APMAH.. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 6 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (6 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Март 18
- Кароолор:
- 1 327
- Соңку аракети
27 Фев 2019 00:16
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 12, 1991
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Унуткум келет..
Жазылган күн: 3 Апр 2018
...Тушумо кирдин)кызык, дагы кирдин.Канчалык унутам деп алдастагандан сайын кайра эле журогумо тымызын булук салып кетесин.Жадакалса тушумдо дал онумдогудой колуна колум тийгизгенден тартынам.Сырттан карап караанына козумду толтура карап алсам ошого раазымын.Сенин ошол элесин ойгонгон сон кыйлага чейин азык болот.Тушумдогу бир суртум элесин журогумун тилигине дары,бир суйком дары,даба.
Кээде журогум акылыма баш бербей кетет.Ойноок, тентек,жаралуу журогум..Унуттум десемда журогум сени издей берет.
Эсиндеби соц сеттерден табышып алган кун..Коктон издегеним жерден табылган менен журогум канап турганы куну кункудой эсимде.Себеби сени тапкан менен бир омур жоготконуму тушунуп тургам.Бирок ошонуда менин журогум которду...Ал арман жашоомо бир омур так салсада арманымы ичке катып журогумду ооздуктай алдым.Антпеске арга канча аттин ай..
Соц сетке сен учун гана кирчумун." Кандайсыз чон кыз"деген бир ооз созун канча бакытка болоор эле мени."Мен. .мен сени куттум,сагындым сени.Журогум дегдеп сен учун кирдим.Караанынды бир корсотчу.Тупойул болуп тынчтык бербеген журогумо бир даба тапчы..Сен деген сезимдерге буулугуп,тупкуруно чогуп баратам.Куткарчы мени куткарып алчы берекем.Мен сени ушул кезге чейин суйом деп айтпагам,корсо менин суйуумо айтсан соз,ыйласан коз жаш,жазсан тамга жетпейт экен"деп коодонго толуп ташкан арманымды ичимден гана кайталаймда бирок аттин"Жакшы" деп бир ооз гана жооп жазып коем.Ошондогу журогумдун жанчылганын сурабаныз..Бир ооз создун ичинде канча арман канча сагыныч канча оксук бар экенин сездин бекен.
Мындай суз жооптун артынан кайра сенден козго суртоор тамга кунконумчу. Жазса экен,жаз,жазчы деп тиленип отурганымчы. .Жазышуубуз ушул нукта уланат"Айылга качан келесин"Канатым болсо учуп жетмекмин.Мына азыр да сага корунбой уй жагына барып сыртындан караанынды бир коруп алсам эмне.Барайын тосуп ал,жон эле мени куса кылып арманга салган коздорунду бир коруп алайынчы" дегим келет.Бирок аттин"Билбейм, окуу"эки созду аран жазам.Болду ошо менен бутот суйлошуу.Бирок ушул торт созда экообуздун тен журогубуздогу армандарды козгоп,буркан тушуруп кайра сооротот тура.Кутконумчу ушу торт созду...
-
Темасы: Унуткум келет..
Жазылган күн: 17 Мар 2018
..Сезимдердин эн тунугу,эн тазасы жана аруусу балалык суйуу болот окшойт.Ойносок оюнга кулсок кулкуго тойбой жургон кезде бул сезимдерди ачыкка чыгара албай,байкасак да балалык кылып батынып ачыктай албай баёо бойдон калып кетет тура.Менин сезимдерим да ушул баёолуктун курмандыгы эле..
..Бала кезде атакемдин жумушуна байланыштуу коп жер котордук.Мектепти буткучо 4 мектепке окупмун.8ди буткондо атакем дагы которулду.Мурункулары бир областын ичиндеги райондордо журсо бул ирет башка областка жолдомо алды.Адатта кайда барсак чогуу жургон бир уйбуло 5 жан,атакем,апам, улуусу мен,2жашка кичуу синдим жана кокурок кучук бир жашар синдим кочуп конуп жургонго конуп деле калганбыз.Кай жерге барбайлы атайын болунгон уйду актап,сырдап, тазалап жайгашып алып,синдим экообузду мектебине киргизип коюшчу.Анча- мынчасын эске албаганда жаны мектеп,жаны классташтар, жаны мугалимдерге бат эле конушуп кетчубуз.Бирок бул жолу тайенем биздин бой жетип баратканыбызды айтып,синдим экообузду таштап кеткиле деп келиптир.Атакемдин мунозу оор болсо да ары айтып бери айтып атып кондурушту. Ошентип 9-класска экинчи чейректен 5-классымда 1жылдай окуп кеткен мектепке кайра бардым.
Бул мектепте мени жан дуйномду гулдотуп кайра азапка салаар,конулумду остуруп кайра тамырына балта чабар,сезимдеримди жылытып кайра ызгаарына тондураар,тугонгуз кыялдар менен улпулдоп очойун деген умутторго бекем чырмап алып белгисиз тунгуюкка жетелечу суйуу кутуп турганын билбегем...
..Эки жагыман коштогон кошуна турган эки классташ кыздарым менен мектептин дарбазасынан жанашып кирдик.Туулган кунумо арнап алып беришкен кызыл курткам ансайын конулуму которгондой бир башкача бактылуу корсотуп,жарашып турган.Ал кезде телегейим тегиз,дуйном тугол,менден артык бактылуу жан жок болчу чынында.Ошол куну менин суйуумдун тазалыгын,аруулугун, тунуктугун тастыктаган биринчи кар жаап жаткан эле.Алгачкы кар аппак болуп алсыз бурганактап, женил учуп келип курткама тийип качып ойноп атты.Бетиме аяр келип опкон сыяктуу,бирок ордунда эле эрип кетет..Бул алгачкы кар бир эле кыштын символу эмес менин эн алгачкы сезимимдин да символу болчу..
..Суйлошулгондой классыма кирип отурдум.Мурда окуп кеткеним учун баары эле жылуу кабыл алышты.Болгону эки класс кошулуп окуучунун саны кобойуп калыптыр.Келген кундон тартып сен мага имерилип жакындай бердин.Экообуз эки башка партада отурсак да,жанымда отурган парталашымды жылдырып жаныма отуруп алчу элен.Акырындап сен мага жылуу соз,жумшак мамилен менен озуно тартып кондуро баштадын.Башкаларга окшобогон мунозун,дайыма ойлуу,жалооруй тигилген коздоруно конуп бараттым.Оюн кулкуго толгон,кыраан каткырык тамаша менен коштолгон эн бактылуу,эн кызыктуу,артка кайткыз окуучулук кундорумдо сен тымызын жандуйномо кирип,журогумдон озуно тунок даярдап журупсун.Мен дагы ботон коздон,сырт создон корумжулай жургон сага кадимкидей ымала тартып коно баштагам.Ошол убактарда синдим сагындым деп чыдабай журуп,атам алып кетти.Менин сагынычымды "улуу кызы эстуу,токтоо" деген мактап-алдоо тизгиндесе, бир жактан сенин жылуу мамилен алаксытып атты..
Жалындаган жаштыктын коштоосунда балалыктын баа жеткис кундорун билинбей учкан убакыт тооруп,мектепти аяктаар мезгилибиз да келди.Бул мезгилде экообуздун мамилебиз ото терендеп кетпесе да мектептин чон болугуно маалым болуп улгургон эле.Ошондогу куноосуз сезимдер,балалык курчтук,баёолукка салып эч кимден тартынчу эмес экенбиз.Экообуз бир бирибизди энчилеп алган сынар бир партада отуруп,бирге басып,бийге да экообуз чыкчубуз.Класста да,классташтардын арасында да сенин ордун менин жанымда,менин ордум сени менен боло турганы конумуш адатка айланган эле.Элдин козунон аянбай акыркы конгуроодо жетелешип чыгып,чакан кечебизде жанаша эгиз козудай ээрчишип жургонубузду айтсан.Бизге ал кезде биз тууралуу ким кандай ойлойт,эмне дейт мааниси жок болчу,себеби экообуздун тен оюбуз бири бирибизге акактай ак,аккан суудай таза эле.Келечегибизди окуу,максатыбызга жетуу менен гана элестетчубуз. .
Кайран гана баёо балалык ай,ошондо суйуубуздун ушунчалык тамыры жайылып,акыры арманга айланганын сезсен гана..Балким, балким анда баары башкача болоор беле..
..Эсимде,бутуруу экзамендерин тапшырып жургон кез.Кечинде коз байланган убакта дос кызым чакырып чыкты.Ар дайым "бироонун кызы,балээнде мен калам"деген создордун коштоосунда кадимки аскердей кайтарган тайнемди экзаменге даярдануу деген шылтоо менен аран жубатып чыктым.Досум менен классташ бала торой чыгышты.Арыраакта бетинди басып отурупсун. Сени коруп журогум бир силкинип алды,себеби мынтип туну жолугушууга келчу эмессин.Мумкун журок кургур ошондо эле сенден бир нерсени умут этип кутуп жургон белем..Мен чыкканда эле тигилер сенин мага жолугууга келгенинди, анан менин тайкелерим сени кармап катуу уруп койгонун айтып киришти.Аягына чейин укпай учуп эле жанына жеттим.Билбейм неге,бирок ошол учурда мен баарына даяр элем.Сен учун эч нерседен кайра тартпастай чечкиндуу чуркап жеттим.Жакындаганда ордундан каткырып тура калдын.Ишенип ишенбей карангыда бетине тигилдим.Тамашалап, мени сынаганынарды айтып беркилер каткырып калышты.Ошондо алгач жолу сен учун журогум толгонуп,сезимдерим толкуп жургонун сезгенмин...
Корсо ошондо эки жылдай мурун эле коодонумо бучур байланып,сенин жылуу созуно,аяр мамилене суугарылып отуруп кадимкидей тамыр ала баштаган мезгил экен..Бири бирибизге батына албай,сезимдерибизди журогубуздон туюшуп,бирок суук коздон коргон,аяп сактап журуп коодондогу бучурду кадимкидей жетилтип,тамырлаштырып алган экенбиз... -
Темасы: Унуткум келет..
Жазылган күн: 16 Мар 2018
..Унуткум келет,ооба унуткум келет.Сенсиздикке конуп,буйрубаган тагдырга баш ийип сезимдерди комгум келет.Сенсиздикке чыдагым келет,сенсиздикти женгим келет..дейм да тымызын сени коргум келип,тымызын самайм.Буулуккан уйкусуз тундорумдо терезени ачып алып коктогу жылтылдаган жылдыздарды умуттуу тиктейм..мен сени,мен сени ошол жылдыздар аркылуу коргум келет.Жайнаган жылдыздын арасынан бирисин тандайм да тигиле карап туруп ошол аркылуу салам жолдойм.Мени коруп тургандай сезилген жылдыз сени да коруп турганына ишенгим келип,сени коргондой болуп жок дегенде ошодон дем-куч алып,журок отун басам.. <div><br>< /div><div>< br></div>< >
..Кечээгимин эшигин жаап эртениме баш которо баргым келет.Сени менен жашаган сага байланган жалган кыялдардан чарчадым дейм да бирок, аттин, тымызын тушумдон кутом.Жок дегенде ,жок дегенде элесинди тушумдон бир коруп алсам дейм,жатаарда тилейм, дуба кылам..
..Сезесинби билбейм, кээде келесин тушумо.Кадимкиндей кулмундоп жайнап келесин,мен энсеп элестегендей, мен бир корууго зар болгон караанын менен козумду толтура келесин.Баягыдай козундон чексиз мээрим тогуп,курган журокту дагы умуткор кылып,кулумсуроп келесин.Бирок жок дегенде тушумдо жакындай албай,батынып бара албай,арманымды айта албай алдастай берем.Макул жакындай албайын,арзуумду айта албайын, макул мен жакты карабай деле кой болгону жанымда эле кулмундоп журо берсе экен деп ошол уйкудан ойгонбогонго тырышам..аран тапкан тушумду жоготкум келбей,кокустан жоготуп алган баа жеткис буюмумду таап алып,коё бергенден коркуп коюнума кыскандай,тушум экенин билип турсам да ойгонгум келбей жаздыгыма башымды тыгам.Кайдаан, мындай кереметтер орундалганда башкасын ойдогудай туздоп албайт белем.!Ойгоном. Тушум.Сен жоксун.Жалгыздык. Кармай албай калган тушумо ызаа болсом да,жок дегенде тушумо кирип койгонуна каниет кылам.Билесинби так ошол куну кандай маанайда болом.Тушумдо коргон сенин элесиндин деми мага бир кундук бакыт тартуулайт. Бир кундук жашоомду кубаныч менен камсыздайт. Сенин тушумдогу элесине канат байлап бир кунум отот.Бирок андан кийин эле баягы абал.Кундор алмашып кайра эле ыр сабынан же бироого окшоштуруп элесинди тутуп алып,жан дуйномдун оорусу башталат..
.Кызык,сенин элесинди тушумдон коргонумо ушунча канат байлап,жашоомун бир четине жарык берип,ушугон сезимдеримди жылытып,коодонумду коколотуп атса,анда тагдыр экообузду кошуп койсо кандай жашоо болмок экен?Жок,жок элестете албайм,элестеткен да эмесмин.
Мында сенин кымындай куноон жок,сени куноолобойм. Сен да оз тагдырындын жолунда кеттин.Колума колун тийсе тийгендир бирок сен мага туболук бирге болууга умут да убада да берген эмессин.Бирок, бирок мен убакытты артка кайтара албай калган убакта гана сенин суйууно ишендим...Аттин ай кеч ишендим, баары кеч эле..
-
Темасы: Унуткум келет..
Жазылган күн: 16 Мар 2018
[quote name='alisha00' date='15 Март 2018 - 19:18' timestamp='1521119934' post='3641799' ]
Тиги эки ырыңыздын тең аты эмне? Айтып коюңчу жакты
[/quote
Артур Руденко -Забыть нельзя
Кайрат Нуртаз -Орындалмаган арман -
Темасы: Унуткум келет..
Жазылган күн: 13 Мар 2018
Сууга кошулуп аккан коз жашып бетими тугул бут денемди жууп жатты..колумдагы мочалка менен туш келди жеримди кату кату сурткулоп "чыгып кет,чыгып кет"деп жинди болгон кишидей ыйлай бердим..Унумду катуу чыгара албасам да коодонумду жарып чыгып аткан ачуу арман жаагымды карыштырып атты..Менин бул абалымды ванна менен суудан башка эч ким корбойт эле.Ошон учун да коодон толгон бугумду жашынып алып сууга тогуп аттым..А музыка ыйыма ый кошуп арманымы коштогонсуп ырдап атты.Бирок аттин сен муну билмек тугул сезген да жоксун..
Акыры колдоруман куч кетип козум ыйдан ачышканда шалдырай отуруп калдым.Ыйлап атып козум тургай бетим да шишип кеткендей сезилди.Бир аз да болсо женилдеп алдым.Кызарган козумду ваннага тушконумду шылтап сабагыма отурдум.
Ошентип сага болгон сезимдин армандын отун сууга тушуп очургон жолун таап алдым
Комментарийлер
APMAH.. ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?