Bonbon Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 10 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Кыздын сыры (7 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 20 Март 11
- Кароолор:
- 4 084
- Соңку аракети
10 Июл 2020 12:28
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 38 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 22, 1986
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Төрөттөн кийин толуп кеттим, кантип арыктаса болот?
Жазылган күн: 26 Мар 2016
Арыктоо да менин азыркы негизги проблемам болуп калды. Биринчи боюмда болгондо до толгом анан ошол салмагым боюнча экинчи жолу боюма болгондо да салмак кошулду, ошону менен мен да азыр 75 кг жакындап калдым, боюм болсо 160. Баламды жалан эле эмчек менен баксам деле эч салмак таштабай койдум, балам деле жакшы чоноюп жатат. Базарга барсан же кийим батпайт, баткан кийимдер улуу аялдардыкы. Жашым болсо быйыл 30га чыгам, жаштарга арналган кийимди кие албаганым чон арманым. Суроттордон озумдун корунушумду коруп суротко тушууну деле каалабай калдым. Спортзалга барайын десем баламды карап турганга киши жок. Уйдон кичинеден болсо эле спорт менен машыгыш керек эле, эх ушу жалкоолук деген нерсени жоготпосо болбой калды. -
Темасы: менинда эне болгум келет
Жазылган күн: 21 Мар 2016
Бул теманы башынан окуп чыгып озумдун башыман ушул койгой отконун эстеп козумо жаш алдым. Бир кезде мен да наристе жытын энсеп эне болуу бакытына зар элем. Бала ата менен эненин ортосундагы копуро дегендей мен да ошол кезде келечегим кандай болот, эгер такыр торобой калсам бир куну куйоом экообуз эки ара жолго тушууго аргасыз болобуз анан аркысы эмне болот деп аябай кыйналгам.Врачтардан да, табыптардан да 3 жыл бою жыйынтык болгон жок. Апам бала багып албайсынарбы деп бир куну мага соз козгогондо бул чечимди бир жагынан туура коруп экинчи жагынан кантип куйоомо айтам, ал макул болбосочу деп коркуп жаттым. Бир куну эле куйоом озу ушул сунушту киргизди, ошентип экообуз анын туугандарынын эч кимисине айтпай эле бала багып алууну чечтик. Ошентип биздин уй-булобузго бир кичинекей адам кошулуп экообуз аябай бактылуу жашап калдык. Арадан 6 ай откондо мен кош бойлуу болгонумду билдим. Баланы бала чакырат деп ошентип эки кыздын ата-энеси болуп отуруп калдык. Анан 3 жыл откондон кийин уулдуу болдук, азыр уулума 7 ай толду. Уйубуз базар болуп бапырап жаткан чагыбыз, кээде алар уйду чачышса урушуп калып баягы кундордо ушундай кундорду Кудайдан суранбадык беле деп кулуп калабыз. Ошондуктан баардык наристе куткондорго кааларым сабырдуу болуп, жакшылыкты гана тилегиле. Буйруса эне болуп, бала жытына тойбогон кун да бат эле келет.
Комментарийлер
Bonbon ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?