Суперстан: samira-mubin - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

samira-mubin Өздүк маалымат Рейтинг: -----

samira-mubin фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
21 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (17 билдирүүлөр)
Катталган:
27 Ноябрь 17
Кароолор:
2 156
Соңку аракети
Пользователь офлайн 20 Ноя 2018 08:38
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
35 жашта
Туулган күнү:
Сентябрь 17, 1989
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Мен ачкан темалар

  1. Кусалык...

    Жазылган күн: 26 Окт 2018

    эмне деп соз баштаарымды да билбей турам...
    сагындым... ооба сагындым алыстыгындан эмес...
    жанымда кунуно 8 саат коруп туруп бирок таптакыр башка адамдын энчиси экенин эстеп туруп кээде тагдырыма таарынып кетем. Эмне учун ушунча кеч...
    кеч туну уктай алган жокмун. бир да уктай албай ойдолоктоп ойгоо жаттым танга маал гана уктап кетипмин. Кокурогумдо бир нерсе жетпей сыздап ооруп жатты, бир нерсе жетпегенсип турду. футболкамды чечип, жанымда тетири карап уктап жаткан куйоомдун далына кокурогумду кобп жаттым, ушинтсем ооруу басыла тургандай сезилип... бирок басылган жок кайра жатым ыйлап жаттым. Ооба ыйлай бердим. Адатта кундогу ый бир нерсенин артынан болчу. бугун билбейм эмнеге ыйлап жатканымды. .. бир убакта куйоом э не ыйлап жатасын дегенде чочуп кеттим да жаман туш кордум деп коюп дагы ыйлай бердим озумду токтото алган жокмун. Корксон кызынды кучактап жат деди да кайра уйкуга кетти. Чын эле кызымды кучактап жатып уктап кетипмин. Будильниктин унунон ойгондум. денем оор болуп калыптыр. коздорум ишип да кетиптир....
    Ишке келдим дагы сени кордум кеч тунку окуяны эстеп сага айтып бергим келди, бирок айта албадым. жон гана козуно карап отурам... коодонум толбой деген создун маанисин эми тушундум окшойт
    сен жонундо соз кеткенде эххх тагдыр... экен да деп кала берем. Бул создун аркасында коп нерсе жатканын менден башка эч ким сезбейт.
  2. Мендеги улуу сезимдер

    Жазылган күн: 28 Фев 2018

    БИЛЕМИН САГА ДЕГЕН СЕЗИМ ЫЙЫК

    Билемин намыс менден улуу, бийик.
    Кол жеткис аруу таза, мөлтүр ыйык.
    Мертинип жүрөк сокпой калса дагы,
    Сакталат сага деген сырым туюк.
    Көмүскө жүрөгүмдө жашай берет,
    Сен бардай сезим кушу күндөй күлүп.

    Билемин сен деп азап тартаарымды,
    Күтпөймүн олутуу сөз айтаарыңды.
    Билемин бир өмүргө кыйналаарым,
    Бирок билбейм сенден артка кайтаарымды.
    Туңгуюк тороп турсун туш тарабым,
    Билемин сенин атың айтаарымды.

    Билемин, келе албайсың колуң сунуп,
    Эсиме түшө калсаң көңүл жылып.
    Өзүмдү алдап койуп күн санаймын,
    Эх аттиң келип -кетеер өмүр күлүк.
    Боз жорго туу көтөрүп даван ашат,
    Жүрөктө сага деген сезим ыйык.
  3. Жүрөгүмдө сүйүү боздойт...

    Жазылган күн: 29 Ноя 2017

    Экообуз баратабыз эки жолдо, а менин журогумдо суйуу боздойт.. дал ушул ыр саптар менин суйуумо, жашоомо арналгандай. Бул теманы жазыышка кооп ойлондум, 1жылдан бери суперге Кирип окуп, менда оз суйуумду арманымды жазгым келип эми убактысы жетип жазып жатам. Тагыраак айтканда ошол мен учун арман болуп калган адамды коргодон бери мендеги сезим ойгонуп жазышка мажбур кылды
    Мен Азатты 8-класста окуганда айылда той болуп ошондо коргом. Ал 11де окуйткен мен жон Гана карап калгам. Мен жана байкем ( бир тууган эмес аты Ислам) чон энемдин колунда чонойгонбуз. 11ди Бутуп жатып 25 май биздин уйдо болуп мага Кызыгуу жараткан Азат да келди. Ал мага конул болгон деле жок. Ошентип алар окуну бутуп кетишти уйдо олтуруп исламдын телинен Азаттын ном жазып алдым эмнеге экендигин билбейм 07727510.. азыр да жатка билем. Арадан бир жыл отуп мен чонойдум менимче переходный возраст дебейинби. Азатка смс жаздым "чон жигит таанышып албайлыбы" деп, Буга чейин эч смс жазып же чалып корбогом Азатка и башкага. Эми эмне болот деп озумчоле толкунданып алгам, тез эле чалуу келди албадым кайра смс келди кандай макул танышайын атым Азат сен кимсин деп. Мм деп ойлонуп атым секрет деп жазып ийгенимди билем ислам байкем чалып ы аты секрет деп калса, оола уялып олгом. Корсо ислам Азат экоо чогуу отурушкан экенда. Мына ушундан кийин биздин суйуу романыбыз башталды...
    Азат ошол жылы москвага кетти, барып чалып ушу менин номерим деп айтты. А кезде бизде кирпичный Нокиа болчу да озунчо картинкалар бар болчу картинка жонотуп бактылуу болуп кыялданып алаар элем. Кетээрде мени кут окууну бутооруно келет, уйлонобуз, 4 балалуу болобуз деп айткан. Ошентип кундор отуп отуруп 1 жыл отуп мен 11 болдум, бул аралыкта Азатты сагынбадым анткени по берген ном чалсам эч албайт, кийин ушундай жаман соз менен смс келген ( сом х.. чучела) деп мендеги бар нерсе бырчаланып жок болгон ыйлап ысып сууп Кун отуп кетти. Классташым нурбек суйуусун билдирип жургон, балким оч алуу, балким озумду алдоо билбейм кандай ойдо Нурбек менен кыз жигит болуп журдук. Карап корсом жакшы бала нурбек, болгону менде сезим жок тем бооле Азаттын кошунасы. Апрель Айы болчу российский ном чалып кандайсын уктум суйуу романынды сенин планын меникинен да соонун турбайбы билип кой барибир сени суйоорумду деп очуруп койду. Жакшылап карасам номерди мен туурамес терип чалып алган экен да баякыда. Иии деп калып кеттим. Болбогон эле себеп менен Нурбек менен да урушуп суйлошпой калдык. 25 май мен мыкты бутуруучу деген наам менен буттум. Линейка бутуп уйго кетип жатканбыз кеч вечеринка деп, жолдо менин журогумду жарымы Азатты кордум. Ал мени корсо да ботон адамдар Гана отуп кетти Буга озумду куноолодум. Кеч вечеринкага барып эшикте ойноп журсом нурбек журсон деп колумдан жетелеп карангы Жака жетелеп барды каяка деп сураганымда унчукпады. Карасам Азат ииий жаным менин аппак болуп бир аз толуп да калыптыр. Учурашып суйлошуп откон обидаларды окуяларды айтып кечиришип биздин суйуу романыбыз кайра уланда. Июнь келип кызыл аттестат алдым, 185 балл менен бишкеке келип юрфакка бюджетке отпой калып КНУга экономика придприятияга тапшырып койдум. Мына сага мен кутпогон кесип. Менин балалыктагы кыялым сот болуу эле.Азаттын мед коллежге тапшыр апам медик келин алам деп журот деген созуно кулак салбай койдум. Билбейм менде эч медке кызыгуу жок болчу. Ошентип ал кайра москвага мен бишкекте жашоо отуп жатты. Мен Аламедин базарына жакан жердеги Ислам университетинин общагасында жашап калдым. Окууга кызыгып окуп жаттым. Ал кезде уже нокия 6300, 6303 деген тел чыгып калган,бирок интернетке кирбейт болчумун. Жатаканада вайфай бар комп бар бир Кун бир эже майлру почта ачып берди, сразуле Азатты издеп таап достошуп эми телден эмес агенттен суйлошуп журдук. Ойлоп корсом аябай сагыныпмын. Экообуз чогуу отуруп сырдашкан кундорду, анын кулкусун,жылуу мамилесин менден сурдогонун сагыныпмын. Тел суйлошуп жатып эле ыйлап кирдим. Эч озумду токтото албайм. Азат, алтыным билесинби мен сени чексиз суйоорумду канча кыйын кундор болбосун ар дайым жанында тироочун болом деп мени сооротуп Баштады. Негедир Ислам байкем башынанле бизге каршы чыккан мага да азатка да коп айтат токтоткула деп. Ошол куну да келип Азат олсо олугу артык бирок болбойт суйлошпо деп катуу айтты. Эмнеге себеп деп сурасам кийинтушуносун окууну бутконундо айтам деп айтпай койгон. Эмне ооруйбу спидпи норкаманбы ар нерсе варянттарды айтсам жок кийин айтам деп айтпай койду. Азатка ошону да айтып алып ыйладым неге каршы досун деп. Билбейм сени мага бергиси келбейтко деп эле калган.

Достору

samira-mubin Досторду кошо элек

Комментарийлер

samira-mubin ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 18:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: