Ay1in Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 5 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (4 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 01 Ноябрь 18
- Кароолор:
- 2 643
- Соңку аракети
14 Ноя 2019 23:20
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 22 жашта
- Туулган күнү:
- Август 13, 2002
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Кеткен сүйүүм, кайра келди
Жазылган күн: 2 Ноя 2018
Бир карангы түн. Мен шаша буша үйгө келаттым. Чамасы саат тогуз. Капыстан жолдон эки бала чыга калды.
Алар бири коюп бири сөз артып жатышты. Мен айлам кетип жол издеп жаттым булардан кутулууга. Бирок чыга албай жаттым.
" чон кыз неге назданасын, биз байкуштарды сүйүнтпөйсүнбү ? Кана акча телефон тагынчак баарын бер!"- дээшти. Бирок колумда беш жүз сом жана алтын сөйкөм гана бар болчу. Баарын чечип бердим. Жүрөгүм огунан чыга жаздады. Бир маал, бир жигит капыстан " сени таппай калдым го алтыным жүрү кеттик" деди ал жерден сууруп чыкты. Мен тан калдым. Ал мага карап - рахмат айтпайсынбы ? -деп кулду. Менин эсим катып калды. Титреген эриндерим менен рахмат айтып ары басып кеттим. Ал артта калды. Мен анда болгону-17 жаш элем эми окууга кирген студент элем. Уйго келип копко чейин озумо келбей турдум, оюмдан ошо бейтаныш жигит кетпей койду. Кара кийинген аппак жуздуу, бою узуун жигит. Эмнеге андай деди бирок, мени куткарып калды. Чарчаганымдан уктап калдым. Эрте менен да оюмда ал. Аны ойлоп окууга жол алдым. Ойлогонун жолундан чыгат деп бекеринин айтышган экен. Жолумдун жарымында - коркок кыз - деп кулку аралаш чакырды артым карасам дал ошол жигит. Мен да кулдум. Мына ошондон баштап суйуубуз старт алды!Тааныштык. Ошол кундон баштап окууга бирге барып, бирге келмей болдук. Ото азилкеч, тамашакой шайыр муноз эле. Багыттарыбыз бир учун, коп убакытыбыз бирге отчуу. Менден беш жаш улуу досум экообуздун ортобузда сыр калбаган,албетте бир нерседен сырткары. Бизди болуп турган экообуздо да бир сыр бар эле. Ал менден чон болсо да биз дос элек. Бирок бул достук мени копко кыйнады. Анткени менин журогумдун эн тупкурундо ага деген махабат жатчуу. Ал болсо мага ар бир кызды корсотот эле " ушул кызды суйуп калдым" деп.
Бир куну дагы ушинтип бир кызды корсотту суйкумдуу кыз экен.
Номерин алып берууну сурады. Тилекке каршы ал менин группалаш курбум болчу. Анын номери да бар болчу эмнегедир бергим келген жок. Анан ага таап берем деп соз бердим. Уйго келип терээн ойлонуп бермей болдум. Бердим, жаш баладай суйунду. Мен болсо анын суйунгонуно мен суйундум.
Анын эртеси адаттагыдай эрте менен мени кутуп турган остоновкага бардым. Ал жок! Кундо мен кечикчуумун, ал да кечиксе керек деп копко куттум. Келген жок. Универге жонодум. Манайсыз турдо жер сузуп келатсам, кызыл лентага оролгон чупачупсту кордум, бейыктыяр жерден алдым , дагы бир шоколад, ушинтип улам кызыл лентага оролгон шириндик чыга берди, чыга берди. Акырында кооз жасалгалуу каробканын ичинде тортту кордум. Маанайым асманга дейре которулду. Анткени анда " ТУУЛГАН КУНУН МЕНЕН КОРКОК КЫЗ " деген жазуу бар эле . Мени бир гана улуу досум эле ушинтип атачуу.
Кийин эки жагымды элендеп карадым жок. Бир маал дарактын артынан чыга келди.
- мына бир жашка картайдын. Кара кече бырыштарын жок эле!- деп кулду.
- оа, анда мен эмки жылы желмогуз болуп калам го - дедим.
- батыраак келсен боло, жаш балдардан буларды коргоону айт!
- келбейм дебейт белениз анда. Кутмок эмесмин!
Ушинтип кужурап талашып окууга жеттик. Ушинтип алоолонгон суйуунун жазы 18 жашка да чыктым. Бирок ортобузда далээ достук окум сучу.
Комментарийлер
Ay1in ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?