Kyialke4
-
Жүрөктөн чыккaн ырлaр.
2 Ноя 2018
Токтобой төгүп жатса күндө жамгыр,
Томсоруп илхом кармап бир сап ыр.
Оюмду жалгыз гана сен жебелеп,
Оорудум кусалыктан сынап тагдыр.
Жылытпады назарлары канчалардын,
Жылмайып, ал өзүмдү алдаганым.
Сезимиң тоңуп турса чымырап,
Сенсиз кереги барбы жыргаганым?
Билбейм, кечиктиби махабат,
Балким, сен да мен дедиңби?!
Арналбай арзуум калды эрксиз,
Арманда ичтен сызып кетемби? -
Жүрөктөн чыккaн ырлaр.
22 Окт 2018
Сенин мөлтүр көздөрүң,
Эркелеп бир күлгөнүң.
Жаныма кубат берээр,
Сүйөм деген сөздөрүң.
Сенсиз бул өмүрдө,
Жалгыздыкка кабылам,
Булут каптап көңүлдө,
Жандүйнөм муңга багынам.
Сенсиз караңгы күнүм,
Ызгаардуу салкын түнүм.
Суусуз калган чөлдөгү,
Шыбыраар алсыз үнүм.
Катуу сүйлөп талаштык,
Неге мынча таймаштык.
Кызганычтан таарынып,
Түшүнүшпөй адаштык.
Сенсиң менин барым да,
Бакытым да, багым да.
Алыстаба жанымдан,
Мага кымбат сен гана. -
Кыялкечтин күндөлүгүнөн.
18 Авг 2018
10 жылдан кийин күндөлүгүн улантат деген ишеничтебиз. ..

Супер-Инфо
super.kg
видео



24 Май 2019 14:14

Мобилдүү версия
Kyialke4