Суперстан: Amin16 - Профилди кароо

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Профилди кароо
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток

Amin16 Өздүк маалымат Рейтинг: -----

Amin16 фотография
  • Билдирүүлөрүн табуу Колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу
Тайпасы:
Кыймылы жок
Билдирүүлөр:
31 (0,01 күнүнө)
Активдүү форуму:
Дин жана философия (12 билдирүүлөр)
Катталган:
08 Февраль 19
Кароолор:
2 885
Соңку аракети
Пользователь офлайн 16 Ноя 2020 10:28
Учурда:
Offline

Маалымат

Статус:
Момун
Жашы:
8 жашта
Туулган күнү:
Август 5, 2016
Жынысы:
Белгисиз Белгисиз

Байланыш маалыматтар

E-mail:
Жашыруун
  1. Статустагы өзгөрүүлөр
  2. Мен жөнүндө
  3. Темалар
  4. Билдирүүлөр
  5. Блог

Менин билдирүүлөрүм

  1. Темасы: Куран керемети.

    Жазылган күн: 14 Ноя 2019

    Просмотр сообщения Lenat (02 Ноябрь 2019 - 18:47) жазган:

    Бул кызыктуу маалыматтар кайсыл булактардан алынган?

    Бишкекте Куран жаттоо кружоктору барбы кыздар учун?


    0500199785
    0771243243 чалып көрсөңөр.
  2. Темасы: "Капаланба" аттуу китеп тууралуу

    Жазылган күн: 13 Ноя 2019

    Просмотр сообщения Merelisha (11 Ноябрь 2019 - 04:25) жазган:

    ++ мен да эч таба албай койдум.

    Danek_books деген дүкөндө бар эле, Арабаевдын экинчи корпусуна жайгашкан.
  3. Темасы: Чындык издебе.

    Жазылган күн: 12 Ноя 2019

    Просмотр сообщения nargis (10 Ноябрь 2019 - 16:37) жазган:

    Так дарегин берип койсонор дос болуп алалы.
    Издедоодон эринип жатам.


    Dimedra Dimedra деген так дареги.
  4. Темасы: Кош бойлууларга кеңеш

    Жазылган күн: 9 Ноя 2019

    Ассаламу ъалайкум эжелер, 6,5 айлык боюмда бар, бир ай мурда ТТГ тапшырсам көтөрүлүп почти 6 болуп калган экен, эндокринолог L-тироксин жазып берген, дагы тапшырсам бир аз эле түшүптүр. Дары ичпей койсом балага зыяны барбы, билсеңер айтып койгулачы? Врачтардын айтканын кылсам аптеканын баарын көчүрүп келчүдөймүн)
  5. Темасы: Чындык издебе.

    Жазылган күн: 9 Ноя 2019

    Бул жакшы жөрөлгөбу жаманбы, айтоор Заман күткөндөй эле бөтөлкөнүн түбүндө кичине шампан калган экен. Көп ойлонбой туруп бөтөлкөну көтөрө жутуп салды да шалдайып отуруп калды. Бирок ал күткөндөй дароо эле башы айланып уйкуга тартып кеткен жок. "Демек жаңылышкан экенмин" деген ойдо тошончусун тошонуп жатып алып ар ойдун учугун чубап жаткан, качан уктап кеткени белгисиз, бир убакта бутунан бирөө тартып жатканынан ойгонуп кетип караса бөлмөлөш баласы, жумушка кечигесин деп жаткан экен. Анын айтуусу боюнча саатынын конгуросу үч жолу кайталаса да ойгонбоптур. "Таң калычтуу" деп койду өзүнчө, адатта сергек уктоочу эле. А баса жанагы күнү да эч нерсе сезген эмес эле го. Балким Азат да ошондой эле болгондур. "А Жанарачы?" деп ойлоно кетти, а ал ичти беле? Алып эле отургандай болгон. Баары ага табышмак болуп кала берди.

    *****
    Бир апта убакыт да бат эле өтүп белгиленген күнү чакырылган адамдар сот залына жыйылышты. Бүгүн Илимбеков өзгөчө шайыр, сот келгенче темир тор артында турган Айжанага апенди айтып кулдуруп өткөнгө да жетишти.
    Угуу башталып, талап боюнча толуктоолор корсотулсун делип сот залына Эркиндин кызы психологдун коштоосунда чакыртылган.
    Кыз баарын жакшы сүйлөп, аны окуудан атасына алып барам деп бир аял алып кеткенин баяндап өтөөру менен, сот андан
    - ал аялды ушул жерде отургандардын катарынан тааный аласынбы? деп сурады.
    Кичине кыз тегерене карап, аны жакшы эстей албай калганын айтып ыйламсырап жиберди.
    Эркин кызынын таламын талашып аны коё берип жиберүүлөрун өтүндү эле Илимбеков сөзгө аралаша кетти.
    -Уруксат берсеңиз менин бир суроом бар, кийин болду бул наристени кыйнабайбыз.
    Соттун уруксаты менен айыптоочу далил кылып коргозгон видео жазууну дагы бир ирет коюп берүүсүн өтүндү. Психолог кыз менен кеңешип даяр экенин айткандан кийин, Эркиндин каршы болгонуна карабай катчы жигит туруп барып видео жазууну коюп турдуро баштады.
    Кичине кыз көзүн албай карап туруп жазуу бүткөндөн кийин, эч кимдин суроосун күтпөй эле,
    -мен бул жайды билем, деди.
    -Бул эмне болгон жай кызым?
    Илимбеков өзүнүн суроолорун ушинтип баштады.
    -мени бул жайга атам алып барган. Тагыраагы, кантип барганыбыз эсимде жок. Көзүмдү ачканда атам мени ал жайдан көтөрүп чыгып бараткан экен. Кийин ал кайрадан мени тиги эженин үйүнө алып барып кетип калыптыр, уктап ойгонсом жанымда жок экен.
    -кызым сен жаңылышкан жоксуңбу?
    Илимбеков жумшак сүйлөп кызга суроо узатып жатты.
    -жок. Тигинде атам да, бирок ал эмне деп сүйлөгөнү эсимде жок, деди сомойу менен экран тарапты коргозуп.
    Жактоочу сотко карап мен бүттү дегенчелик кылып бир аз ийилип коюп ордуна отуруп калды.
    Айыптоо тараптан сөз жок, алар мындай бурулушту күтпөгөн болсо керек. Бир аздан соң гана өзүн жыйып,
    -андан кийин сен атаңды дагы көрдүңбу? деп суроо узатты айыптоочу.
    -эженин үйүндөбу? деди кыз анын сөзүн тактап алууну чечкен өңдүү.
    -Ооба.
    -жок атамды кайра ал жайда көргөн жокмун. Келеби деп кутком келбеди. Кийин эжеден мени чакыртып жибериптир.
    -ал үйдө силер эмне кылдыңар?
    -билбейм, мен уктап жаткам.
    Наристе кыз өзүнүн канча күн ал жайда болгонун да билбейт өңдүү. Бир ай ашык, ошончо күн уктап жата бермекпи. "Бул жерде бир нерсе бар" , деп ойлонгончо Илимбеков айыптоочунун оюн окуп тургандай,
    -туур эле айтып жатат го кыз. Экспертиза көргөзгөндөй анын психикасы да ден соолугу да жабыркаган эмес, деди ордунан туруп алдындагы жайылып жаткан кагаздарга карап.
    Сот да алдында жаткан эксперттин жыйынтык кагаздарын бир тиктеп коюп, залдагыларга кайрылды.
    -Дагы суроолор барбы?
    -Урматтуу сот, менин кызым азыркы сөздөрдү кайдан алган билбейм, бирок ал эч качан болбогон сөздөрдү сүйлөп жатат. Алдын кызым мага мындай деп сүйлөгөн эмес. Суранам ал менен мен сүйлөшүп алышым керек.
    Эркин түшүнөн ойгонгон адамдай эми гана ордунан тура калып көзүнө жаш ала сүйлөп кирди. Аны кызынын сөздөрү чындап эле шал кылып койгон эле.
    -мунун баарын ушул кылды. Соомойу менен Айжанага коргозуп. Ал менин кызымды сыйкырлады. Болгону менден качанкы кегин алып жатат, деди ачуулу кыжынып.
    Ушул жерине келгенде Илимбеков аралаша кетти.
    -сизде кандай кеги бар болушу мүмкүн менин жакталуучумдун?
    -сиз да булардын арасында барсыз, сиз анын арам оюн ашырууга жардам бергенсиз, кызымды өзүмө кайрып койгонсунар. Ооба мен жаштык кезде ката кетиргем, күч колдонуп Айжананы намысынан ажыраткам! деп өкүрүп бакырып жатты.
    -Кудай сакта. Жакшы мен ал убакта жанынызда жок болгом, антпесе мени
    ал ишинизге да күнөөлошунуз мүмкүн эле, деп билинер билинбес сүйлөп коюп отуруп алды Илимбеков.
    Сот алып баруучу үстөлгө жыгач таякчасын уруп тынчтанууну сурап,
    -Сиз башка жайда суйлошосуз, бул жерде жеке мамилелер чечилчуу жай эмес, деди да башка толуктоо жок болсо эки тараптын жыйынтыктоо сөздөрүн угууга кезек келгенин айтты.
    Тараптарды угуп болгондон кийин чечим чыгаруу үчүн чыгып кеткен сот көп өтпөй кайрылып келип жалпыга чечимди уктура баштады.
    "Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылган өкүм!... " Далилдердин жетишсиздиги Айжананын актыгын далилдеп, иш кайрадан тергөөдо кароого кайтарылды.
    Ансыз да белгилүү болуп турган жыйынтыкты угаары менен буйрук күтүп турган жаш милиция кызматкерлери Эркинди өздөрү менен алып чыгып кетишти. Илимбеков жылмая Айжананын колун бек кысып темир тордон чыгарып алып, жанаша басып чыгып баратканын көргөн айыптоочу аргасыз башын чайкай ууртуна күлкү алып карап турду. "Карт карышкыр, ушуну көздөп жүргөн экенсиң да. Деги сенде амал түгөнобү" деп кубуронуп алды.

    -Кандай сулуу, ным жерде жатып кыйналып калдын ээ. Эч нерсе эмес баары өттү, эми чындап адилеттүүлүк орноду. Кеч болсо да кылган күнөөсүн мойнуна алганы чын болсун, эми чегинен ашык жазасын алат ал.
    -Рахмат сизге!
    Айжана жактоочусуна карап назик жылмайып койду.
    -Ушуну тим эле койсоң болмок. Баарын өзүң бутурбодунбу, мен болгону кичине оозумду кыбыратып эле сүйлөгөнүм болбосо.
    -Мени түшүнгөнүнүз үчүн, бүгүн эсебиниз толукталат, сүйлөшкөндөй. Азыр болсо экөөбүз жеңишибизди майлашыбыз керек, деп алакан чаап алдыга карай бир эки кадам секирип койду.
    -Жаштык кандай сонун, карачы, деп жаш кары бири бирин кубаттап басып баратышты.
    Илимбеков көңүлүнүн түбүнөн ыраазы болуп турган Айжанага. Анын ойлоп тапкычтыгы, көргөн кордугуна карабай адилеттүүлүгү, ожорлугу, эң башкысы өзүнүн баасын билгенин баалаган. Ушунча жыл өтсө да өзүн тебелеген адамды басып өттү, Эркин ал каалагандай өз ооздору менен качанкы жасаган күнөөсүн мойнуна алды, аны эч ким зордогон жок. Эми Айжана кордолгон учуру үчүн арыз жаза алат.Ушулардын баарын жасап, башка бирөөнү жабыр тарттыртпай кынтыксыз бүтүрүү үчүн көп акыл керек эле. Иши кылып Айжана Илимбековдун да акылын айран калтырды.
    Алар ашканада бет маңдай отуруп чай ичип отурушуп Илимбеков сөз баштап калды.
    -Кудай акы мен акырына чейин күмөн кармап жүрдүм, кыз сен айткандарды айтпай башкача сүйлөп койсочу деп. Сенин ишенимин эмнеде эле?
    -сизде. Айжана ушундай деди. Сиз турганда мен баары бир темир тор артында калмак эмесмин да.
    -жок албетте. Кандай болсо да сени ал жайда таштамак эмесмин, болгону кыз башка нерселерди сүйлөп турса, балким сени таанып койсо деп чочуладым да.
    -Ах байке, мен ошончолук эле акмак коруномунбу. Эртеңки күнү капысынан маңдайыныздан чыгып калсам сиз да мени тааный аласыз деп айта албайм, деп кыткылыктап күлдү Айжана. Кызга келсек ал жанагы видео жазуудагы учурду да эстей албайт, менин жүзүмдү эмес. Ошентсе да мен этияттык менен жүзүмдү боеп барганмын. Кыз бир гана ал жайдан чыгып баратканын жана үйдө өзү уктап жаткан керебетти билет, башка баарын эсинен чыгарган. Муну текшербей туруп коё беришмек эмес, ал адамдар да өз ишинин усталары сиз сыңары эле. Мен эч качан текшерүүдөн өтпөгөн адамдар менен иш алып бармак эмесмин, деп айтып жатып, бул күнгө даярдалган бир катар аракеттерин элесинен өткөрүп жиберди.
    "Наристенин кийинки жашоосуна кедерги бербей турган болсун," деп суранган. Психотерапевтер болсо "жок албетте, бул дары 4 саатка гана таасир берет. Адам каалаганын жасайт бирок эске тутулбай калат ал учурлар. Кийинкисине эч кандай зыянын тийгизбейт. " деп ишендиришкен. Чынында эле ошондой болду, кыздын эсинде калуусу керек болгон учурда гана дарынын мөөнөтүн узартып берип жатышты. Болбосо такай ар төрт саатта тамакка кошуп ичирип жатышкан. Ал кадимкидей ойнойт, сүйлөйт, бирок уктап тургандан кийин эстей албайт.
    Андан аркысын театрга барып, ал жердин башчысы менен сүйлөшүп аткаруучулардан Эркиндин дене мүчөсүнө дал келген эркекти тандап алып кеткен, видео жазууну даярдаш үчүн. Ал эле эмес Эркиндин балдарынын жанында жүрчүү психолог аялга да колу жеткен, өзү кеткен күндөн анын ролун так ошол аял аткарып, өз убагында дарыны берип турбадыбы. Айжана камакка тушоорун да алдын ала билген, жада калса өзүнө каршы күбөлөрдү да даярдабадыбы. Ошентсе да коркуу сезими болбой койгон жок, ошондуктан Илимбековго да алдын ала кайрылып, даярдап койгон. Не бар не жок ал киши өзүн темир тордун артында калтырбасына туура көзү жеткен эле, себеби анын алып барган иштери менен таанышып чыгып, өз кесибинин чыныгы адиси экенине ынанган.
    Анын терең ойлорго чомулуп кеткенин көрүп отурган Илимбеков тишин соруп кызга сырдуу карады.
    -Дагы эмнелерди ойлонуштуруп жатасың?
    Айжана да ага сырдуу карап ойлонуп калды, ичиндеги сырын айтсамбы айтпасамбы дегендей.
    -Эркиндин "шефи"! Ал кандай адам?
    Илимбеков ордунан секирип кетейин жаздап өзүн араң кармап калды.
    -Сен эмне биздин элиталарды четинен кырганы турасыңбы?
    Айжана жактоочунун сөзүн кулак сыртынан кетиргендей, андан ары сөзүн улады.
    -анын аялы негизги "персона" экенин билем. Эгер ал кааласа жолдошу турган ордунан ошол учурда ыгыйт деп угам. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
    Илимбеков сөздү эмнеден баштаарын билбей көздөрүн жулжуйто аны тиктеп отурган, бир кезде анын көздөрү чоң ачыла түштү, кудум коркуп качкан чоң жылан алдынан чыга калгандай. Анын жүзүн көрүп Айжана да чочугандай мойнун артка буруп ал караган тарапка карай берип, алардын так маңдайында эки кишинин коштоосунда
    кирип келе жаткан Арманга көздөрү такала түштү.
    Ооба так өзү. Басканы да ошол ошо бойдон, шамдагай, күлкүсү ачык, артка таралган кара кою чачтары, мезгил өткөнү анын көркүнө көрк гана кошуптур. Гезит, сыналгыдан көргөндө мындай сезимдер болгон эмес, бирок азыр ушул учурда Айжананын жүрөгү кабынан чыгып эле кетейин жаздап турат.
    Илимбеков анын ойлорун бөлүп жиберди.
    -Кандай жолдуу адамсын. Бул сенин шорунбу же жыргалынбы билбейм, бирок издегенин дайым алдындан чыккан кыз экенсиң. Тигине Эркиндин "шефи".
    Ооба Айжана ушул күнгө чейин Арманды жек көрүп, андан качанкы өзүнө жасаган мамилеси үчүн жообун алам деп жүргөн, бирок ал менен бет маңдай чыгууга күч топтоп даяр боло элек экен. Ал депутат болгону үчүн эмес, өзүнүн жүрөгү акылына каршы чыгаарын эске албаганы үчүн…

    Уландысы бар.

Достору

Amin16 Досторду кошо элек

Комментарийлер

Amin16 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июн 2025 12:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: