Sevda-Nur Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 31 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (14 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Ноябрь 17
- Кароолор:
- 5 922
- Соңку аракети
24 Дек 2018 11:31
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 10 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 1, 2015
- Кызыгуусу:
- Танго бийин бийлөө
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Астана
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жаз келди, апаларга жакшы сөз арнайлы
Жазылган күн: 2 Мар 2018
Апаларга жакшы сөз аябайлы
Мен эми кечке суйуу тууралуу жаза бербей, журогу тоодой апакем тууралуу жазайын деп чечтим. Агартуучум, жакшым, мээримим, кичинекейим, кенедейим айтоор жакшынын баарын каалаган асылым. Математик мугалими болгондуктан, мага да сабак берди. Негизи мен адабиятка, тилге жакын болгондуктан, так сабактарды окугум келчу эмес. Бир күнү конок тостук, эртең менен апакемдин сабагы эле.Кечинде айттым менден эртең сурабаңыз, бүгүн чарчадым деп. Ошентип жатып алдым... Эртең менен сабак башталды, журналды коеру менен фамилияман чакырбастан Айбектин кызы тапшырманы текшерт десе болобу, оооофф жинимдин кашайганын сурабагыла. (фамилияман чакырбаганы кайын атасын тергегени да).Аткарган жокмун десем эки деп баллллтайтып коюп салган. Классташтарым аябай күлгөн эле.
Анан калса мени математика сабагынан олимпиадага алып барам деп мени кыйнап, даярдантты. Бир формуланы билбей калсам үйдө котострофа болчу, атакем экөөбүз артынан жалдырап, кечирим сурап жатып, маанайын жазчубуз. Айтоор айтып отурса абдан көп кылык жоруктары. Сиздердин да апаңар менен күлкүлүү окуялар болсо керек, бөлүшүңүздөр. Бир күлүп эс алалык. И баса, апаңар менен сырдашасыңарбы?
-
Кайран ДКО
Жазылган күн: 12 Фев 2018
Сүйүү,сагынуу, күтүү. Кайран ДКО Күркүрөгөн күз айынын башталышы менен менин жүрөгүмдү жараладыныз. Сизди кату сүйүп калдым, ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпейсиз... .Билесизби?.. .Сизди сүйүп калганыма Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары себепкер. Дүйнөнү дүңгүрөткөн аталган оюнга мен журналист болуп баргам, ошондой эле жан үрөп, жанын аябай Кырчында эмгектенип жүргөн активистердин жетекчиси менен жакшы тааныштардан болчумун. Анын аркасы менен көчмөндөр оюнуна үч күн эрте бардым.Эч нерсе оюмда жок өз кызматымды аткарып, материал даярдап жүрдүм, ал арада активистерге да кол кабыш кылып, таштанды терип жардам бердим. Тим элесыймыктанып алгам, ушундай патриот жаштарга жардам бергениме. Бир маалда раца менен активистердин жетекчиси мени сурап, тезинен Хан ордого келсин деп калды,жаан, буркан-шаркан түшүп жаап жаткан эле. Чакырууну угаарым менен жөнөдүм,барсам кайда жүрөсүң? Тоңуп калгансыңго? Кир боз үйгө деп киргизип, төрдөн оруналып берди. Анан эле жаныма кара-тору, мурду чоң, күнгө күйүп калган, колунда экителефону бар, улам бири чырылдайт, ага жооп берип коет. Анан жаныма келип: Ииии сиз үшүп калгансызго? Чечиңиз курткаңызды. Карачы суу болуп калыптыр:- деп үстүмдөгү боз куртканы чечип кармалап, мени гилтейген жууркан менен жаап койду. Ошол убакта аны кантип телмире тиктеп турганымды билбейм, качан гана ал менин көзүмдү караганда өзүмө келдим да, ичимен, кайдан көрдүм элеее, аябай камкор экен деп ичим жылып, жакшы көз караш пайда болду. Анан эле жаан токтоду, күн чыгып, эшикте аба ырайы жайга айланды. Бир маалда менин редакторум чалып калды,боз үйлөрдү суу каптап кеткен турбайбы тезинен, жеринен чагылдыр деп үнүн өктөм чыгарып, кыйкырды. Анын үстүнө өзү ошондой киши да, көнүп калганбыз. Атып турдумда, сыртка чыксам активист байкем каяка деп мени жибербейт. Көрсө суу каптаган окуяны обого чагылдырып салат депмени боз үйдө кармап отурушуптурда. .. Болбой жоок мен барып материал даярдашымкерек деп эч кимди укпастан окуя болгон жерге бардым, редакторумдун айткандарынаткарып, интервью да алдым айтоор баары жакшы. Бир маалда, эми ххххх тууралуужакшы материал жаса деп калды. Эч ойлонбой макул болдум, андан башка эмне аргамбар эле. Сураштырып отуруп, Көчмөндөр оюндарына тиешелүү, хххххх тармагындасүйлөп бере турган бир адамдын номурун алдым. Дароо чалып, жолугууну болжолдоштум. Хан ордодон кезигишмей болдук. Ооооо кудайым аааай эч ойлогон эмесмин жанагы мурду чоң бала менен маек курарыма... Чындыгында ойлошуңар мүмкүн журналист болуп туруп ушул адамды тааныбайбы деп, анткени мен көбүнчө спорт жана маданий жакты чагылдырчу элем. Анын үстүнө даяр маалымат менен эфирге чыктумун. Эфирге келгенде көргөн чыгармын,бирок, маани берген эмесмин. Же мага болгон камкордугу мени азгырдыбы? Менин карагаттай көзүмө аталган оюндардын башталышында урунду, жүрөгүмдү козгоду,айтоор бүт дүйнөмө бүлүк салды байболгур. Ошентип кезигиштик, алыстан эле күлүпкеле жатат, көрсө жана мени чыгарбай отурганы атайын сүйлөшүлгөн экенда....Бираз бирге күлдүк да дароо суроолорума жооп берип жатты. Оооо аллахым мындай өрт көздү көргөн эмесмин, мимика, жести өзгөчө, ичимди өрттөп турду. Негизи кыздар кыйынбыз, андай нерселерди билгизбей, күлүп жайлап кетебиз да. Билгизбегенге аракет кылдым. Он күн Кырчында жүрдүм, он күн ал адамды акмалайм, көзүмдүн кыры менен узатам, ал болсо иш десе жеген ашын жерге коюп, чууркап, жаны тынбай эмгектенип жүрдү мага көңүлда бөлгөн жок.... Айтоор ошентип, оюндар да бүттү...Мен да Бишкегиме кеттим, ал да борборуна кетти. Сүйүгө жараланып алып, жумушкабардым. Мактоо алдым дегендей...Анан эле кесиптешим, менин сүйгөнүмдүн номурун сурап калды, эртеңки эфирге чакырат элем депчи. Анан айттым менин программама чакырайын дегем десем, иии менде эч ким жок калды берчи мен эле чакырайын деп күйпөлөктөгөнүнөн бердим, ичимен кудуңдап алгам эртең жоолугам деп. Үстөкө босток болуп эртеси менин эс алуу күнүм болчу экен, демейде менин ордумда иштеп турчу деген кесиптештерден да дайын жок. Ииииии неге ушундай, эми көптөн күткөн эс алуумду эмне кылам, майда-чүйдө жумуштарымды бүтүрсөмбү же жумушка эле барсамбы деп көөөпкө ойлондум. Ой калчап отуруп, эфир убагында бир барып кетүүнү туура көрдүм. Барсам эле редакторум сени кайсы шамал айдап келди, ырассс канаболбодубу, бар даярдан беш мүнөттүк жаңылыктарды окуй кал деп шашкалактап, кагаздарды колума берди. Көрсө жаңылык окуй турган жигит ооруп калыптыр. Мындай учурлар адаттагы эле көрүнүш эмеспи, үн чыгарбастан эле эфиркага барсам.... Аааааа менин сүйгөнүм отурат, жүрөгүм жарыла согот тим эле, алгачкы жолу эфирге чыкчудай же самалетту жалгыз айдапбараткандай болуп опколжуйм. Жүзгө чейин санадым болбойт, карман, карман Сева деп жемелеп жатып жаңылыктарды окудум.Ошентип бир көргөнүмө ыраазы болуп, кетип башка жумуштарымды бүтүрдүм. Убакыт өтө берди, оюман эч кетпеди. Бир күнү активистер чакырышты, бизге ыраазычылык барак берет экен, президенттин атынан сиз дагы келиңиз деди. Жумушуман сураныпбардым. ..Тапшыруу аземи орус драмма театрында болуп жаткан экен. Кирип барсам эле сахнада менин суйгонум, активистердин башчасы жана сектетариаттан бир өкүл туруп алып алмак-салмак активистерге тапшырып жатыптыр, ичимен ойлондум, азыр менин аты-жөнүм сүйгөнүмө туш келип, ал мага ыраазычылык баракты тапшырса экен,сүрөткө түшүп калсак экен деген ой менин мээмди айланып өткөнчөктү эле мени чакырып калды... Күлкүм тыйылбай, жалжайып күлүп сахнага чыктым, аллах делем ени аяды окшойт баракчаны сүйгөнүм тапшырды, сүрөткө түштүк, айтоор бактылуу болдум. Дегеним менен ал мени ойлогон да жок, көз кырын салып карап жатканын байкайм бирок, жаныма келгенге даай албады. Анын үстүнө башка адамдар аны менен байма-бай сүрөткө түшүп жатышты, а мен болсо анын жанына баруудан чочуркап турдум. Бирок жан дүйнөмдүн кыйналганын кантип ак баракка ачып берем,жоок ачып бере албаган сезимдер мени куурчап турду. Көөпкө ойлондум, куру намыстанбай жакшы көргөнүмдү билгизсемби, айтсамбы же мени ого бетер карабай басып кетеби? Баары бир кыргыздар намыскөй болушат экен, айтууга намысым жолберген жок.
Көп өтпөй атактуу эле продюссер мени өзүнүн каналында иштөөгө чакырды,ойлонуп, ал жакка барууну чечтим, ал жакта таңкы эфир болуп, таңкы саат бештетуруп, кечки 9 да кетип жатып кыйналып кеттим, бирок өз кесибимдин ары оор, ары түйшүктүү, ары жаңы нерселерди талап кылганын билип, андан ары белсендим. Келме кезек дегендей сүйгөнүмдү таңкы эфирге чакырдым: Ал-лооооо, хххх хххххххххххвич ....саламатсызбы? Деп баштадым, сунушумду айттым мукактанып жатып.. Ал дароо макулболуп, күн мүрүн эскертип коюмдү өтүндү. Ошентип менин арстаным эфирге келди..Ал күнү мен башка күндөрдөн өзгөчөлөнүп, жакшы көйнөк кийип алгам, ал мени булжактан күткөн жок?! Ой бул жакта иштеп калдыңбы дейт, Ооба деп кылыктандым. Анан ага питличка тагып жатып, алайган көзүн, барбайган мурдун көзүм менен атып жаттым, ииийииий питличканын жардамы менен анын ыссык мойнуна менин жылымык колум тийип сүйгөнүмдү чочутуп алдым. Ой колуңуз муздакко дейт, мен тамашалап көчмөндөр оюнунан бери жылый элекмин деп күлүп койдумда аны эфирге узаттым...Ага чейин мен байкуш бутумду кайрып алып аксап жүргөм, акча да майдалатыш керек болуп кире беришке барсам, эфирден чыгып лифт күтүп туруптур, мо акчаны майдалап бериңизчи деп кезиккен кесиптештеримен сурап жатам, менин жаным да өзүнүн капчыгын карап ии мен де да жок экен деп жарокерленип, күлүп койду, мага үмүт берип. Ар бир жакта бир байлатмалар болотко, менин бир кесиптешим да ошондой деңиз, кайдан жайдан ал чыга калып, мага тийишип, жалжактап айламды кетирди, бир колумду кайрыйт, бир көтөрөт, айтоор тамашалап мени чаңыртып жатты. Анан тиги байлатманын оозу кытышып, таластык бала алагачкандай дагы биржолу өзүм ала качып кетейинби деп жанымды кашайткан учурда менин сүйгөнүм лифтке кирип кетти. Ооой ал эми эмне деп ойлойт, мени бир күйөөдөн чыкканго деп ойлоп калатко деп мен бушайман болдум.
Көп өтпөй мен иштеген канал кризиске кептелип, биздин программа жабылды,чымыны бар өлбөйт дегендей, бир мамлекеттик каналга жаңылыктар бөлүмүнө кабарчы болуп жумушка кирдим. Негизи мамлекеттик каналда иштеген жакшы экен, айлыгы аз болсо да мамлекетте эмне болуп жатканынан кабар аласың, жеринен барып жакшы жагынан чагылдырасың дегендей...Жазында Чуңкурчак жайлоосунда маданий иш-чараболду, ал жакка биздин тартуучу топ бардык. Этно маданий комплексте кыргыздын улуттук каада-салты чагылдырылган саамалыкка менин сүйгөнүм барып калды, бири-бирибизди көрүп нес болуп эле катып калдык, эми ойлобогула көпкө чейин деп, жоок он секундка, бирок бир көз карашы менен мени кайрадан арбап алды, кечке ойлондумал эмнеге мени карады же анда да мага болгон сезими барбы?Билбейм. ....Табышмак.. . А балким бул кыз турукту жумушта иштебейт окшойт, кайда көрбөйүн орун которуп жүрөт деп ойлодубу? Ай билбейм.....
Учурда мен өз кесибим менен Казакстандын мамлекеттик каналы хххххххда эмгектенем. Аны соц желеден көрсөм эле жашоом аңтарылат, жан дүйнөм көңтөрүлөт. Мен кантип сүйүүмө жетем, айткылачы??? ? Неге бул табышмактуу сүйүү куурчап жүрөт? Неге ал адамдан башка балдар көзүмө көрүнбөйт? Ээээээч ким көрүнбөйт... Же башка балдар жокпу бул ааламда? Таанышууга чакырса дароо каршы чыгам... Жанымдагы эжелер айтат, сен жашсың, ойно, күл дешет, бирок мен даай албайм, эрким жетпейт, жада калса башка адам менен бир жакка барганга жан дүйнөм жол бербейт.
Мына эми 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюну келе жатат, жумуштан атайлап дал ошол убакка эс алуу өргөсүн алдым. Аллахым буйруса аны кезиктирем деген аруу ниеттемин, менин да көчөмдө майрам болоруна шексизмин... Мен сизди гана күтөмүн.........
-
Түшүнүксүз сезимдерим
Жазылган күн: 9 Янв 2018
Саламдостор, мен бул жолу жан дүйнөмдүн кичинекей сырын ачайын деп чечтим. Менэмнени кааласам баарына жеткен кызмын. Аллахыма шүгүр... Балалык кезденкыялданган кесиптин ээси болдум. Кесибим менен башка өлкөдө эмгектенип жүрөм.Ата-энем, бир туугандарым аман, жанымда болбосо дагы, алыстан мениколдоп турушат. Айтоор алдыгы койгон максаттарым акырындан аткарылып кележатат... Баары колуман келип, бир нерсеге алым келбейт, күч-кубатым жетпейт. Алсүйүү темасы.... Негизи мен сезимдериме түшүнө бербейм, же мага дагы деле сүйүүкеле элекпи деп өзүмдү алдайм. Билесиздерби окуучулук кезде тооксүйүү болгон, бирок чыныгы сүйүүнү күтүп жүрөм. Мындай да, курбуларым көчөдөнэле тиги жигит жагып калды, бул жигит жагып калды деп келишет. Мен аларга таңкалам, кантип жактырып калышат деп. Же менин ойлогонум сүйгөн жумушум, жумуштанчыккандан кийин үйүмбү??file:// /C:/Users/NF04C~1.KAI/ AppData/Local/Temp/msohtmlclip1/ 01/clip_image001.gif Анансоц тармактардан келген жигиттердин каттарына көңүл бөлбөйм жана убактым аларүчүн эмесfile:///C:/Users/ NF04C~1.KAI/AppData/Local/ Temp/msohtmlclip1/01/clip_image002. gif.Тааныштарым тааныштырышат бир жоолуккандан кийин ал адамды көргүм келбей калат,экинчи ирээт аны менен кезикпейм, сүйлөшпөйм дагы. Эмнеге??? Эмнеееегееее? ??..file:///C:/Users/NF04C~1. KAI/AppData/Local/Temp/ msohtmlclip1/01/clip_image003. gif Билбейм! Акыркыучурда жигиттерге көз сала баштаганды үйрөндүм, бирок мен жактырган жигиттер үйбүлөөлү болуп чыгат...ОООО кудайым эмнеге??? Баарыңыздар ойлошуңармүмкүн бул, жашы өтүп калган кара далы кыз деп... Жоооок мен 21 ганажаштамын, мында да ойлонушуңар мүмкүн, ой бул жапжаш болуп алып жигит издейтдеп. Бирок мени түшүнсөңөр, мен чыныгы сүйүүнү издеп жүрөм...Же убагы келеэлекпи? Иии анан качан келет? Курбуларымды мындай кой, сиңдилерим турмушкачыгып жатышат. Менин келечектеги жолдошум өзүмдөн жок дегенде 5жаштан өйдө 12 жаштан ылдый улуу болгон жигит боолушун кыялданып жүрөм,file:///C: /Users/NF04C~1.KAI/AppData/ Local/Temp/msohtmlclip1/ 01/clip_image004.gif а менинкабатырланганым ошол улуу жигиттер үйлөнүп бүтүп калышсачы?file: ///C:/Users/NF04C~1.KAI/ AppData/Local/Temp/msohtmlclip1/ 01/clip_image005.gif Ошол үчүн менчыныгы сүйүү издем...file:/// C:/Users/NF04C~1.KAI/AppData/ Local/Temp/msohtmlclip1/ 01/clip_image006.gif
Комментарийлер
Sevda-Nur ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?