Суперстан: jashkalemger - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

jashkalemger Өздүк маалымат Рейтинг: -----

jashkalemger фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
14 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Адабият жана поэзия (14 билдирүүлөр)
Катталган:
25 Ноябрь 18
Кароолор:
1 113
Соңку аракети
Пользователь офлайн 13 Дек 2018 22:02
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
24 жашта
Туулган күнү:
Декабрь 1, 2000
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Жаш акын Баяман Базарбаев

    Жазылган күн: 13 Дек 2018

    "Жаш калемгер" жаш-акын жазуучуларга колдоо корсотуу максатында ачылган мектеп. 2018-жылдын сентябрь айларынан тартып жаш-жазуучу Бекболот Абдуллаев мектеп ачууну коздогон кыялын ишке ашыра баштаган. Алгач мектептин логотиби, жарнамалык ролик, коммисия шайлоо, керектуу материалдар, окуу усулдарын иштеп чыгып, 1-декабрдан баштап ишке кирген. Бекболот озу "Бул убака чейин мен озумду мыкты акын сезчумун, а бирок мектепке кабыл алынган акындар менден да кыйын болуп чыкты. Демек биздин элибизде да таланттуу акындар бар. Биз алар менен сыймыктаналы. Биздин 16 жаштан ылдыйкы балдарды тандап алуубуздун себеби алар жан дуйосу таза адам болушат. Ошондой эле алардын келечеги алдыда. Келечектеги кыргыз искусствосуна, кыргыз адабиятына чон салым кошчу инсандар болушуна тилектешмин" деп откон. Демек, элибизде да талантуу инсандар бар. Болгону аларды колдоо жок экендиги окундурот. Бирок анткенде да заман ушунчалык мыкты болуп, чын конулдон аракет кылган калемгерлер кыялына жетип жатат.
  2. Темасы: Жаш акын Баяман Базарбаев

    Жазылган күн: 13 Дек 2018

    Жалбырактай саргайдым күзүндөгү,
    Жылмаюлар алыстайт жүзүмдөгү.
    Жүрөгүмдү сүйдүрүп алгандайсың,
    Үмүт деген бир сенден үзүлбөдү.


    Суусап турат сүйүүгө жүрөк деген,
    Сен таптаза суу болчу мүрөк деген.
    Кубанмакмын бактылуу адам болуп,
    Башкалардан кеп уксам сүйөт деген.


    Ээрип барам ээритет ысык аптап,
    Жан сууруган кусалык мени каптап.
    Адамым жок сооротор ыйлаганда,
    Жубатамын өзүмдү өзүм таптап.




    Автор: Базарбаев Баяман
  3. Темасы: Жаш акын Баяман Базарбаев

    Жазылган күн: 13 Дек 2018

    Көрүп калсам мен өзүңдү кокусунан,
    Арыламго кусалыктын оорусунан.
    Кыялымда сен тарапты көздөй басып,
    Түбөлүктүү бир болууга колум сунам.

    Көрүп калсам капыс жерден кезиктирип ,
    Жүрөгүмдү жаралайсың эзип тилип.
    Билсең гана жалгыз сени сүйөрүмдү,
    Байкасаңчы көздөрүмдөн сезип билип.

    Көрүп калсам жакын жерден алыс эмес,
    Акылымдан адаштырат сүйкүм элес.
    Назданганың, куйкалайтко жүрөгүмдү,
    Балким ошол көз-ирмемдер кайра келбес.

    Сан ойлорум сен жактарга учат дайым,
    Кыялымда асмандагы учактаймын,
    Деги билбейм качан сени жароокерим,
    Кучагыма бекем кысып кучактаймын.

    Өзүң болдуң күндө көрчү түштөрүмдө,
    Түшүмдөда суктандымго түспөлүңө.
    Эгер мени куткарып сен ,кетер белең,
    Кусалыктын камагына түшкөнүмдө.



    Автор:Баяман Базарбаев.
  4. Темасы: Жаш акын Баяман Базарбаев

    Жазылган күн: 13 Дек 2018

    Жолуктуңбу ак сүйүүнүн асманынан,
    Жактың өзүң, көп сулуунун арасынан.
    Ашык болгом, айыктыраар дегем сени,
    Жүрөгүмдүн ырбап кеткен жарасынан.


    Кезиктиңби махабаттын талаасынан,
    Же таптымбы периштелер калаасынан.
    Сени сүйдүм, куткараттыр деген элем,
    Акыл жетпес ашыктыктын азабынан.


    Каала түшүн,калаабасаң эч түшүнбө.
    Таптым эле эң алгачкы жаз күнүндө.
    Жүрөгүмө келгин куштай келген белең,
    Азыр жоксуң жалгыз турам күз түнүндө.


    Келдиң эле жазындагы жамгыр менен,
    Түбөлүктүү махабатты күткөм сенен.
    Эркелетип,сылап кеткен салкын желдей,
    Кайра кеттиң күзүндөгү нөшөр менен.

    Автор:Базарбаев Б.
  5. Темасы: Жаш акын Баяман Базарбаев

    Жазылган күн: 13 Дек 2018

    Түшүп калып ак сүйүүнүн тузагына,
    Кирип алып сезимдердин кучагына.
    Махабатты баардыгынан бийик көрүп,
    Канат кагып көк асманга учамында.

    Куш өңдөнүп көк асманга учуп барам,
    Махабатка баардык ойду буруп алам.
    Өмүрүмдө бир жолуккан бул сүйүүнү,
    Бекем кармап жоготпостон тутуп жатам.

    Билбейм мүмкүн мен жоготуп аламынбы,
    Махабатты кармай албай каламынбы.
    Кандай болот бул сүйүүнүн келечеги,
    Чын эместир азырынча баламынбы.

    Чын сүйүүдүр балким сүйүүм жалган эмес,
    Жоголсо да жүрөгүмдө калат элес.
    Жаш чагымда колдон учкан махабат деп,
    Өмүрүмдө унутпастан жүрөм эстеп.


    Автор:Базарбаев

Достору

jashkalemger Досторду кошо элек

Комментарийлер

jashkalemger ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 01:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: