kyialkech.kyzmyn
- Кыймылы жок
- 98 (0,04 )
- Эркин тема (32 )
- 21 Июнь 18
- 8 364
26 Июн 2020 15:53
- Карапайым
- 26
- 15, 1999
- Жынысы:
-
-
Монолог
29 Фев 2020
Балким 1 жылдан кийин же 2 жылдан кийин бул кылыгым үчүн эстеп күлөөрмүн... Бирок азыр мага аябай кыйын болуп жатат. Эмне кылсам да оюмда сиз... Ар бир айткан сөздөрүңүз, жиберген сүрөттөрүңүз жада калса менин сизге жиберген сүрөттөрүм да сизди эстетет. Бүгүн инстага кирсем эле сиздин сүрөтүңүз... Бирок жалгыз эмес... Ишенгим келбеди эле, жалган болуп калуусун ушунчалык кааладым эле. Кичинекей болсо үмүт бар болчу. Ал үмүт биротоло өчтү. Бардык жактан сизди жок кылууну каалап инстадан, Ватсаптан баарынан, жадагалса сизди эстетчү сүрөттөрдү да өчүрдүм. А бирок андай кылсам да жүрөктөгү нерсени өчүрө албайт экенмин... Балким мен сизге жөн гана көнүп калганым үчүн кыйналып жаткандырмын, балким сүйгөндүгүм үчүн. Тоюңуздан 4 күн өткөндөн кийин өкүнүп жаткандыгыңызды айттыңыз... Өкүнгөн м-н пайда жок экенин билем... Өкүнсөңүз эле бардыгы мурункудай болуп калса канааа... Эх... -
Монолог
18 Фев 2020
Сизди биринчи көргөндө катардагы эле бирөө деп ойлогом, а бирок азыр мен сиз учун катардагы эле бирөө болуп калдым окшойт... Сизге кылган ар бир мамилем үчүн өкүнөм. Канчалык орой мамиле кылганыма карабай көңүлүн өзүмө бурам деп көпкө жүрдүңүз. Акыры мен сизди жактырып калдым. Бирок эмне үчүн, эмнеге билбейм сиз өзгөрүп кеттиңиз. Күнөө менде болсо кк... Билем... Бирок дароо 180°ка өзгөрүп кетишиңизге эмне себеп болду...мен үчүн кызык, табышмак бойдон кала берди. -
Монолог
2 Фев 2020
Мен сизди биринчи жолу көргөндө катардагы эле бирөө деп ойлогом, а бирок азыр мен сиз учун катардагы эле бирөө болуп калгым келбейт... -
Кыз кишиге билим роль ойнобойбу?
28 Янв 2020
Кыздардын окуусуна бул жерде көпчүлүгү каршылыгын билдирип жатышат. Туура, көпчүлүк эркектер аялын иштетпей, үйдө балдарды тарбиялап отуруунун каалайт. Мына ушул тарбия берүүдө негизгиси билим кк менимче. Мисалы, балдар ар кандай суроолорду берип же мүмкүн мектеп тапшырмасын аткарууда жардам сураса "билбееейм" деп балаңдын алдында башты жерге ийүү туура эмес го дейм. Балада кандай таасир калат ..."апам эч нерсени билбейт турбайбы" дебейби... Билимдин эч кандай зыяны жок. Канчалык билим алсаң ошончолук дүйнөгө болгон көз карашын кеңеет... -
Тандаган гүлүңө жараша мүнөзүң
25 Янв 2020
Тюльпан гүлү жагат.
. Так эле мени сүрөттөгөндөй. ..

Супер-Инфо
super.kg
видео




Мобилдүү версия
kyialkech.kyzmyn