Meerim496
- Кыймылы жок
- 4 (0 )
- Адабият жана поэзия (4 )
- 24 March 18
- 1026
02 May 2018 19:34
- Момун
- 27
- 5, 1998
- Жынысы:
-
-
Жаш акындар
8 Apr 2018
Коштошуу сезимдери
Ажыраштык экообуз, тагдыр дебе,
Ал суйууну шылтаба жаштык кезге...
Таза бойдон сезимдер кала берет,
Ооруусу журоктордун отуп кетет.
Кечир дебе, куноосуз арзуум менин,
Уй-булоолуу болгонун бактын сенин.
Жазып жатам жаны ыр дагы сага,
Тынчтык бербей, сен деген сезимдерим. ..
Суктанам тандын Чолпон жылдызына,
Ар танда сени коро алганына...
Бакыт каалап ак тандай тунук-таза,
Сезимдерим жашырам ак кагазга...
Каалабайм жарынды жесир кылып,
Уулундун атасыз чоноюшун...
Бироонун коз жашына курулбайт дейт
Бакыттын чеп сыяктуу пайдубалын!
Суйууну шылтоо кылып мерездерче,
Бактылуу уй-булонду буза албайм...
Коштошуу ыры болсун мунун баары,
Махабат арманым жете албаган... -
Жаш акындар
7 Apr 2018
Сагыныч
Турмуш экен арабасы ото оор,
Тагдыр деген баарысынан эн таш боор.
Жакшы жашоого умтулуп канча адам,
Чет олкого умут менен жол алган.
Кем болбосун башкалардан кызым деп,
Ооруу-сыркоо, чарчоо билбей иштейсиз,
Билем апа, оной эмес чет жерде,
Ар бир мунот туулган жерди энсейсиз.
Жем издеген канаттуу куш ондонуп,
Жаным ата, такыр тыным билбейсиз.
Сагынганда ыйлап жатып уктасам,
Мээрим тогуп тушторумо киресиз. -
Жаш акындар
6 Apr 2018
СҮЙҮҮНҮН АЗАБЫНА КЫЙБАЙ ТУРАМ
Билемин жүргөнүн сезимин арнаганы,
Кыйнады үмүт менен көзүмө караганы...
Ал сүйүүгө өзүндөй жооп бере албайм,
Кайсыл сөзүм аны анча арбап алды?!
Жүргөн менен сезимдерин айта албай,
Каалайт элем мага аны билдирбешин.
Мамилени бузбай кантип сактап калам?!
Жүрөгүнө бир да кара так калтырбай...
Кандай айтам себеби анда эмес,
Сүйүүсүнө өзүм татыктуу эмесим...
Суук сөздү, күндү тоскон сур булуттай,
Айтуу керек сунган көңүлүн соолутпай.
Баарынан ачуу да тил, таттуу да тил,
Кагып салбай жай гана айтаарым бар:
Агамдай бол, сыйлашалы өмүр бою,
Сүйүүнүн азабына кыйбай турам. -
Жаш акындар
6 Apr 2018
Кызганууңа билем жаным сүйүү себеп,
Бирок билгин, ишенбестик болбош керек.
Болор - болбос далили жок сөздөр менен,
Алоолонгон сүйүү сезим өчпөш керек.
Эсиндеби жыйырма төртү март айынын,
Эки жүрөк бирин - бири тапкан эле.
Анан кантип туура бир жыл болгон кезде,
Арман менен эки айрым жолго кетет?
Чырагым, жөлөгум деп эркелетсең,
Канат бүтүп жаныңа учкум келчү.
Азыр болсо эстеп акыркы сөзүңдү,
Чындап мени сүйөсүңбү билгим келет.
Мен сени жүрөгүмө багып келем,
Сүйүүнүн кызыл отун жага берем.
Мейли сен жүрөгүңдөн алып ташта,
Унутпа мен баары бир сүйө берем.
Тушпөчү торуна сен жалган деген,
Калтырба жаш жүрөгүм арман менен.
Колуңду бер өтөлү бул сыноолордон,
Жашка малба көздөрүмдү сүйүү толгон.
Meerim496

Супер-Инфо
super.kg
видео



Meerim496