Akak13.94 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 22 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Август 18
- Кароолор:
- 5 136
- Соңку аракети
13 Фев 2019 02:56
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Август 15, 1994
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Курбумдун каты (аңгеме)
Жазылган күн: 11 Фев 2019
( Уландысы — 5 ) .
Кандайсың, Наргиза? Окуулар жакшыбы? Эмне жаңылыктар болуп жатат? Окууга тапшырууга даярдыктар кандай?
А мен жүрөм , баары жакшы . Сынактарды тапшырып алсам, анан окууга жөнөгөнү даярданам. Азырынча , так кайсы окууга тапшыраарымды билбейм. Бирок, окууга сөзсүз тапшырамын. Атам кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп жатат. Балким, атамдын сүйлөшкөн окуусуна окуп каламбы, билбейм. Баарынан да элден калтырбай, окутамын деп жатканына сүйүнөм.
Мендеги жаңылыктардан сурасаң, жакшы жаңылыгым бар. Билесиңби, мен сага айткан кошуна мектептин балдары жөнүндө. Анын бирөөсү Илгизди , аябай жактырдым дебедим беле. Буюрса, жакында ал " меники " болот. Илгиз экөөбүз бир шаарга окуйбуз. Буюрса, сенин аяшың болуп калат, досум. Атама бир гана Илгиз окуган шаарга окуйм деп жатам. Атам себебин кайдан билсин. "Аракеттенип көрөм да " - деп жүрөт. Илгизди кантип багынттым, айтайынбы? Муну сага жолуккуча айтпасам, ичиме батпай кетээр. Мен сага айткан белем, Жайнаны Бекзат аябай жакшы көрөт деп. Кыскасы, ал экөөбүзгө кат жазмак болгон да, тээ окуусунан. Кат алышып туралы деп. Ошентип, Бекзат экөөбүзгө тен кат жазды. Мен жообун жазып жүрдүм. Кийин Бекзат сурап калды Жайнаны , мага жообун жазбайт депчи. Жайнадан сурап, акырын байкасам, Бекзаттын катын такыр окубагандай. Ой, Бекзат Жайнаны өлө сүйөт да. Боорум ачыды ага да . Анан тиги почточунун кызы менен акырын сүйлөштүм, Жайнага келген Бекзаттын катын мага берип жүр, мен Жайнага берип турамын деп. Ал деген бизге алысыраак тууган болуп кетет да. Окубай ыргытып жатканын айттым. Аа деп, анан макул болду. Билесинби анан, эмне кылдым. Мен Жайнанын атынан Бекзатка кат жаздым. Бир - эки катында ал - абалына жооп эле жазып аттым. Анан бир күнү сезимин билдирип жазыптыр. Анан мен да, Жайнанын атынан сезимдеримди билдирип койдум. Ал байкуш аябай сүйүнүп: - "Жайна, сени сүйөм, шаардан күтөм " - деп жүрөт. Кыскасы, Жайна менен Бекзат бир шаарга окумак болушту. Ии, анан бир күнү, шаардан келген Илгизге , Бекзат менен Жайнанын кат жазышып жүргөндөрүн айттым. Ал биринчи ишенбеди. Анан кийинки келгенинде , Жайнадан сурап алдым деп, Бекзаттын Жайнанын сүйүүсү үчүн ыраазы болуп жазган катын Илгизге берип койдум. Ошентип, Илгиз азыр мени менен жазышып жүрөт. Жайнага кат жазбай койду. Мен айттым Илгизге, сен окуган шаарга окуйм деп. Макул болду. Сезимдеримдин четин билдиргем. Жакшы эле кабыл алды. Кыскасы, Илгиз менен бир шаарда окуп калсам, ал меники гана болот. Сөзсүз аяшың болот Илгиз , Наргиза. Мендеги жаңылыктар ушул .Сенин жообуңду күтөм.
Бала болуп, өмүрүмдө мынчалык таң калбасам керек. Таң калганымдан, өзүмдү жоготуп кое жаздадым. Демейде , коркуп кеткенде жүрөгүң оозуңа келгендей болот. А менде таң калуудан жүрөгүм оозума келди. Катуу түрсүлдөп, ыргып кетчүдөй опкоолжуп алды. Денем " дүрр " этип алды да, муздак суу куюп жибергендей, муздап кеттим. Эч качан ойлобогон, күтүлбөгөн окуя. Нуржан Илгизди жактыраарын билсем да, мени ушинтип сатып кетээрин ойлобогом экем ... Эч качан!
Шалдайып туруп калдым...
Эмне кылаарымды билбедим... Артымдан Нуржандын дабышы угулду. Дептерди сунууга алым болсочу ... Кыймылдабадым ...
— Жүрү, кеттикпи?
Бет маңдайыма келген Нуржан сүйлөдү. Ыза толгон көздөрүм менен Нуржанды бир карадым да, дептерин карматтым. Сүйлөөгө алым жетпеди... Сүйлөй албайт элем. Акылын жоготкон кишидей болуп калдым. Нес абалда велосипедиме келдим да, жетелеп жолго чыктым. Мектепке чейинки аралык аз эле калган болчу. Буттарым кыбырап, кадамым шилтенбегендей. Басып баратам, басып баратам , жетпейм... Аз калган жол , бийик ашуудай сезилип, канчалык бассам да, ашуудан аша албай аткандаймын. Буттарым тушалып калгандай, араң эле бараттым ...
Бүгүнкү шаттуу күнүм, караңгы түнгө айланды. Ызалыкпы ...же ...кызганычпы ...же таарынуу, ,таң калуубу баары, баары көмөкөйүмө уюп, көзүмө эч нерсе көрүнбөй үйгө бардым... Сабакка да барбай калдым. Үйгө келип эле бөлмөмө кирдим да, жатып алдым. Көөнүмө эч нерсе сыйбай турду. Күнүгө кечке жуук тамак жасачумун. Үйдөн чыкпай калганыма, бөлмөгө апам кирди. Кыймылдабай сулк жатканымды көргөн апам:
— Жайна, сага эмне болду?
— Апа, ооруп турам. Өзүңөр тамак жасай бергилечи.
— Эмне болду экен сага, дары ичип жатчы. Уктап эс алсан, эртен жакшы болуп каласың.
Кайдан ... суу да, тамак да ичпей койдум. Табитим жок ...
Мен бүгүн Нуржан жазган катка ишенбей жаттым. Кантип эле?! Жанымда жүрүп ... Эң жакын курбум деп жүрсөм, ушуга бардыбы ?! Илгиз мени , мен Илгизди жакшы көрөөрүмдү билет эле го. Көрсө...жанымда жүрүп, мага чыккынчылык кылып жүргөн тура ... Илгиз ...Илгиз да Нуржанга ишенген тура. Менин атыма жазылган Бекзаттын каттарын окуганда, ишенген тура. Эмне үчүн менин өзүмдөн бир ооз сурап, тактап албады? " Жайна, кимди сүйөсүң? " - дебейби. Анда мен токтоосуз: — Илгиз, мен бир гана сени сүйөм! - дээр элем го. Кантип бирөөнүн сөзүнө ишенип, мени кыйдың, Илгиз! Чын көңүлүмдөн берилип, жүрөгүмдөн сүйөөрүмдү билбедиңби? Билбейм, түшүнбөйм ... Нуржан экөөңөргө. Менин аппак сүйүүмдү, Нуржандын сөзүнө алмаштыңбы? Нуржан сени, мендей сүйө алат бекен? ...
Жоопсуз суроолор менен алышып, ооруган кишидей бүк түшүп жаттым. Алдыга койгон жаркылдаган үмүттөрүм , максаттарымдын баары өчтү. Мага баары кызыксыз болуп калды. Ындыным өчтү ... Сыртка да чыкпадым ...
Ушул эле абалда, эртеси да жаттым. Үйдөгүлөрдүн баары мени " ооруп калыптыр " деп ойлошту. А менин жан - дүйнөм, кичинекей жүрөгүм, сүйүүдөн ооруп жатты ... Сүйүү ... Сүйүү эмне ...туруктуу эмеспи? Экөө бири - бирин сүйсө, эмнеге ишенишпейт? Эмнеге башкага кетет? Сүйүшкөндөрдүн жүрөгү - кош жүрөк дешет. Бирдей кагып, дем алышат. А биз неге анте албадык? Илгиз, сен менин жүрөгүмдү ооруттуң ...Жүрөгүмдү жаралап койдуң ... Көңүлүм жараланды ...
Баарына таарынып, жата бердим ... Илгизге таарындым ... Нуржанга таарындым ... Жадагалса, мени жакшы көргөн Бекзатка таарындым ... " Кыянат " кылган, Нуржандын достугуна таарындым ... Достук ... мен достуктан кыянаттык күткөн эмесмин. Мен достукта, бири - бирин алдоого болоорун ойлоп да койбопмун. Китепте окутуп, сабакта үйрөткөндөй, достукту таза сактагам. Нуржан экөөбүздө анча - мынча таарынышуулар болуп кетсе да, ага оюм түз болгон. Ага такыр, карасанатай оюм болгон эмес ... Мен достукту бийик туткам. Аны жалгыз, ишенген курбум катары билгем. Он жыл мектепте окуп, классташ кыздарым менен, Нуржан экөөбүзчөлүк достугум болбогон. Мен аны " эң ишеничтүү " адамым деп ойлочумун. Андан башка кыздар менен, мынчалык жакын болуп, достошпогон экем ... Аны " жалгыз курбум " деп эсептегем ... Көрсө, жаңылыпмын. .." Досуңдун да досу болот "— деген сөздүн маанисин эми түшүнгөнсүдүм. ..
Бүгүн жатканыма үчүнкү күн болот. Терезеден көк мелжиген көк асманды карап жаттым. Күн чайыттай ачык . Көк асмандын тунуктугунан көңүлүң ачылат. Кечээги ичим толгон таарынычтарым, бүгүн тарагансып калыптыр. " Эмне кылсам, мектепке барсамбы? " - деп жаттым. Негедир, бир баргым келет, бир баргым келбегендей. Эшиктен апам кирди. Терезеге телмирген мени карап: — Бүгүн ден - соолук кантти, Жайна? Жүрү, ысык чай ич да, сабагыңа бар, алаксып кел. Үйдө жатсаң, ооруй бересиң. Классташтарың менен көңүлүң ачылат. Нуржан да сени жоктоп аткандыр. Жалгыз курбуң эмеспи ...
Жалгыз курбуң ... Ушул сөз мени ойготкондой болду. — " Апаа ! Жалгыз курбум мени алдады. Ал менин махабатымды тартып алды ! - дегим келди ... Жок, анте албадым , апамдан тартындым.
— Ооба, апа. Сабакка барайын. Мен да сагындым , жалгыз курбумду.
Оюмда чыйралууну ойлодум. Тезирээк, сынактарды тапшырып бүтсөм, Илгизди да, Нуржанды да, Бекзатты да укпаган, көрбөгөн жактарга кетип калгым келип турду. Ушул ойлор , мени мектепке жетеледи.
Бүтүрүүчүлөр — үч класс элек. Мектепке бараарым менен , башка класстагылар менен аралашып отуруп алдым. Жалпы, кошумча сабак болду. Өзүбүздүн класста окуган кыздар менен саламдашып гана койдум. Нуржанды карагым келбеди. Байкабагандай болуп, өтүп кеттим. Экөөбүз жат адамга айландык...
Ошол күндөн кийин, Нуржан экөөбүз бири - бирибизге каттоону койдук. Сабакта гана жалпы сөздө сүйлөшүп калбасак, мен ага такыр сүйлөбөй койдум. Нуржан күнөөсүн сезбегендей ... Эмнеге таарынып жатканымды эң жакшы билип турса да, эч нерсе билбегендей ... Үнсүз эрегишүүлөр башталды.
Сынак болуучу күндөрү ар дайым эрте барып, алгачкылардан болуп жооп берип, үйгө келе берип жүрдүм. Баарын тапшырып бүттүм. Мен Нуржанды " көрбөсөм экен " деп калдым. Аны көргөндө ичим күйүп кеткендей болот...
Нуржан менен ошол бойдон сүйлөшпөдүк. Ал менин жаныма келип: — Эмне болду Жайна? - деп сураган жок. Же мен ага: — Нуржан, бул эмне кылганың ? - деп айтпадым. Акыркы жыйырма күндө мен аны көрүүгө чыдамым жетпей баратты. Аны көргөн сайын, катындагы сөздөрү кулагыма жаңыргансыйт. Ошол сөздөр жүрөгүмдө уюп калды. Же ... кек болуп калдыбы? Билбейм ... Бир туруп, Илгиз экөөнү тең жек көрүп кеткенсийм. Бирок , Илгизди канчалык жек көрөйүн десем да, таарынсам да, жүрөгүм ал жөнүндөгү "жаман " оюмду кабыл албагандай , аны көргүм келет. Ал менин көңүлүмдө "жаралуу " сезимим болуп калды.
Ура ! Бүгүн бүтүрүү аттестаттарын алып, чексиз кубанычтабыз ! Мугалимдер бизди куттуктап , ак жол каалап, узатышты. Баарыбыз үйгө шаштык , келечектеги жолубузга шаштык ...
Атам экөөбүз ээрчишип барып, жогорку окуулардын бирине тапшырдым. Буюрса, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болом. Сүйүнүчүмө сөз жетпейт, бактылуумун ...
Окуп калдым . Илгиз менен Нуржан жөнүндө, кээде гана ойлоп калбасам, эстебегенге аракеттенем. Алардын эмне болгонун да билбедим. Кийинчерээк билдим, Нуржан экөөбүз бир шаарда окуйт экенбиз. Экөөбүз эч көрүшпөдүк. Көрүшүүнү да каалабайт элем. Менде эми бир эле максат бар, окуумду бүтүрүү.
Беш жыл зымырап, окуумду бүттүм. Башка районго ишке орноштум. Ошол жерден сүйүктүү жарымды таптым. Балалуу болдук. Илгиз баары бир жүрөгүмдө бар , аны эч унутпадым. Бирок, көрүшпөдүк. Нуржанды да көрбөдүм. Ошентип, жылдар өтүптүр ...
***
Көп жылдан кийин, бүгүн учуратып калбадымбы ... Мен баарын унутуп бараткам , бир кезде жакшы көргөнүм Илгизди да, эң жакын курбум Нуржанды да. Азыр менин сүйгөнүм - өмүрлүк жубайым . Окуп, иштеп жүрүп, жаңы дос - чар күттүм. Достон да, курбудан да кем эмесмин. Бирок ... балалык күндөрдөгү достордун өз орду бар экен да. Ал мезгилдеги бактылуу ойноп - күлгөн күндөр, көз алдыңда сүрөттөй тартылып, жүрөгүңдө кошо согуп тура берет экен. Ошол күндөрдү сагынат экенсиң. Балалык доорду эч кайсы мезгилиң менен салыштырып болбойт экен.
Ошондон да, бүгүн Нуржанды көргөндө, бактылуу балалыгымды, эч нерседен капарсыз күндөрүмдү көргөндөй болдум. Баарын унутуп, Нуржан менен ошол күндөргө баргым келди. Бирок, экөөбүз тең анте албадык. Анткени ... анткени ... биз ошол аруу, баео дүйнөдөн алда качан алыстаганбыз. Балалык таза дүйнөбүз, биз мектепти бүтүп жатканда эле, " чоң " дүйнөгө аралашкан. Биздин эркибиз ошол " чоңдордун " дүйнөсүнө баш иет ...А баео, аруу дүйнөбүз тээ көмүскөдө ... Ал баарын билип, туюп турат...
Угушумча , Нуржан да күйөөгө чыгып, үч балалуу болгон дешет. Бирок, досу Наргизага жазгандай, Илгиз " аныкы " болбоптур. Ал жагы мага белгисиз. Илгиз Нуржанды эч качан сүйбөшүн билгем. Балким, ошол кезде Нуржан да Илгизди, балалык дүйнөсү менен сүйгөндүр ... Көрсө, жаңы гана мектепти бүтүп жаткан өспүрүмдүн, келечеги, сүйүүсү, баары алдыда болот тура ... Бир кезде Нуржан экөөбүз тең сүйүп калган Илгиз, экөөбүзгө тең буюрбаптыр. Өмүр шерикти, келечегибизден буюруптур ...
Илгиз менен тагдырым бир болбой калса да, мен бактылуу аялмын. Эки уулдун энеси болдум. Күйөөм экөөбүз тең, мен сүйгөн кесиптин ээсибиз. Мен аны жакшы көрөм . Ошентсе да, бир кезде чын дилимден сүйгөн Илгизди унутпадым. Ал менин көңүлүмдүн көмүскө жеринде, көздөрү күлүңдөгөн, ,сымбаттуу, мектепти бүтө элек, окуучу Илгиз болуп жашап жүрөт ... Балалык сүйүүнү унутуу, мүмкүн эмес ...
АЯГЫ . -
Темасы: Курбумдун каты (аңгеме)
Жазылган күн: 7 Фев 2019
( Уландысы — 4 ) .
Нуржан айткандай, каттын жообун эртерээк жазуум керек. Оюмда эки кат жазуу эмес, бир эле кат жазуу эле. Сабакта көңүлүм алып учуп, катты кантип жазаарды ойлонуп, дилимде айтылып жүргөн, Илгизге арналган асыл сөздөрүмдү миң кайталап, ойлонуп отурдум. Жүрүп жаткан сабакка да көңүлүмдү бурбадым. Классташтарымдын бака - шака үндөрү да кулагыма угулбайт. Өзүм жапжалгыз калгандай, көңүлүмдө Илгиз менен сүйлөшүп жаттым . Сабак аяктап, демейде кыздар менен шаракташып, үйгө шашпай келчү элем. Бул күнү Нуржан менен да түзүгүрөөк коштошууга жарабай, эмнегедир үйгө шашып жаттым. Себеби, кечээги кат алган күндөн бери, дилимде бир гана Илгиз менен сүйлөшүп, башка эч нерсе оюма кирбей жатты. Кимдир бирөө менен сүйлөшсөм эле, Илгиз менен жүрүп жаткан маегибизге , үчүнчү адам кошулуп алгандай сезилди ...
Кечки тамак ичилип, жыйылып бүткүчө убакыт өтпөгөндөй, тынчсызданып отурдум. Дасторкондо отуруп, сүйлөшүп жаткан ата - энемдин, бир тууган сиңдилеримдин сөзүнө маани бербей, оюм алагды. Тынчсызданып отурганымды өңүмдөн байкап, баарын сезип, туюп калган го, бир убакта апам: — Жайна, сен эмнегедир тынчсызданып жаткандайсың. Жанатан бери байкап отурсам, көзүң бизде болгону менен, оюң башкада. Бир чекитти карап, телмиресиң , көздөрүң ойлуу ... Окууңда бирдеме болбодубу? Же бир жериң ооруп турабы, кызым?
Апамдын сөзүнөн кийин, мени сыдыра тиктеген атам , мен сүйлөй электе эле:— Азыр кызың бүтүрүүчү класс. Сен эмне кемпир, чоңойгондо чоң адамдай ойлоно баштайт да. Бар Жайна, сабактарың даярдап, эс ал.
Эртеңки болуучу сабактарымды салыштырып эле койдум . Толкунданып , тынчсызданып жатканымда сабак мээге кирчү беле. Кагазымды даярдап, сөздү кантип баштап жазууну билбей, апкаарып отурдум . Бир убакта ручканы шарт кармадым да, катымдын биринчи сөздөрүн баштадым .. Ошентип, мен биринчи жолу жигитке жооп жаздым. Катты жазып бүтүп, Илгиз менен бетме - бет отуруп сүйлөшкөндөй, дилимдеги сөздөрүмдү төгүп, жеңилдеп алдым.
Катты жөнөтүп жибергенден кийин, Илгизден жоопту күн санап күтө баштадым. Сыртымдан байкатпаганым менен , күтүү да " санаа " экен. Көңүлүмдүн бир бөлүгүндө "тык " деп турат.
Жооп жазып жөнөткөнүмдү Нуржанга айтпасам да, билчү... Сөздөрүбүз Илгиз менен Бекзатка келгенде, экөөбүз тең " күтүп жатам " деген сөздү бири - бирибизге айтуудан тартынаар элек. Бирок, Нуржан эки адамдан кат күтчү...
Адамдын токтобой учкан ой - санаа, учкул кыялындай, убакыт жүгүрүп өтө берет экен. Убакыт адамдын эркине баш ийбей, адам убакыттын эркине баш ийгендей. Канчалык каалабайлы, аракеттенбейли, убакыты келбесе, биздин колубуздан эч нерсе келбейт тура. Же алдыга, же артка жылууга мүмкүн эмес . Сабактар менен күндүн жарымдан көбүрөөк бөлүгү өтүп, кеч күздүн суук күндөрүнөн, ак жамынган кыш мезгилине жетип келдик. Кыш мезгили окуучулар үчүн, керемет мезгилдердин бири. Сыртта кар кечип, оюн ойношсо, мектеп ичинде кызыктуу оюн, иш - чараларга даярдык көрүшөт. Окуунун эң кызыктуу мезгилдеринин бири. Айрыкча биз бүтүрүүчүлөр тынбай жаттык. Күндүзү ээн отуруп, дилимде Илгиз менен сүйлөшпөсөм да, түнү тээ бир оокумга чейин Илгиз менен сүйлөшүп, кыялымда анын жанындамын. Таттуу ойлор менен уктачумун...
Бул аралыкта Илгизден жаңылбасам беш кат алдым. Оо, андагы сүйүнүчүмдү айтпай эле коеюн. Себеби, сөз менен түшүндүрө албайм...
Күндөр алмашып, Жаңы жылды да өткөрүп алдык. Эми бизге каникул. Илгиз келчү күндү гана күтүп калдым...
Мектептеги майрамдык кечелерибизди өткөрүп, чейректерди жыйынтыктап, каникулга таркадык. Жаңы жыл күнүнө, эки гана күн калды. Илгизден дайын жок. Күнү бою үй тиричилиги менен болуп, кечирээк эмнегедир сыртка чыгып, кечки суукта баскым келди. Жүрөгүм сагынуудан алып учат.Биздин үйдөн элүү кадам арыраак жолдун боюнда, атайын отуруучу секичелер болоор эле. Оюмда ошол жерге барып келүүнү көздөдүм. Көздөгөн жериме барып, кечки караңгылыкта шаардын жаркырак көчөсүнө көз жүгүртүп бир топ турдум да, бурулдум. Эми эле басканымда, мен тарапка эки караан келе жатты. Шашыла үй тарапка жөнөдүм.
— Жайна !
Тааныш үн. Жүрөгүм түрсүлдөп, басалбай бир орунда туруп калдым. Ооба, бул Илгиз! Жакын келген Илгиздин жүзүнөн, кечки үлбүл жарыкта да, анын күлмүңдөгөн көздөрүнүн оту жанып турду ... Эки адамдын каректери, бири - биринин сагынуусун айтып жатышты ...
Оо , ошол кеч ! Мен кыялымдагы "канзаадам " менен элем... Анын келишин күн десе күн, түн десе түн санаа тартып, уйкум үч бөлүнүп, карегим талыганча күттүм эле ... Мына , " канзаадам " мени менен ! Кыштын чыкылдак суугун кыпынчалык да сезбестен, жан - дүйнөм сүйүүдөн алоолоп, беттерим ысып ... кийген кийимим батпай калгандай, толкундануудан семирип турдум ...
Жаңы жылды үйлөрүбүздө тостук.
"Нуржанга барамын " деп чыгып, а чынында Нуржанды ээрчитип , Илгиз, Урмат төртөөбүз шаарды кыдырабыз. Кичинекей сейилбакчага барабыз да, кызыктуу маек баштайбыз. Сөздөрүбүз бүтпөйт. Урмат баарыбызды тамашалары менен жыгылчудай күлдүрөт. Суукту сезсекчи ... Ай, жаштык ай! Сенин бекеринен " жалын жаштык " дешпейт тура... Сүйгөн адамындын жаныңда болуусу эле, сага жылуулук берет турбайбы . Үйүмө чейин узатып келген Илгизден ажырагым келбегеничи ... Ошентсе да, кош айтышып, үйгө кирем.
Бул күнү өз ордубуз болуп калган, сейилбактан келе жаттык. Нуржандын үйүнө жеткенде, Урмат аны менен калды. Илгиз мени жеткирип келе жатты. Илгиз бир колу менен мени өзүнө жакын тарта белимен кучактап алды да, экинчи колун менин күрмөмдүн чөнтөгүмө салып алды. Чөнтөктөгү колдорубуз бекем кармашып алышты. Үйгө жетип келсем да, колдорубуз ажырай албай турду.
— Жайна, биздин чакан майрамыбыз бар эле, балдар менен. Мүмкүн болсо, азыраак убакыт бөлүп, барып отуруп келсеңер , Нуржан менен . Музыка коюп, бийлеп ... Макулбу?
— Мм ... билбесем... Нуржан эмне дээр экен.
— Сен макул дечи, Нуржан менен да сүйлөшөбүз. Макулбу, макул дечи?
Илгиз белимден кучактап, бетин бетиме жакындатты . Муздак беттериме тийген жылуу деми жагымдуу эле... Ал жылуулук бетимден өтүп, эриндериме кадалды. Ысык эриндер оозумдан өптү ... Ах, аселдей таттуу экен! Асел даамын татып, көздөрүм жумулду ... Кучакташа көпкө турдук. Бул таттуу өбүшүүлөр , көп күндөр кайталанды ...
Эки мээраб жыйылган төшөк ,дубалдын бир бөлүгүн ээлеп, килем - төшөк калың салынган, берекелүү дасторкон жасалган бөлмөгө кирдик. Биз киргенде бөлмөдө эки бала, үч кыз отуруптур. Дасторконго отуруп, Нуржан экөөбүздү Илгиз достору менен тааныштырды. Тамак ичип отуруп, мен баарына көз жүгүртүп отурдум. Бир нерсени байкадым , ушул жерде отурган балдардын эң сымбаттуусу, тыкан кийингени да Илгиз экен ...
Музыка коюлуп, кезек бийге келди. Бир - эки көңүлдүү бий бийлегенден кийин эле, балдар дароо жеңил бийдин музыкасын коюшту. Илгиз мени бийге тартты, Нуржанды Урмат. Илгиздин көкүрөгүнө башым жөлөп, экөөбүз эч кимге көңүл бөлбөстөн бийлеп жаттык... Бир убакта диванда бизден көзүн албай карап отурган Нуржан менен карегим кадала түштү. " Кызык, Урмат менен бийлеп жатпады беле ", - деп ойлоп койдум. Нуржандын бизди карап турган көз карашынан, муздап да кеткенсидим ...
Бий токтоп, диванда отурган Нуржандын жанына келип отуруп калдым. Балдар өздөрүнчө кажы - кужу болушуп, бөлмөдөн кирип чыга беришти. Музыка жаңырып турду .
— Нуржан, Урмат менен бийлеп жатпадың беле? Эмне бийлебей койдуң?
— Бийлегим келбеди да .
— Бийлей берсең болмок ...
— ....
Көңүлдүү бий башталып, Нуржан туруп кетти. А мен эмнегедир ойлонуп кетипмин. Бийлеп жаткандарды карап отуруп, , оюм тээ алыстарга кетиптир ... Бир убакта карасам, Илгиз менен Нуржан жай музыкада бийлеп жатышат. Сөздөрү да кызуу. Азыр эле "жай музыкада бийлебейм "деген Нуржан , Илгизге көңүлдүү сүйлөп жатканы байкалат. Менин карап отурганымды байкадыбы, Нуржан мени карады. Илгизге бирдемени сүйлөдү. Илгиз мага бурулуп карап койду. Сүйлөп жатып, Илгиз да, Нуржан да, улам карап жатышты.
Мени улам карагандарынан кызыктай болдум. Бир нерсе сезгенсип, менин ичимди ачуу сезим аралап кетти. Бул - кызгануу эле. Жана Нуржан мени карагандай, мен аларды карап, Илгизди кызгандым ... Мен сүйгөн адам, башка бирөөнү сүйүшүн каалабай турдум... Мен Илгизди сүйөм ...
Эки - үч күндөн кийин, Илгиз мени менен коштошууга келди . Таттуу өбүшүп, коштошуп турдук. Күрмөсүнүн ичине мени ороп алып, экөөбүз жытташып да, кучакташып да, өбүшүп да аттык ... Илгиз кетти. Кайрадан " "күтүү "күндөрү башталды.
Кайрадан кат алышуулар башталды.
Кайра эле окуулар менен болуп, убакыт өтүп, жаз келди. Жаз майрамынын биринде Илгиз мага, бир күн гана жолугуп кетти. Окуу аяктаган сайын, кубанам. Себеби, Илгиз окуган шаарга окуйм. Аны менен бирге болом. Эх! Элестете толкунданып, сүйүнүп алам.
Бар дитим менен, сабактарымды жакшы окуп, ийгиликтүү аяктоого тырышып жүрдүм.
Жазда келип кеткенден кийин, эмнегедир Илгиздин кат жазганы азая баштады. Окуусунан бошобой аткан го деп, бир күн келээрин күттүм. Тынчсызданып, ичимден эч кимге байкатпай санаа тартам. Эч кимге аны сагынганымды айталбайм. Жадагалса, эң жакын курбум Нуржанга да...
Экөөбүз тең Илгиз жөнүндө кеп кылуудан качаар элек... Биз барып ойноп келген "көңүлдүү кечени " да талкуулабадык.
Ай - ииий ! Убакыттын жүгүргөнүн карачы ! Окуу жылы да аяктады. Мамлекеттик сынактарга даярдыктар башталды.
Колумдан китеп, дептер түшпөйт. Ойлоп коем: - Илгиз да мага окшоп, ушинтип биринчи сынактарын тапшырып жүргөндүр. Ошондон да жазалбай атат го. Мейли, сынактарыбыз бүтсө, жолугушаарбыз ...
Үзүлбөгөн үмүттүү ойлор ...
Бир күнү Нуржан экөөбүз, чак түштө велосипеддерибиз менен ойноп жүрдүк. Колдорубузда кармап алган бирден дептер, ручкаларыбыз бар. Белгиленген убакытка мектепке да барышыбыз керек, кошумча сабакка. Жолдон суу ичкибиз келип, токтодук. Велосипеддерди даракка жөлөдүк. Колумдагы дептерди Нуржанга карматтым да, суу ичтим. Анан Нуржан мага дептерин берди. Колума карматканда, дептер колумдан түшүп кетти.
— Ай - ий, алып турчу Жайна!
Нуржан суу ичүүгө шашпай басып жөнөдү.
Дептерди көтөргөнүмдө, ичинен бир барак түшүп кетти. Булганып калбасын деп, шашыла ийилип алдым.
" Кайсы сабактан экен " - деп ойлой, баракка көз жүгүрттүм. Жок, эч кандай сабактан жазылбаптыр. Бул - кат экен. Нуржандын өз колдору менен жазылган. Мен анын жазуусун эн жакшы таанычумун.
Катты окуп баштадым...
УЛАНДЫСЫ БАР. -
Темасы: Курбумдун каты (аңгеме)
Жазылган күн: 5 Фев 2019
УЛАНДЫСЫ — 3.
Канчалык калтаарыбайын, канчалык сүрдөп, жолугуудан коркпойун ...мени күткөн караанга жакындап бараттым. Аны кароодон уялып, жерге башым көбүрөөк салып басып бараттым .. Ошентсе да, биздин аралык жакындап баратты. Жакындаган сайын, беттерим албырып, башымды көтөрүп тик кароодон айбыгып бараттым ... Аны менен бетме - бет кездешүүнү элестете албай жаттым ... Буттарым диртилдегенсип, жүрөгүм дүк - дүк кагып, анын жанына келип калдым ... Ал мени карады.
— Кандайсың Жайна?
— Жакшы ... Сен кайдан?
Эмне деп сүйлөөрүмдү да билбей, оозума кирген биринчи сөз ушул болду.
— Бул жакта менин эжем жашачу. Ошолор тараптан өтүп бараткам. Анан сени көргүм келип ... Илгиз күнөөлүү кишидей, жер карады.
— Мен бул тараптан сени эч качан көрбөгөм ...
— Мен да Жайна, сени көрбөгөн экенмин...
Илгиздин күлмүңдөгөн көздөрүнөн , көздөрүмдү ала качтым . Ооздорубуз башканы сүйлөп жатканы менен, көздөрүбүз бири - бирине башканы айтып жатты ... Жолдун четирээк жагында, жолугушуудагы кыз - жигиттей болуп турабыз ... Ары - бери өткөн шаар тургундары , бизди карап коюшат. Биздин элде кыз баланын жигит менен турушу, өөн көрүнүш. Ошентсе да, экөөбүз баарын унуткарып , көчөдө жалгыз эле экөөбүз калгандайбыз ...
— Билесиң го, Жайна. Быйыл мектепти аяктадым. Жакында шаарга, окууга барам. Ошого бир кыз менен коштошуп кетейин дегем ...
— ? ...
— Ал кыз, силердин мектебиңерде окуйт. Ал мага абдан жакты, Жайна.
Азыр эле кубанычтан жайнап турган жүзүм , мостое түштү. Оюма биздин мектептин " менмин " деген сулуу кыздары келди. Мээмде: — Ким? - деген суроо жаңырды.
Менин суроомду угуп тургандай, Илгиз: — Ал сенсиң Жайна. Мага сен абдан жактың, мен сени жакшы көрөм ...
Аалам токтоп калгандай ... Кулагымда Илгиздин "жакшы көрөм " деген сөзү гана жаңырып турду ... " Эгер билсең , мен ушул "сени жакшы көрөм " деген сөздөр үчүн эмне гана болбодум, Илгиз. Сенин көздөрүң мени арбап, бир көрүү үчүн уйкусуз түндөрдү өткөрдүм... сагындым, күттүм ... Менин сезимимди билишиңди кааладым Илгиз ... Сенин бул сөзүң, мен үчүн сөз жеткис кубаныч, бакыт ! Эхэээй, мен бактылуумун ! ". Кубанычтан жүрөгүм түрсүлдөп, жарылып кетчүдөй ... Сүйүнүчтөн, сүйүүдөн балкып турдум.
Экөөбүз жылуу коштошуп, Илгиз кетип жатты. Мен анын артынан карап турдум. Илгиздин ар бир кыймыл - аракети, ар бир кадамы, узап бараткан карааны мага жагымдуу эле . Эх, сүйүү ! Эгер башка адам болгондо, артынан карап, ушинтип суктанып сүйүп, карап турбас элем ...
Көчөнүн төрт айрылыш жерине жеткен Илгизге, сол бурчтан капыстан эле Бекзат чыга келип, экөө кол берип саламдашып туруп калышты. Бекзат адатынча велосипедчен экен. Алыстан карап турган мен жакка, Бекзат бурула карады. Ал менин жанымда карап тургандай , чочуп кеттим да, үй жакка шашыла бастым. Кызык, бул жакта жашаганымды Бекзат кайдан билет. Жолдо бараткан Илгизге, аркы беттен басып келди. Демек, демек ... Бекзат мени акмалап жүрөт. Бул көрүнүштү унута албай, экөөнүн кол алыша туруп калышкандарын күн бою ойлоп жүрдүм.
Бирок, ошол күнү экөөнүн эмне деп сүйлөшкөндөрү, мага табышмак бойдон калды.
Нуржан экөөбүз адатыбызча, чак түштөбү, кечке жуукпу, велосипеддерибизди тээп алып, бош убакыттарыбызда биргебиз. Шаардын кайсы жерине барбайлы, артыбыздан эле Бекзат менен Мурат келет.
Ушул күнү да алар биз менен келе жатты. Мен аларды жактырбай, алдыга жүрүп кетем . Бир убакта Бекзат: — Кыздар, мен эртен жөнөп кетем. Сүйлөшкөндөй э, жазып тургула. Жайна! Мен сага жазам, жазгын э?
Анын бул суроосуна жооп бербедим .
— Албетте, жазат, Бекзат аке!
Нуржан шашкалактап, менин ордума жооп берди.
А мени Бекзат, кыпынчалык да кызыктырчу эмес. Чындыгында, ал эч айыбы жок жигит десе болчудай . Бирок, мен Илгизди жактырам да ...
Экөөбүздүн ошол күнкү жолугушуубуздан кийин, мен Илгизди гана ойлоп , анын келээрин күтө баштадым. Кулагымда " жакшы көрөм " деген сөзү жаңырат. Ал сөздү эстегенде, жан - дүйнөм шаттыкка бөлөнүп, жүрөгүм тыбырчылап кеткенсийт. .. Мен аны менен кайра болуучу жолугушууну күтүп жүрдүм. Ошол күнкү жолугушууну кимдир бирөөгө айткым келет... Бирок, негедир эч кимге айта албай жүрдүм ...
Көптөн күткөн күн да келди. Бул күнкү сейилдөөбүздө бизге Илгиз менен Урмат жолукту. Илгизди көргөндө, караңгы түн жарык болгондой , капалуу жүргөн көңүлүм, "жарк " эте ачылып, жүзүмө кубаныч толду. Илгиз мага жолугуп, "сезимин " билдирип кеткенин, Нуржанга айтпаган болчум.
Урмат менен Илгиз өздөрүнүн окуудагы окуяларынан айтып, күлдүрүшүп, бир топ сүйлөшүп отурдук. Ортодо жымжырттык болуп калса, Илгиз экөөбүз тиктеше түшөбүз. Көздөрүбүз сагынычтарын айтып
жатышкандай. .. Сүйлөп жаткан сөздөрдү угуп жатканым менен, көңүлүм Илгизде. Анын сөздөрүн уккум келет ... Менин оюмдагы сөздөрдү Илгиз да, көздөрү менен айтып жатты ...
Күүгүм кирип баратты. Бул убакта үйдө болуп калчу убактыбыз эле. Байкасам, Нуржан деле үйгө шашылбайт. Оюмда: — Илгиз мени, үй жакка чейин узатып койсо -деп
самап жаттым. Аз да болсо кененирээк сүйлөшүп алаар элек. Күтүүсүз эле: — Үйгө кетели - дедим.
Жөө бараттык ... Нуржан экөөбүз алдыга түштүк. А мен Илгиз менен баскым келди. Нуржан билбегендиги үчүнбү билбейм, негедир Илгиздин жанына өтүп, кошо баскым келсе да, даабай бараттым. Мендеги каалоо, Илгизде да болуп жатканын туюп жаттым ...
Биздин каалобузду билип бараткан Урмат, Нуржандын жанына келип, колтуктай кармап: — Нуржан, кел экөөбүз сүйлөшүп басалычы э? Сени менен баскым келип жатат менин - деп, Нуржан менен алдыга басып кетти.
Илгиз жылмая карап, колумду кармады. Анын кармаган колдору мага, ушунчалык жылуу, жагымдуу эле ... Бекем кармаша, үнсүз гана, тигилердин артынан келе жаттык. Көздөр гана сүйлөшүп, жылмая тиктешебиз ... Экөөбүзгө эч кандай сөздүн да кереги жоктой , бактылуубуз ... Айлананы коюу караңгылык каптап, жарык күйгөн үйлөрдүн жарыгында кол кармаша келе жаттык.
Ушул мүнөттөр экөөбүз үчүн , сөз менен айта алгыс, ажайып керемет эле ...
Баскан жолубуз да аягына келип, үйлөрүбүзгө да жетейин деп калдык. Алгач Нуржандын үйү эмеспи. Анын үйүнө келгенде, баарыбыз токтодук.
— Оо, элдер кол кармашып алганбы? Качан үлгүрдүңөр, ой!?
Токтогон боюнча, колдорубузду ажыратпай тура бериппиз. Мен колумду тарта койдум.
— Баштадык да, Нуржан - деди Илгиз.
— Бекзатчы, Жайна? Бекзат сени жакшы көрөт го.
Нуржан каткырды. Негедир күлкүсү , жасалма чыкты. Мен Нуржандын шаңкылдаган күлкүсүн жакшы билээр элем.
— Бекзатты эмне айтып жатасың, Нуржан? Менин эч кандай мамилем жок аны менен ..
— Мм, тек айттым да ... Сага кат жазып турамын дебедиби ...
Нуржандын бул сөздөрү мени абдан капа кылды. Ачуум келип кетти, болгондо да, Илгиздин алдында. Бирок, башка сөз айтпадым. Баарыбызга ыңгайсыздык жараткым келбеди...
Ортодо бир аз жымжырттык боло түштү.
Нуржандын үйүнө аз эле калган болчубуз. Жетээри менен эле, Нуржан биз менен суз коштошуп, үйүнө кирип кетти. Бул ыңгайсыздыктан баарыбыздын маанайыбыз түшкөнсүп калды. Кайра эле Илгиз менен кол кармаша, үчөөбүз бир топ басып, биздин үйгө келдик. Көздөр сүйүүлөрүн бүтө албай, жалжылдап карашат. Коштошууга аргасызбыз. Колумду кыса кармап: - мен дагы келемин - деп, Илгиз шыбырады .
***
Нуржанга жолугаарым менен: — Нуржан, Илгизге Бекзат жөнүндө эмне айтасың?! Бекзатка менде эч кандай сезим жок, билесиң . Мен аны жакшы көрбөйм.
— Бекзат сени жакшы көрөт. Бекзатка боорум ооруп кетти. Ал сен деп турса, сен Илгиз менен кол кармашып турасың... Ошого ачуум келип кетти го...
Нуржан менден көздөрүн ала кача сүйлөдү
— Нуржан, мен аны жакшы көрбөйм! Мен ...мен ...Илгизди жакшы көрөм, билдиңби?
— Сен эч кимди жакшы көрбөйм дечү элең го.
— Ооба, ошентчүмүн. Бирок, Илгизди көргөндө ал сөздөрүмдүн баарын унуттум.
— Илгиз сага сезимин айттыбы? ... Нуржандын өңү бозоруп кетти .
— Ооба, Нуржан... Ал мага жолугуп кеткен ...
— Мм... Мен сени Бекзат менен жолугуп жүрсө керек дегем... Нуржандын жайнаган көздөрү муңайым тартып, көздөрүн бат -баттан ирмеп жиберди.
— Нуржан, кайдагыны айтпачы !
Эки курбу бүгүн бири - бири менен пикирлери келишпей, жактырышпай турду. Ичибизде бүдүр сыр калтырбай, баарын төгүп - чачып айтып турчу курбулар, бүгүн ичтериндеги " сезим сырларын " бөлүшө албай турушту. Көрсө сүйүү — аялуу, сырдуу, жабылуу да болот тура ... Эмнегедир, сөз Илгизге келгенде ...экөөбүз тең сөздөрүбүз уланбай калчу болду. Экөөбүз тең ичибиздеги катылуу сырларыбызды ачкыбыз келбегендей ...
Ошол күндөн кийин, Нуржан экөөбүз көп күн жолукпай жүрдүк. Эки күн көрүшпөй калсак сагынышып, чыдабай көрүшүүгө шашчубуз. Бул жолу үчүнчү күнгө баратат, төртүнчү күн ... Бешинчи күн болгондо өзүм барууну чечтим. Кенедейибизден бирге өскөн курбум эмеспи, сагындым аны ...
Ортодо болгон сөздөрдүн баарын унутуп, кайра эле экөөбүз биргебиз.
Жаңы окуу жылы башталды. Былтыркы окуу жылына караганда, быйыл бир топ чоңойуп, ,өзгөрүлдүк. Быйыл бүтүрүүчүлөрбүз. Сабакка болгон кызыгуубуз, мугалимдерге болгон мамилелерибизде өзгөрүү чоң . Тезирээк мектепти бүтсөк, алдыга койгон максаттардын баарына бат эле жетебиз деп турабыз. Келечектин даңгыр жолу - кенен, ачык, эч кандай тоскоолдуктар жоктой сезилет... Балалык кыялдар ушундай таза, баео, асыл экен да ...
Классташтарым сыяктуу мен да, түркүн кыялдарга батып, келечегиме максаттарым чоң. Ал максаттарымдын бири - Илгиз ...Сүйгөн кесибиме ээ болсом, Илгиз экөөбүз турмуш курсак , балалуу болсок, бактылуу жашасак ... Илгизди ойлогондо, таттуу кыялдарга батып, сүйүнүчтөн жылмайып алам. Аны сагындым ! Анан Илгиз менен жолугаар күндү күтө баштадым ...
Окуу башталганына эки ай болсо да, Илгизден кабар келбей жатты. Сабакка да көңүлүм чаппай, акыркы күндөрү тынчым кете баштады. Окуу башталаарда жолугуп, коштошуп кеткен боюнча жолуга элекпиз. Жолугуу мындай турсун ...өзүнөн кабар жок! Ичимдеги сагынычымды, бугумду эч кимге айта албайм ... Илгизди сагынып жүргөнүмдү Нуржанга да айта албадым ... Илгиздин алдында Бекзат жөнүндө айтканы боюнча бир аз кагылышып кеткенибизден кийин, экөөбүз бул темага кайрылбай калганбыз. Мен Илгизди Нуржандан тымызын кызганып да кетээр элем. Нуржан да Илгизди жактыраарын сезем ... Ошондон да, Илгиз жөнүндө сөз козгогум келбесе керек. Балким... жок, жок ...Илгиз мени гана жактырат. Анын көздөрү мени караганда өзгөчө жанып, мээрим чачырайт. Бул анын, мага болгон сүйүүсү да ...
Чейрек аяктаарга жакындап калды. Күздүн алгачкы суук күндөрү башталган. Сабактан чыгып, суук аба - ырайына үшүп, бир жагы көңүлүм да чөгүп , үйгө капалуу келдим. Акыркы күндөрү Нуржан менен көп эле сүйлөшпөй бараткам. Баарына себеп - Илгизден кабар жоктугу, аны сагынганымдан эле ... Үйгө киргенимде, кичинекей сиңдим эки конверт сунду. Урааа ! Бирөө Илгизден, бирөө Бекзаттан экен. Илгиздин катын шашыла ачып, дароо окудум. Окуусу болуп жатканын, азыр талаа иштеринен жаңы гана келишкендиктерин , буюрса кышкы каникулда жолугаарын жазыптыр. Каттын экинчи бетине жүрөгүн сунуп турган кол тартылыптыр да, "сүйөм " деген жазуу жазылыптыр. Урее! Кубанганымдан үйдүн ичинде секирип жаттым ... Сүйүнүчүмө сөз жетпейт эле ...
Бекзаттын каты ачылган да жок.
Бүгүн сабакта сүйүнүчүмдү жашыра алчудай эмесмин. Көңүлүм ачылып, жүзүмдө жылмаюу. Бүгүн башкача болуп калганымды байкаган Нуржан: — А мен билем Жайна, сенин эмнеге сүйүнүп жатканыңды. Илгизден кат алдыңбы ?
— Ооба - дедим . Кантсе да жакын курбум эмеспи, сырымды жашыруу мүмкүн эмес эле ..
— Мен да алдым. Илгизден да, Бекзаттан да. Бүгүн барып, экөөнө тең жооп жазам го. Сен да жазасыңбы? Жооп күттүрбөй эртерээк жазалы.
Мен Бекзаттан кат алганым жөнүндө ооз да ачпадым. Ал каттын ичинде эмне сөз бар, мага кызыксыз эле. Менден жооп күткөн Бекзат, мен жөнүндө Нуржандан сурап жазаарын эч ойлобопмун. Эх, жаштыгым ... Келген катты өз көзүм менен окуп, жообун жазып койсом эмне ... Баары башкача болмок беле ...
УЛАНДЫСЫ БАР. -
Темасы: Курбумдун каты (аңгеме)
Жазылган күн: 4 Фев 2019
-
Темасы: Курбумдун каты (аңгеме)
Жазылган күн: 4 Фев 2019
2-бөлүм
Сабак жүрүп жатты ... Дайыма биринчи партада отуруп, мугалимдин сөзүн кунт коюп угуп отурчумун. Сүйлөп жаткан эжекейди карап отурган боюнча, Илгизди ойлоп кетипмин. Аны ойлогондо канчалык байкатпайын десем да, көздөрүм жайнап, жүрөгүм ордунан козголуп , жылмайуумду жашыра албадым. Терезеден көрүнүп турган мектептин гүлбакчасына көз жүгүрттүм ... Өзүмдүн толкундоомду билгизбөөгө аракеттендим.
— Капарова, сага эмне болду?
Мугалим эженин сөзүнөн селт эттим.
— Жайна, эмнени ойлонуп? Класска берилген жалпы суроого да жооп бербейсиң. Жанатан бери байкасам, терезени тиктеп эле ойлонуп отурасың? Жакшы элеби баары?
— Ооба, эжей ... Жакшы эле ...
Эжекейим билип алгандай, бетим албырып кетти .
Мугалим эжей мени мээримдү жылмая карап койду. Анын ууртундагы " сени түшүндүм " деген сөздөрүн, көздөрүнөн окудум.
Үйгө баратып, Нуржан экөөбүз сүйлөшкөн сөздөрдүн баары кызыксыз болуп жатты. Анын сөздөрүн угуп бара жатканым менен, оюм Илгизде. Нуржан менен кечээги таанышуубуз жөнүндө, биз менен таанышкан балдар жөнүндө сүйлөшкүм келип турду. Мен баарынан да Илгиз жөнүндө сүйлөшкүм келди. Анын күлүңдөгөн көздөрү , сымбаттуулугу , өзүнү тыкан алып жүргөндүгү, жөнөкөй баладай эместиги жөнүндө сүйлөшкүм келип жатты. Бирок, Нуржан кечээги таанышуу жөнүндө унутуп калгандай, өзүнүн үй - бүлөсү, бир туугандары жөнүндө сүйлөп баратты. Дайыма угуп жүрүп, жаттап бүткөн анын үй - бүлөсү жөнүндөгү сөздөрдүн бирөөсүн да укпадым. Нуржан токтоочудай эмес. Ичимдеги толуп турган ойлорумду бөлүшкүм келип, Нуржандын сөзүн бөлдүм.
— Нуржан ... кечээги балдар , жакшы эле балдардай ээ? Биз менен жакшы сүйлөшүп, көп жерге чейин узатып да коюшту.
— Мм...
— Урмат экөөң аябай сүйлөштүңөр го. Урмат да жакшы баладай ... Ачык мүнөздүү экен.
— Билбейм, Жайна . Алардын кандай экенин баары бир билбейбиз да. Башка мектепте окушса ...
— Жаман балдар болгондо, биз менен достордой сүйлөшүп, көп жерге чейин узатып барышпаса керек эле ... Жакшы эле балдардай ...
— Сага билбейм , мага эч кимиси жакпады Жайна.
— Чын элеби, Нуржан? Алар менен баратканда сен аябай токтоо болуп, созулуп калдың. Мен сага таң калдым. Урмат сага гана сүйлөп баратты го ...
— Ии ...
— А мага Илгиз жакты ... Сымбаттуу бала экен.
Илгизди жактырып калганымды, кантип айтып жибергенимди байкабай калдым . Айтып алып чочуп кетип, Нуржанды карадым. Ал мени көздөрү менен жалт дей бир карады да, жүзүн буруп кетти. Көздөрү ойлуу боло түштү. Унчукпай жерди карап , мени укпагандай баса берди.
Ошол боюнча Нуржан экөөбүз ал балдар жөнүндө сүйлөшпөдүк. Окууларыбыз менен болуп, мурункудай эле бири - бирибиздин үйлөрүбүзгө барып, ээрчишип жүрө бердик.
Жаз мезгилинин ысык күндөрү эле. Кээде кечке жуук Нуржан экөөбүз велосипед тээп, шаардын четирээгиндеги эски стадионго келип, жыргап ойночубуз. Экөөбүз чоң кыздар болуп калсак да, велосипед менен кубалашып, күйүгө тээп, ойночубуз. Кээ бир күндөрү чарчап, велосипедди теппей эле, колубуз менен жетелей, үйгө жөө кайтчубуз. Шаардын эми гана күн батууга аз калган кечки кооздугуна суктанчубуз. Ары - бери шашыла өтүп жаткан шаар тургундарынын катарында, чоң көчөнү бойлой келе берчүбүз.
Бир күнү ошентип ойноп жүргөн күндөрдүн биринде, бизге окшоп жүргөн эки бала жүрүптүр. Аларды көрүп, менин көңүлүм тынчсызданып турду.
— Нүржан, жүрү, кетеличи. Тетиги балдарды көрдүңбү, алар велигин теппей эле, улам бизди карап жатышат. Эртерээк кетип калалычы. Мен коркуп жатам.
— Ооба, байкадым аларды. Коркпо, тийип эле көрүшсүнчү. Сазайын берээрмин.
Биз көп узай электе эле, жанагы эки бала артыбыздан жетип келишти.
— Кыздар, жолубуз бирге экен. Чогуу кетели! - деди, балдардын бирөөсү.
— Жол кенен, кете бергиле ! А биз жөө басабыз.
— Анда биз да жөө басабыз силер менен.
— Кете берсенер болот, силерсиз коркпойбуз деле - деп Нуржан шаңкылдады.
Бул эки жигиттин бизди ээрчип алганы , менин ачуумду келтирди. Мен сүйлөгүм келбей , алар жакка бурулуп да карабай, баса бердим.
— Мүмкүн болсо таанышып алсак болоор беле ? Байкашыбызча М ........ мектебинин окуучусу окшойсуңар.
— Ооба, биз мектептин окуучуларыбыз.
— Ошентсе деле, таанышып алган жаман болбос. Биз да силерди карындашыбыз деп жүрөлү! Менин атым — Бекзат. Бул досумдун аты - Мурат. А силердикичи?
А мен алардын суроосуна жооп бербестен, эки - үч кадам ары басып, карап турдум.
— Мм ... мен Нуржанмын. А бул досум Жайна ... Балдардын жанында токтобой сүйлөй баштаган Нуржанга ачуум келип: — Нуржан, кеттик дейм ! - дедим.
— Макул анда, жакшы калгыла. Биз кеттик!
Нуржан менин жаныма келип, эми гана басып баратканыбызда, артыбыздан: — Нуржан, токтосоң? - деген үн угулду. Нуржан токтоп калды. А мен алдыга басып кеттим. Токтоп калган Нуржан, алар менен бир аз сүйлөшүп калды да, артымдан келди. Мен сүйлөгүм келбей, маанайым бузулуп, үйгө жетүүгө ашыктым. Нуржан алар менен эмнени сүйлөштү, кызыгып да сурабадым. .
Менин көңүлүмдү ээлеген бир гана Илгиз эле. Таанышкан күндөн бери аны көрө элекмин. Эмнегедир, аны күтөм. Ал тургай, сагынып да жүрөм. Анын күлмүңдөгөн көздөрүн элестетем ... Ошол көз караштарда экөөбүз тең бири - бирибизге айта албаган сезимдер айтылып турган. Ооба, ал да мени жактырды. Мен муну так билем! Ал мага сөзсүз келет ! Мен ушул ойлорду мин кайталап ойлонуп, бассам - турсам жадымдан чыгарбайм . Буга чейин чоң максаттарымдын бири - сүйгөн кесипке ээ болуу гана болсо, эми ал экөө болду. Баары бир турмушка чыгат эмесминби деп, ойлоп коем. Илгиз экөөбүз үй - бүлө куруп калсак ээ ! Бул ойлорду ойлогондо бетим тамылжып, жүрөгүм опкоолжуп, элестетип алам да, бул ойлорумдан уялып кетем. Антсе да, мен бул ойлорумдан бактылуу болом. Ошол күндөр ишке ашса экен деп, ичимден каалайм. Ушундай " таттуу " кыялдар менен жашап, Илгизди күтүп жүрдүм ...
Сабак аяктап, мен мугалим эжейден билбегендеримди сурап, кармалып калдым. Класстагылардын баары сабак бүткөнүнө сүйүнүшүп, шашыла чыгып кетишти. Шашпай коридордо басып, сыртка жөнөдүм. Алдымдан карп - күрп Нуржан жүгүрүп келди. Мага келээри менен: — Кеттик, бол батыраак! - деп колумдан кармай шаштырды. — Эмне болду? — деген суроомо жооп да бербеди. Тез баскан биз, мектептин сыртына чыгып бардык. Мына сага , күтүлбөгөн жаңылык ! Мектептин сырткы жолунда Урмат менен Илгиз туруптур ... Кубанганымдан катуу толкунданып кеттим ... Нуржандын айтпай алып келгенине таң кала, аны карадым. Мага окшоп толкунданып турган Нуржан да: — Бизди чакырышыптыр - деди. Ошол күнү биз, биринчи жолуккандай, жолду бойлой басып бараттык. Мурункудай эле эң көп Урмат сүйлөп баратты. Биздин сөздөрүбүз сабактар жөнүндө , келечектеги кесиптерибиз жөнүндө болуп жатты. Мен тартынчаактыгымдан көп сүйлөй албай жаттым. Илгиздин күлүмсүрөй карап койгону эле, мени сүрдөтүп, апкаарытып койду. Бирок, аны менен жолугуп турганыбызга абдан сүйүнүп, бактылуу болуп турдум. Биз менен көп деле убакыт турбаган балдар, дагы бир күн келээрин айтышып, коштошуп жөнөп кетишти.
Алардын караанын узата , Нуржан экөөбүз карап турдук...
Мындай жолугушуулар жай айына чейин эки жолу болду. Бирок, Илгиздин сезимин көздөрүнөн гана көргөнүм менен, ачык билдирүүнү көрбөдүм. Мен андан жакшы сөз угууну, сезимин айтаарын күтө бердим . Билбейм, кыз жүрөгү сезимтал эмеспи ... Анын унчукпаганы, мени ансайын убайымга салып, санаага батырып жатты ... Ал унчукпаса, Нуржанга менде болуп жаткан сезимдеримди билдириштен тартынып жүрдүм. Мен Илгизди жакшы көрөөрүмдү айтсам эле, ал мени маскаралай тургандай сезилип жатты. Чын эле, ал мага эч кандай сезимин билдирбесе, мен өзүм билдирип алып, уят болбоюн деп, өзүмдү басам. Баары бир жүрөгүм алоолонуп, сүйүүгө күйүп жүрдүм ...
Ошентип, окуу жылы аяктап, каникулга тарап кеттик.
Каникул күндөрүнүн кээ бир күндөрү, Нуржан экөөбүз адатыбызча биргебиз. Башка кыздарга караганда, экөөбүз көбүрөөк жолугушуп, бош убакыттарды бирге өткөрөбүз. Убакыттарыбыз кеңири эмеспи, кээде түшкү убакта деле велосипед тээп, ойноп чыкчу болдук. Бекзат менен Мурат, Нуржан экөөбүздүн кайсы убакта келишибизди билип алышыптыр. Дал биз келген убакта, алар да келишип, биз менен кошо ойношчу болду. Бир күнү минутага салып, жарышып тебишмей болдук. Ар бирибиз бирден. Биздин көрсөткүч балдардан кем калбады. Баарынын аягында мен тээп келген болчумун. Беттерим кызарып, күйүгүп калган мени , Бекзат көпкө көз албай карап тура берди да, колундагы сууну берди. Желим идишти манжаларымды ачып карматты да, колу менен менин колумду бекем кысып койду. Мен түшүнбөй калдым. Суусап калгандыктан, аптыга суу ичип кирдим. Мени карап турган Бекзат:
— Жайна , сен бир гана сулуу болбостон, күчтүү да кыз экенсиң. Сенден мындай көрсөткүч күтпөгөм.
— Оой, Бекзат аке, Жайнаны билбейт экенсиз. Ал созулганы менен, келечекте аскер формасын кийип иштегиси келет. Ал кесип үчүн, спорт маанилүү экенин билебиз да!
— Ошондоой ! Анда Жайна да, мен сүйгөн кесипти сүйөт турбайбы. Мен да быйыл окууга тапшырам, кыздар. Келечекте Жайна сүйгөн кесиптин ээси болсом деген ниетим бар ... Балким...Жайна экөөбүз бир жерде иштеп калабызбы, э Жайна !?
Бекзат менден көзүн албай турду. Анын сүрдүү, курч көз карашынан жалтанып кеттим, көзүмдү ала качтым.
— А эмне ушуга чейин окубай жүрөсүңөр, Бекзат аке? - деди Нуржан.
— Туура суроо . Мектепти бүтүп тапшырууга барсам, аскердик кызматты өтөп келсең, көп жеңилдектер болот дешти. Ошондон да аскерге кеттим. Жакында эле келгем. Аз күндүн ичинде борборго кетем...
— Аиий ! Борбордо окуйт турбайсызбы? !
— Ооба, буюрса окуйм. Силерге көнүп калдым эле. Байланышып туралы , кыздар. Мен силерге кат жазып турайын э, Жайна ?!
Нуржан менен сүйлөшүп жатып, мага суроо берген Бекзатка таң калдым. Мен суроолуу Нуржанга карадым. Жооп бере албай, бир топто гана: — Ии - демиш болдум.
Нуржан мени карап, кашын серпип күлүп койду.
Балдар менен коштошуп, үйгө баратканыбызда Нуржан: — Жайна, сени Бекзат жактырып калды, байкадыңбы? - деди.
— Жок, Нуржан, байкабадым.
— Кантип байкабадың ? Сени ушунчалык суктануу менен карады, мен биякта таң калып кеттим
— Суктана берсин, ал мага жакпайт.
— Хе - хе! Анда ким жагат?
Ушул суроого: — Илгиз ! Илгиз! - деп, жооп бергим келип кетти. Бирок, ичиме жуттум.
— Бекзаттын эмнеси жаман, Жайна. Бойлуу, кең далылуу, акыл - эстүү жигит экен. Аскер кызматында иштеп калса, эмнеси жаман?
— А сенчи, жактырдыңбы Нуржан?
— Мм... Мен азырынча эч кимди жакшы көрбөйм дебедим беле, Жайна.
— Мен да ...
Үйгө келгенден кийин, мени өзүнчө ой басты. " Кызык, Илгиздин көздөрүндө мага болгон сезими ачык эле көрүнүп, байкалып турса да, Нуржан эмне үчүн көрбөйт ? Баарыле байкалып турбайбы ... Ал жөнүндө сөз баштасам эле, улагысы келбейт . А Бекзаттын бир сөзү үчүн, аны мага мактап калды. Кызык ... Ырас, Бекзат деле жаман баладай эмес. Спортко кызыккан, тыкан, келбеттүү бала экен. Бирок, мен Илгизди жактырып калдым да ... Анын сүйкүмдүү көздөрү эле, баарын унуттурат го ... Эх , Илгиз! Менин сен деп, азап тартып жүргөнүмдү сездиң бекен? ...
Эх, сүйүү ! Бир адамды сүйүп калсаң , сени сүйгөн адамды да көрбөй калат турбайсыңбы ... Нуржан айткандай , Бекзат мени жактырып калганын ачык эле билдирбедиби ... Бирок, менде ага деген тартылуу болгон жок да ...А Илгизчи .... Ал жөн гана көздөрү менен ... Ошол көз караштарга мас болуп, мен биякта акыл - эсимди жогото сүйүп жүрөм. Илгиздин мени сүйөөрүнө ишенем ... А балким ... Жок ... Жок ... Ал да мени сүйөт ... Болгону , тартынып жаткандыр ... Анда эмнеге сүйүүсүн билдирбейт?
Ушул ойлор, менин тынчымды алып жүрдү. Көбүрөөк ойлонуп, кээде түнү уктабай таң атырчу болдум . Уйкумдун качуусунун себеби - сагынуу, тун сүйүүм эле ... Түнкү уйкумдун качканын, сүйүүдөн азап чегип жаткандыгымды эч кимге айта албадым. Эч качан сыр жашырбаган курбума да айта албадым...
Бир күнү , күн түштөн ооп калган кезде, дүкөндөн келе жаткам. Үйгө жакындап баратканда, жолдун боюнда мага тааныш караан көрүндү. Аны көргөндө апкаарып кеттим. Толкунданууданбы же бетме - бет жолугаарыбыздан сүрдөп жаттымбы ... буттарым титирегенсип, бир орундан жылбай калгандаймын. Аны карап баратканым менен ... басып баратканымды сезбедим... Айлана - тегерегимдеги кыймылдын баары токтоп, кулагым да эч нерсе укпай калды. Менин көзүмө жалгыз гана ошол караан көрүнүп турду.
Мага эч нерсе сезилбегени менен, мени күткөн караанга жакындап калдым. Мына , ал да мени карады ...
УЛАНДЫСЫ БАР...
Комментарийлер
Akak13.94 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?