moscowcity55
- Кыймылы жок
- 35 (0,01 )
- Жүрөк сыры (24 )
- 20 Январь 18
- 6 784
06 Авг 2019 14:47
- Момун
- 15
- 19, 2010
- Жынысы:
-
-
Түбөлүк сагынычым.
6 Авг 2019
Жакшы көрөм! Сагындым! Такыр тойбойм! Аалам айланган космикалык саякатта жүрүп, эркек кишинин образын сиздин образыңыз аркылуу элестетээрим бышык. Махабатка катуу масмын...Жүрөгүм от мн жалын. Дене табым бир аз төмөн, сиздин демиңиз жетишпей турат. Кучагыңызга бой урган күнү менден өткөн бактылуу жан жок. Бирок, таң эрте кучагымдан суурулуп кетээриңизди эстегенде, жанымды коёрго жер таппайм, тыпырайм, кыйналам. Кызык, бакытты ошол айрылуудан жаралган сагынычтан сеземин. Билем, тандап алган жолум ары татаал, ары катаал, ары түйшүктүү. Ошондон ырахаттанып жашаган өзүмө жагат окшойт. Бирден бир тилегеним өзгөрүшүңүздү такыр каалабайм, ушул бойдон калыңыз. Сагындым.❤ -
Монолог
20 Июл 2019
Жаныңызда жүрүү мынчалык жагымдуу болоорун мурда эле билчүмүн. -
Түбөлүк сагынычым.
16 Июл 2019
Сый күтүп сизден эркелейм сизге башкача,
Сыр катпайм сизден, жүрөгүм сизге таптаза.
Башканы эмес, бир сиз деп турат көңүлүм.
Бакытым тоодой ырымды сизге арнасам. -
Түбөлүк сагынычым.
16 Июл 2019
Мүнөзүңүз кебезден жумшак, а менчи ...эркелигимденби же бала кыялдыгымданбы билбейм, айтор атайын урушкум келе берет...))) Ушунун баарын жутуп алганыңызды өзгөчө сыйлайм. -
Түбөлүк сагынычым.
15 Июл 2019
Бу жолку келишимди 1 ай мурда айтып алып, убакыттын өтүшү мага кыйын эле болду. Дайыма келгенимде " курсагым ачты" деп келем))) Кызыгы, баарында тең эртең мн конгонум. Анан берекелүү, ордолуу Ошту кыдырып тамак издейбиз.Ээринбей жакшы деген чайханалардын баарына алып барасыз, баарында окшош жооп. Тамак- аш даяр эмес.Бу сапар жумуштарды бүтөрүп, тамактаналы деп " Туран" деген чайханага баш бактык. Сиздин жаныңызда өзүмдү алсыз, назик аялзаты сезип алдым да, жыргап салатты тамшана жеп алдым...
Эми ал жер менин баалуу жерлеримдин бирине айланды.Кечээ жанынан өтүп баратып айдоочу мырзага: "Токтоп коюңузчу "-десем, "сиз Кара-Сууга бармакчы элеңизго" -дейт... "Тамактанам" деп түшүп калдым. Экөөбүз отурган жайга отурдум. Сиз мн жеген тамак даамдуу болот окшойт, бул ирет салаттын даамын сезе албадым. Көзүмдөн жашым кылгырып атты. Сагынычтын көз жашы.

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
moscowcity55