Суперстан: Ainaz05 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Ainaz05 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Ainaz05 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Жаран
Билдирүүлөр:
20 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Жүрөк сыры (18 билдирүүлөр)
Катталган:
02 Июль 18
Кароолор:
2 303
Соңку аракети
Пользователь офлайн 26 Май 2025 11:15
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
27 жашта
Туулган күнү:
Февраль 5, 1998
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Монолог

    Жазылган күн: 29 Июл 2019

    Сени баары эстетет. Канча жолу болду эстебейм десем да болбогон ыр да сени эсиме салат. Түнү ыйладым,сен үчүн ыйладым. Тагдырыбыз бир болбогон үчүн ыйладым. Азыр бир жигит менен таанышып сүйлөшүп жаткам,ал биринчи сүйүүм тууралуу сурап калды, ыңгайсыз суроолорду берди, телефонду өчүрүп салып ыйладым, сенин таштап кеткениңе өкүндүм. Сен оорубасаң, апаң оорубаса эмне?.. Сен шашылыш үйлөнбөсөң эмне... Акыркы 3 жылда мынчалык жүрөгүм оорубайт эле,сен ошону билер бекенсиң. Азыр болсо аялыңдын колун кармап отургандырсың, а мен байкуш сагынуунун жолундамын
  2. Темасы: Монолог

    Жазылган күн: 4 Май 2019

    Азыркы учурда баардык жерим ооруп турат.Кыштан бери бир оору жабышкан,ошол менен алышып жатам, Орозодо чоң үмүтүм бар, ушул оорудан кутулсам экен деген. Кечээ бир акмак жүрөгүмдү да оорутту. 2 жыл мурун оорутуп кеткениң аз болго эми дагы оорутуп койдуң. Койнунда аялың бар туруп, кантип мага уялбай чалдын? Кудай алдында деле күнөө болорун билсең керек. Кылгылыкты кылып коюп, кайра мени азаптайын деп жатасыңбы?. Сен таксист болуп чыкты, эмнегедир үн, сөздөр тааныш, бирок эстөө кыйын болду. Качан гана экинчи жолу кайра чалганда эстеп кетип, тааныбаган адам болуп урушуп койдум. Сураныч, жабылган эшикти каккылаба! Аялыңа мээрим төк!
  3. Темасы: Монолог

    Жазылган күн: 7 Фев 2019

    Туулган күнүмдө той болуп жаткан, сени ошол жерден жолуктурдум. Кыздын үйүндө бата той болуп жаткан,а сен болсо биздин үйгө келип намаз окуп кеттиң. Биринчи көрүп эле жүрөгүм жылыды,сыйлады, айтор байкап отуруп баарыңды жактырып калдым. Мен келинчектин жакын досу болгондуктан сен жакка жакындаш татаал болду. Кудай жалгап бир жолу бийге тарттың а бирок сен жөн гана кол чаап туруп алдың,алдыңда өзүмдү көргөзүп бийлештен тартылдым,уялдым мен да жөн гана бийлей албайм деп кар алдында тура бердик. А бирок сен бийлей албаган адам болбой эле башкалар менен бийлеп эле жүрдүң, кызганып кеттим... Сен каалоо сүйлөгөндө да өзгөчө сүйлөдүң, баарын ыйманга чакырдың. Той күнү кар жаап туруп алгандыктан шаарды кыйратып айланбадык, байкаганым сен бата тойдо свитер кийип жүрүп, эртеси костюм шым кийип ачылып кетиптирсиң. Мен дал сендей жигитти кыялдангам, бирок сага жете албадым, байкашымча сен оронгон кыздарды жактырасың сыяктуу... А бирок мен андай эмесмин, намазымды окусам да оронгон эмесмин. Той болду, тойдун эртеси да болду. Мен болсо эч кимге номер берип, терең таанышпадым деле. Бирок бүгүн мага таанышалы,мен Дастан десе жүрөгүм опколжуй, кубанып кетиптирмин, оюмда сен деп кубандым. Бирок ал сен эмес экенсиң, маанайым түшүп дароо кара тизмеге киргизүүгө шаштым. Оюмдун баары сен болуп калыптырсың. .. Билем мени издебейсиң, бактылуу бол!..
  4. Темасы: Монолог

    Жазылган күн: 30 Янв 2019

    Жакында туулган күнүм болот. Бул күнү күткөн адамымды жолуктурчудай башкача сезимдер болуп жатат, бирок дайыма эле жашоо биз ойлогондой боло бербейт туура. Мен күткөн адам такыр башкача болсо,мен анын ар бир ишин сүйсөм,ал да мени сүйүп,кадырлашып, сүйүүбүз никеге жетсе,эки дүйнө бактылуу болсок, кандай сонун... Буюрса баары болот деп ишенем. Мен издеген сүйүү эртерээк жолукчу...
  5. Темасы: Алайлык форумчулар барбы, келгиле достошолу!

    Жазылган күн: 25 Янв 2019

    Просмотр сообщения Jasa (27 Апрель 2018 - 16:20) жазган:

    Кандайсынар алайлык форумчулар, Корул деген айылбы,же айыл окмотбу ошол жерденмин деген болчу дос кызым тапканга жардам бергилечи одно,инстадан издеп таппадым
    Койчуман кызы Замира 1990жылкы,турмушка чыккан жошоолу деген айылга беле так эсте жок

    Корул деген айыл өкмөт, чоң болгондуктан сиздин досуңузду тааный албай жатам

Достору

Ainaz05 Досторду кошо элек

Комментарийлер

Ainaz05 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июн 2025 18:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: