iiidahou Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 143 (0,06 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (72 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Февраль 19
- Кароолор:
- 109 141
- Соңку аракети
25 Ноя 2024 14:23
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 44 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 29, 1980
- Жынысы:
-
Аялзаты
- Калаасы:
- Bishkek
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 9 Ноя 2024
-Анын боюнда жок экен. Мен общий тааныштардын уктум.
-Эмне?-дедим таныркап карап. Тан калганымдан оозумо соз да келбей, бир саамга унсуз-созсуз туруп калдым.
-Балким, аборт кылып салгандыр. Балким, мамилени кайра улантам деп ойлогондур. Бирок, анын азыр боюнда жок экен,-деди мени карап. Мен жада калса эмне айтаарымды билбей туруп калдым. Эмнеге? Эмне учун? Кантип адамдын сезимлери менен ушинтип ойносун? Балким, ал жон эле Данайды кайтаргысы келип айткан болсо, биз ушундай чон ката жасамакпыз. Азыр балким жаралуу журогум менен калып калаар белем. Аборт жасаган кундо дагы, аны деле кыз катары тушунуп турам, бул жолго барбаса керек.
-Мен башынан ишенген эмесмин. Ал мени канча жолу алдады, ошондо дагы алдап атканын мен анын козунон эле билип койгом. Болду эми, эч кабатыр болбо. Буйруса бизде баары жакшы болот,-деди мени жылмайып карап. Боорум ооруп жургонуно ичим куйуп кетти, кийинчерээк Данайдан ал ага гендер-пати кылган видеосун жибергенин, ал айткан срок менен туура келбешин билгенимде чындап ачуум келди. Эгерде биз жолуккан куну ал 6 жумалык боюмда бар деген болсо, 10кундон кийин гендер пати кылган экен. Ал эми андай кичинекей срокто баланын жынысын аныктоо мумкун эместигин тушунуп калгам. Ошол нерсеге ишенгим келбей, кантип адамдын тагдыры менен ойноп, ушунча калптын кереги бар беле дедим. Мен ал кыз тууралуу жаман дагы, жакшы дагы ойлогум келген жок. Ал нерсени биздин откон кунубузго калтырып, бул теманы ошо бойдон жаптык.
Торт кун эс алган сон кайра Бишкекке жол тарттык.
Келиндик жашоо эми башталды. Тамак жасаганды билбеген жаным, тамак жасаганды уйронуп аттым. Аны менен бирге жумушума барып келип, кунумдук жашоо отуп жатты. Ар бир кун мен учун кызыктуу. Мурда озум жалгыз жашап жургонго дагы, мындай чон уй булого келип жашаган бир чети кызык болду. Атам менен башында конушо албай журдук, ал менден тартынып, мен андан тартынып дегендей. Кийин оз кызындай коруп, жакшы короруно козум жетти. Данай башында мага улуусу болгонум учун, ата-энем менен турбайм, эки ай чогуу жашаган сон, озунчо болунобуз деп берген созу бар эле. Эмнегедир ата-энесинен качып турганы мага дагы кадимкидей байкалчу. Ал жумушу алыс болгону учун эртен менен кетип, кечинде кеч келет. Уйдо болуп жаткан нерселер менен кабары деле жок. Убакыт откон сайын мага апамдын мунозу озгорулгондой сезиле баштады. Баягы башта менин конулум менен болуп, мага жай суйлоп, “Айдана” деп турган апам жок. Мага келип бетиме жаман соз айтпаса дагы, коз караштарынан улам озумду жаман сезинип журдум. Бир куну Данайга айттым.
-Жан, мен сени менен суйлошоюн дегем.
-Угуп атам, алтыным.
-Апам мени жактырбай журот окшойт.
-Апей, муну каяктан алдын?-деди ордунан селт этип.
-Билбейм, сен уйдо жокто мага башкача мамиле жасайт, сен барда башкача,-дедим ыйламсырап.
-Ий, жаным десе. Мамамдын характери озу эле ошондой. Конул бурбай эле, айтканын макул деп коюп, озун туура коргондой жасап журо бер,-деп мени жооткотуп койду.
-Качан кетебиз?
-Азыр болбой атат, бир аз чыдап койчу. Буйруса кетебиз,-деген мен угуп жургон созун айтты да калды.
-Апамды жамандап атат деп мен жонундо жаман ойлобо. Эгерде ал мага бир нерсе десе, мен апам менен кайым айтышып, баарына жаман атты болгум келбейт. Мен ага унчукпайм, бирок катуу кетип баратса, сен озун суйлош,-дедим да ошо менен соз бутурдум. Негизи апам жакшы, кээде жакгы суйлошуп отурабыз, бирок мени “келин” деп эле уйдогу оокаттын баарын мага артканы жакпайт. Кээде мени жактырбагандай сезилет, бирок бара-бара ага деле конуп, болгон мунозу ошол экенине козум жетти. Кызым деп кайрылбаса дагы, “апа” деп сыйлаганыман жазбадым. А атам жонундо айтып отурсам соз тугонбойт, мен озум атасыз оскон учун, болгон аталык мээримди, жылуулукту, колдоону кайнатамдан сездим. Кызым деп турат дайым, менин ден-соолугумду, конулумду гана ойлоп турат. Ошон учун ал адамды мен ого бетер сыйлайм, урматтайм. Данайдын бир туугандары дагы сонун, колдон-буттан алып, мени женелегенден жазышпайт. Бирок, канчалык анын уй-булосу жакшы болуп, мени жакшы кабыл алганы менен мен озунчо болунуп кетким келди.
-
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 8 Ноя 2024
Той аяктаарга жакын биз атайын даярдаган жай бийибизди тартууладык, андан кийин суйуу баяныбызды корсотушту. Бул куну бизден откон бактылуу адамдар жок эле. Создор тугул, унсуз бирибизди бирибиз карап алып бактылуубуз. Ошого карабай бир сыйкырдуу жомокко тушуп калгандай, бул менин тоюм эмес эле, башка бироонун тоюнда жургондой жыргап журо бердим. Той да аяктады. Кызыгы мени узатып жатышып, туугандарымдын бири дагы ыйлабады. Ошон учун мен дагы бир да тамчы коз жашымды агызбай, сонун маанайда машинага отуруп кете бердим. Уйго жеткен сон, Данай машинанын эшигин ачып, короого кирдик. Кулакты жанырткан музыка, жайнаган жаш балдар, таттууларды чачкан женелер тосуп алышты бизди. Данайдын таенеси сары май которуп чыга келди, мен аны тан кала караганымда: -Акырын оозунду тийгизип кой,-деп шыбырады мага Данай. Оозумдун учуна тийгизип, башымды тартсам, таене кайра мага кашыкты сунду. Конулум айланып, сары майды аран жуттум. Данай артын карап, оозундагы майды тукуруп салды. Эшиктин алдынан Данайдын чон апасы апапакай жоолук менен тосуп алды.-Садага кетейин, бактылуу бологой алтыным,-деп бетимен уч жолу ооп, жоолугун салды. Андан ары кошогого апам коштоп кирдик. Жаныма кичинекей кыздар менен Данайдын досунун келинчеги кирди. Суйлошуп отурдук. Молдо келип никебизди кыйды. Ортобузду кошого тосуп турат, ары жакта Данай менен кимдер отурганын деле билбедим. Менин жанымда баягы аяш кыз отурду. Анан эле баардыгына кызык болгон махр темасы башталды. Ичимен бул жонундо эбак эле ойлонуп койгом. Жаны турмуш жолуна аттанып, кыйынчылык менен жакшылыкта чогуу боло турган жолдошумду кыйнагыи келбеди.-Озу эмнени туура корсо, ошол нерсени алып берсин,-дедим унумду жай чыгарып.-Бмв х5 де, же 3 комната квартира сура, кызым,-деп ары жактан атам (кайнатам) тамашалап кулду. Мен да ичимен акырын кулуп койдум.-Сиз ала турган нерсениздин атын айтышыныз керек,-деди молдо. Ошондо бир азга ойлонуп калдым. Чынында эмне сураарымды билбедим. Оюма эч нерсе келбегендиктен, жон эле алтын шакек сурадым. Чыныга куюлган сууну баарыбыз ууртап чыккан сон, адамдар тарады. Улам бири кирип, мага жоолук салып, бетимен ооп куттуктап кетип атышты. Мына мен эми суйгон жар, суйуктуу жубай, келин атандым. Айланамда болуп жаткан нерселерге карабастан, менин омурумдун жаны барактары ачылганын, эми коп нерселер озгорулорун озум да тушунбой, жомокто жургондой журо бердим. Танга жакын уйдо жургон коноктор тарады. А биз ушунчалык чарчагандыктан жон эле уйкуга кеттик.Тойдон уч кун отуп, эс алганы Ысык-Колго кетип калдык. Биздин тынчыбызды эч ким албайт, колдун жээги тынч. Куз жакындап калган учун, эс алып баргандар да аз. Тойдон чарчап, баардые кучубузду тойго гана жумшаган сон, эми бири-бирибизге убакыт тапканга чамабыз болду. Колду жээктеп сейилдейбиз, кечинде кино коруп эс алып аттык.-Жаным, билесинби мен сага баары жакшы болот деп айткам,-деди мени чекемден ооп. Мен ага карап жылмайып койдум. -Сени баары бир алып кетем дегем, созумо турдум. Анан…-деп ойлонуп туруп калды.-Эмне болуп кетти?-Билесинби мен тиги кыздын боюнда бар экенине ишенбей койгом. Ошол чын чыкты.-Тушунбодум эмне чын чыкты?-дедим ордуман тура калып. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 4 Ноя 2024
Саат 12ден отуп калды. Курбуларым да келип калышты. Саналуу гана курбуларым бар, алар менен ушунча жылдар бою достошуп журуп, жалгыз менин гана суйлошкон жигитим жок болчу. Эми мынтип баарынан биринчи мен турмуш жолуна аттанып отурам. Ангыча кочолорду жаныртып сигнал берген машиналардын уну алыстан угулду. Женелерим менен синди, курбуларым баары чуркап чыгышты. Музыканын уну жанырып, той ыры менен Данайдын дагы достору кирип келишти. Мен пардалар тосуп турган терезеден уурданып сырт тарапты карап отурдум. Коз ачып жумгуча жымжырт болуп турган короо шаан-шоокотко, ыр менен бийге айланды. Козум менен Данайды издеп, таппай койдум.
-Данай корунбойт го?
-Ага корундук бергиче чыкпайт да,-деди жанымда турган курбуларымдын бири. Менин женелерим менен куйоо жолдоштор ызылдашып отуруп, акыры Данай машинадан капкара костюм шым кийип, супсулуу болуп алып чыкты. Ошондо дагы чын эле ушул таптакынакай жигит менин бир нече сааттардан кийин официалдуу турдо жолдошум болгону турабы деп ишене албайм го. Болмодо жарым сааттай отурдум. Бир кезде Аделя чуркап кирди.
-Эшикти жапкыла, азыр сизди коргону киришет,-деп эшикти ичинен бекитип койду. Ызы-чуу болуп той ыйларын ырдап которулушуп, эшиктин алдында турушту. Алар менен соодалашып турган менин бир тууган синдим. Кичинекей кезибизден бери эгиздердей чогуу оскон, бир жаш кичуу экенине карабай, мени дайым колдоп, коргоп жургон таянаар адамым. Гулзар дайыма менин эжем сыяктуу болчу, мендей жоош эмес, эркек муноз, баарын бетке айткан кыз. Турмушка чыгаарымды укканда аябай кыжаалат болуп, мени алып кете турган адамды озунун сынынан откоруп, бирок Данайды таптакыр жактырбай койгон. Бугун тоюмда баары менин конулум менен болсун деп, ичи ачышканына карабай буту-бутуна тийбей чуркап, жузунон жылмаюусун кетирбей сый корсотуп журот. Акыры ызылдап отурушуп болмого киришти. Мына, дагы бир жолу журогум шуу дей тушту. Данай досторунан кийин кирип келип чекемден ооп колундагы ак розалардан жасалган кооз букетти сунду. Баардыгы мени карашат, кызыгы достору да, Данайдын женелери да мени биринчи жолу коруп жатышат. Коз караштар кобойгонго уялып, козумду ылдый тушурдум. Апам ак батасын берип, жылуу жылмаюусу менен мени Данайдын колуна тапшырды. Машинага отуруп андан ары жаштардын гулянкасына кеттик.
Данай акырындан мени достору менен тааныштырып жатты. Ал менин колумду кармап, жанымда экенин сезгенимде жанагф коркуу, толкундануу сезимдеринин баары бир заматта жок болуп кетти. Болгон койгойум так той башталаар астында уйкум келип, козум жабышып баштаганы. Гулянка дагы мыкты денгээлде отту. Саат 6га ресторанга барып калдык. Коноктор чогула элек экен, биз машинада кутуп отурдук, анан алар кирип болгон сон бизди кутуучу болмого кируубузду суранышты. Биз жетелешип ресторандын эшигин ачтык. Суроттордун коруп жургон атам (кайнатам), апам(кайненем) жана озумдун мамам катар туруп тосуп алышты. Атамды омурдо биринчи жолу корушум, буга чейин суроттордон гана коргонмун. Мага жылмайып карап, башын ийкеди. Мен дагы башымды ийкеп жооп кайтарып, жанына баргыча болбой, апам( кайненем):
-Азыр силер чыгасынар. Экинчи этажга чыккыла,-деп шаштырды. Биз кол кармашкан бойдон тез эле устуно которулуп чыгып кеттик. Бир сыйра кузгуго каранып, озумду ирээтке келтирип чыгууга даярдандык. Тамада бизди чакырган сон, Данай экообуз залдын эки жагынан тепкич менен сахнага жай музыканын коштоосу менен ылдый туштук. Ордунан кол чаап кутуп турган зал толгон эл, журогум дукулдугону тездегенден тездеди. Бизди официалдуу турдо аялы-куйоосу деп жарыялап, эн алгачкы документ ЗАГСыбызды алып, нике шакектерин тагындык. Андан кийин апам ак жоолугун салып, тойго келген элдерге уч жолу жугундук. Кызыгы, Данай экообуз тен тоюбуз адаттагыдай эмес, башкалардыкынан айырмаланып турсун деп жар-жардан баш тарттык. Биз жон гана музыканын коштоосу менен залды аралап оз ордубузга басып кеттик. Сонун каалоо-тилектер айтылды, тоюбуз эч уруш-талашсыз, сонун маанайда отуп жатты. Мамам антракт убагынды биз отурган столго басып келип, жаныбызга отурду.
-Кызым, Данай балам, мен силерди той башталгандан бери карап отуруп, аябай суктандым. Мен чынында коркком, кызым кандай жерге барар экен деп коркком. Бирок, бугун мен бирин-бири суйгон эки жашты коруп, чын эле батамды берейин деп чечтим. Бактылуу болгула балдарым. Экоон бири-бирине жарашып, дайыма кол кармашып эле журо бергиле,-деп мамам бизди бетибизден ооп ары басып кетти. Журогум ылдыйлап эле калды. Мына эми мамам мени чын журогу менен узатты. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 4 Ноя 2024
Кыз узатуу каалаган жокмун, менин оюмча бир кундук майрам учун, толтура акча кетирип, ысырапчылык кылууну туура корбодум. Ата-энелер баардыгы заманбап болсун деп калын, сеп жок болсун деп суйлошушту. Канча кундон бери кызыктай абалда журом. Ичимен тиги кыз оюман кетпейт, туура кадамга бардымбы дейм, кийин окунбоймунбу деп ойлойм, кайра журогумо багынып, ал адамды суйгондон кийин артка жол барбы деп коем. Кун откон сайын ойлор мениг мазамды алды. Же тун ичи уйкум жок, танга маал 1-2 саатка козум илинет да, кайра тан атпай даярдыктар менен чуркап журмой. Жумушум эбак унутулуп калган. Каткан акчаларымдын баары короду, чонтогумдо бир ашыкча тыйын жок. Баардык чыгымды апам жалгыз жаап жатканына ичим ачышып кетти. Бизди жалгыз остургону аз келгенсип, эми мынтип менин тоюмду откором деп чуркап журот. Апам баарына коз жумду, тун кызымды узатып аткандан кийин баары жогорку денгээлде болсун деген ою.
Мына той да куну келди. Тан атпай синдилерим менен салонго жонодук. Дагы бир саат уктап турган сон, салондо козум илинип кетип атты. Бугун менин кунум, менин тоюм деген сезимдин бир тамчысы дагы жок го? Данай достору менен саат 11де уйго келишмек. Менин салондон чыкканым 11ге чукул болду. Ага жазсам, 20 минутада жетип барабыз деди. Апам мени Байтиктеги чон уйунон узатам дегенинен, мен шаардан Байтикке баргыча 12 болот.
-Жаным, бир аз кечигип баргылачы. Мен салондон эми чыктым,-дедим ага телефондон. Синдимди (аталаш тууган) подруга невесты кылып дайындагам. Анын суйлошкон жигити менен баратабыз, Байтикке кетчу жолдо машина аз болгондуктан, учуп бараткандай эле болдук. Бир кезде козум илинип кетиптир.
-Айдана эже, турунуз. Биякта жездемдер журот!-деген Аделянын унунон ойгонуп кеттим. Машина заправкага токтогон экен, бизден 50 метрдей алыстыкта турган жайнаган машинаны коруп, озумо келдим. Бери жакта бизди коздой басфп келаткан Данай. Карасан, так бир заправкага келип токтогонубузду!
-Аделя, кет де. Мени корбосун, койногумду кие элекмин!-деп башымды ылдый каттым. Синдим тушуп, Данай менен суйлошуп, ал кайра ары басып кетти. Биз кайра жогорку ылдамдык менен уйду коздой жонодук. Журогумдун лакылдап чыкканын. Эмне мынча толкунданып алдым? Балким чочуп ойгонгонуманбы? Же чын эле Данайды коруп толкунданып кеттимби? Уйго келип акырын дарбазанын эшигин ачтым. Апам озу салган зангыраган 2 этаж уй, ушул уйдо канча жашайм деп кыялданып, эми мынтип бул уйдон дароо узатылып кетип жатам. Уйдон апамды коштоп женелерим чыккан, баары куттуктап бетимен обушуп, мени оз болмомо узатышты. Апапакай койногум илинип турат. Акырындык менен аны кийип, кузгудон озумо тигиле карадым. Чын эле турмушка чыгып жатамбы? Таптакыр ишене албай турам, уч уктасам дагы уч ай тааныган жигитке турмушка чыгып кетем деген нерсе тушумо кирбептир. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 2 Ноя 2024
Июль айынын башында биз ата-энелерибизди тааныштырдык, кызыгы, апаларыбыз мурда тааныш болушкан. Апам акыры “кызым, азыр сенин журогунду оорутуп алып, кийин сени турмушка чыкпай коебу деп корком. Эгерде чын эле ал жигитти суйгон болсон, мен сага батамды бердим” деген созго келген. Той август айын коюлду. Той темасын айтып отурсам, аябай соз коп. Кадимкидей эле даярдык, уруш-талаш, ызы-чуу, кайра ынтытымакташып даярдык кордук дегендей. Данай мага колумду сурап алгач шакегин такты, андан ары кайра эле тойго даярдана бердик. Уйдогулор тойго макул болгондору менен, баары бир Данайды жактырбай журушту. Мен башында жаман болуп, аны мактоонун айласын издеп жургон болсом, кийинки кундору этибар деле албай калдым. Башкысы жашай турган адам менмин, эгерде жаман болсо анда азапты озум тартканым, тандаган озум деп чыдап жашаармын. Жакшы болсо, анда менин тандоомдон жанылышпаганым.
Тойго канчалык убакыт аз калган сайын, ошончолук мени бир нерсе ойлондура баштады. Данайдын мурунку суйлошкон кызы балким той алдында боюмда бар деп чыга калабы дедим. Корктум. Данайды жоготуудан корктум. Ал кыздын дагы абалын ойлонуп, мен бир нерсени туура эмес кылгандай боло бердим. Анын устуно мага дагы коюла элек дигноз ого бетер ойго салып жургон. Бой жеткенден тарта ден соолугум менен койгойлор болуп, гормоналдык таблеткаларды ичкеним бар. Анын устуно биз Данай экообуздун мамилебиз баштала электе эле мен анык диагноз азырынча коюла элегин, врачтар балалуу болуу мумкунчулугу аз экенин айткандарын ага тушундуруп, эгерде ошол нерсеге макул болуп, мамилесин уланта турган болсо анын чон тобокелчиликке барарын айтып эскерткем. Ошондо Данай:
-Баары жакшы болот. Эгерде Жараткан буйруса, биз созсуз балалуу болобуз,-деп мени жубатканы бар. Мен анда Данайдын эркектик мунозуно, мени тушунуп, мага колдоо корсотконуно аябай баа бергем. Баардык эркек мындай кадамга бара бербейт. Анын сынарындай мени дагы ушул байланышкан эки нерсе мазамды алчу болду.
-Данай, мен корком,-дедим бир куну. -Эгерде ал кыздын чын эле боюнда болсо, ал баланы баары бир жалгыз тарбияласа керек. Канча жыл суйлошуп журуп, ушундай абалда таштап салганын учун, Кудай мени урбастыр. Бала менен сынай корбосун, озум мынтип ооруп журсом, корком, Данай.
-Эмнеге коркосун? Андай ойлорунду кой.
-Каргыш деген нерсе бар.
-Андай нерселер отпойт. Коп башынды оорута бербе, айттым го, баары жакшы болот деп. Жаман ойлобочу, суранам,-деген ал. Бирок, бул создору баары бир мени тынч калтырган жок. Оюмдан кетпей тура берди.
Коз ачып жумгуча август да келди. Тойго даярдык деп журуп, Данай экообуздун дагы жолугушууларыбыз азайып кетти. Акыркы кундору маанайым суз журдум, эч ким менен суйлошкум келбейт, тункусун уйкум качат, эч нерсе жактырбай эле, кызыктай абалда калдым. Ак койногумду эбак эле тандап койгом, ошондо дагы турмушка чыгып жатканыма ишенбедим. Баардык эле кыздардын ичинде ушундай тушунуксуз сезимдер болсо керек.
Комментарийлер
Emilia.kg
16 Июн 2020 - 20:29