TheBlueBoy Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 9 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Сентябрь 18
- Кароолор:
- 4 492
- Соңку аракети
01 Дек 2018 23:47
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 27 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 23, 1997
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жан дүйнө менен күрөшүү.
Жазылган күн: 30 Сен 2018
Бир келген жашоодо ар бир адам сүйүп, ошол эле убакта сүйүлгүсү келет эмеспи. Бул кээ бирлерине абдан жеңил болсо, башкалары үчүн абдан татаал. Ушунчалык татаал дейсиң, жердин жети кат тозогуна түшүп, шамалына сапырылып, чаңы менен кошо көккө учкандай болосуң. Акыркы күндөрү мына ушуну көп ойлончу болдум, мурун жаркылдаган, жашоонун ар бир кырдаалынан бир гана жакшы жакшы учурларды тапкан, тамашакөй жигит болсом, азыр таптакыр башка адамга айландым. Түнтмүн, бир жерди эле тиктеп, ойлонуп отурмай адатым пайда болду. Ойлордун баарын чылым менен ичимдик жеңет дедимби, айтор, акыркы күндөрү буларга да катуу байланчу болдум. Баяндала турчу окуям кечээ, былтыр, же 10 жыл мурун башталган окуя эмес. Ал нерсе мен жарык дүйнөгө келгенимде эле башталган, мени менен кошо дем алып, мени менен кошо көзүн ачкан десем туура болоттур. ]Кээде туруп: «Неге мен? Айланамда миллиарддаган адамдар турса да, мени неге тандадың?! »- деп да Жаратканды жемелейм, ыйлайм, кайра туруп «Кандай гана болбосун, жашоодон ырыхат алышым керек» дейм, акыры «тагдыр» деп, баш ийип, макул болуудан башка айла таппай калат экенсиң. Күндүзү күлүп, күлдүрүп, шайыр жүргөн адамдар, түнкүсүн нечендеген ойлордун кемеси менен алыскы өлкөлөргө, кошуна галактикаларга чейин сүзүп барарын башкалар билсе гана?! Эс тартканымдан бери күн сайын, керек болсо мүнөт сайын өзүм менен өзүм күрөшүп келем. Башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей, көбүнчөңөр мага көңүл деле бөлбөйттүрсүңөр, же жээрип, жамандап, оозго алгыс сөздөрдү айтып эле басып жатып каларсыңар, бирок мени колдоп, менин абалымды толук түшүнгөн адамдардын да бар экенине толук ишенем. Көптөн бери ичтеги ойлорумдун баарын бирөөнө төккүм келет, бирок алар жөнөкөй ойлор эмес, жана да катардагы бирөөнө да төгө турчу ойлордон эмес, керек болсо жакын досума да төгө албайм. Досумду мындай эле коёюн, бир туугандарыма айта албагандын кийин, канчалык деңгээлде баалуу экенин билип жатасыңар да. Ошондуктан отуруп, ойлорумду, жан дүйнөмдүн абалын канымды сыя кылып, ак баракка калтыруууну чечтим. Менин жомогум бүтөрү менен, дарактардын жалбырагы түшүп бүтөт, менин өмүр дарагым жалбыраксыз, а бул дүйнө менсиз калат...
Комментарийлер
TheBlueBoy ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?