка оттук, жазышуулар, чалуулар, видеочалуулар. .. Бир-эки жумадан кийин эле "мен сени суйуп калдым, мен менен келечекте бирге болууга макулсунбу, бир максат коюп алып суйлошолу, жон эле убакыт кетире бербей" десе мен дагы кичине ойлонумуш болуп туруп макул дей салдым, себеби ал учурда мен дагы бираз жактырып баштаганмын. Ото интелегенттуу, ыймандуу, акылдуу... (менин козум менен караганда) Анан кантип жактырбай кое аласын. Ошентип биздин мамиле (мамиле дей турган болсок) ото тездик менен онуго баштады. Жакында ата -энеме айтам, женем менен тааныштырам (албетте баары интернет аркылуу), анан Кыргызстанга келем, тоюбуз тууралуу ошондо суйлошобуз деп, мен да ата-энеме айтууга соз бердим. Ошентип озумо озум сыйбаган, кыялдар дуйносундо бактылуу болгон, жада калса тамака да табитим жоголуп, жашоо учун энергияны ошол баладан алып калган сыяктуу кундор ото берди, айларга алмашты. (Тагыраагы уй айдай)
Бирок, кыялдын баары эле орундала бербейт окшобойбу. Таарынуулар, тил табыша албастыктар башталды. Ошондой учурдарда мен "мага баланча кун убакыт керек, мага жазбай, чалбай тур" деп, анан убакыт буткондо кайрадан суйлошуп чечишип алчубуз. Бирок кайра жарашканыбызда бизден откон ынак адам жоктой, ар бир минута сайын кабар алышып, жашообузда эмне болуп жатса баарын айтышып, сыр чечишип, кечирим сурашып... айтор мелодрама сыяктуу. Анан, анан бир куну болбогон эле нерсенин айынан мага таарына кетти, болбогон эле нерсе го деп мен чыктым бул жактан, ошентип бираз пикир келишпестик болуп кетти, мен озу эле жазылат го деп ойлогом. Бирок ошол боюнча бир жумадай суйлошкон жокпуз. Бир жумадан кийин коптон кутуп жургон бир жумушка суйлошууго бармак (собеседование), бир кун кала ийгилик каалайм сыяктуу жазуу жоноттум, жооп болгон жок, анан менде паника башталды, "ушинтип эле бутуп калабы", "ансыз кантип жашайм" деген ойлорго да жетелендим, анан урушкан жазуу жоноттум, ага да жооп жок, анан кечирим сураган жазуу жоноттум кайра (ошол учурда акылым кайда болгонун эмдигиче тушуно элекмин), ал чалып бош эместигин, суйлошуу учун башка шаарга келгенин айтып тушундурду, бирок кыска жана суз гана. Менин ошондогу абалымды соз менен тушундуро албайм го, жинди болгон адамдай же уйдо эч ким менен суйлошпой, же жумушта жарытылуу бир нерсе жасабай, жашабай эле жон гана басып жургон солокотко айлангандай болуп калдым.
Бир кундон кийин сынактан отпой калганын, маанайы жок экенин айтып, "жалгыз калгым келип турат, озум кабарлашам" деп койду. Бирок бир эки кундон кийин кайра аз-аздан байланышка чыгып баштады, бирок менин жиним келип, мамилебизди бир жансыл кылгым келди. Чалып туруп "Суйлошушубуз керек, биз эмне эле болуп жатабыз, бир чечимге келели" десем, "сенин куноон жок, бирок мага бираз убакыт керек экендигин озун эле байкашын керек болчу" дейт, бирок суйлогонунон мурункудай мээрим, жакшы коруу, кызыгуу байкай алган жокмун.
Ошол акыркы суйлошконубуздон бери 5 кундой отту, жанынан коро элек болсом дагы ото байланып калыптырмын, ал менен байланыштуу курган кыялдарым мени жанчып баратат. Кантип эле адам ушинтип эле бир заматта суйом деген кишисин суйбой калсын? Же болбосо "баары бутту" деп койсо мага оной болмок, бирок ал антпей да жатпайбы?! ! Жумушка келээрим менен колдорум озу эле фейсбукту ачып, анын баракчасына кирип кетет. Анан суротторун, жазгандарын коруп алып кайра эле журок эзилмей, оюмду ээлетип салмай...
Достор, баардык билдируунуздо мен учун маанилуу, сырттан караган адамга даана корунот эмеспи, кээде. Эмне кылайын??!
Комментарийлер
tram-lam ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?